Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин Би-Би-Си радиосунун кабарчысы менен 1999-жылдын 20-майындагы дил маеги


Суроо:  Президент мырза, менин куттуктоомду кабыл алып коюуңузду өтүнөмүн. Бул бир жагынан кош куттуктоо да болуп калат. Анткени, Сиз тагдырдын жаңы сыноосунан ийгиликтүү өттүңүз. Ал эми экинчи жагынан, Сизди Туркияда Мустафа Кемал Ататүрк атындагы тынчтыктын Эл аралык сыйлыгы күтүп жатат. Сиз ушул сыйлыкты качан алганы жатасыз?

Жооп: Ыракмат. Кутттуктаганыңыз үчүн ыраазычылык билдиремин.

Мен Туркияга бүгүн кетип баратам. Турк программасына ылайык, аларда кабыл алынган мыйзам боюнча Мустафа Кемал Ататүрк атындагы тынчтыктын Эл аралык сыйлыгы 19-майда тапшырылат, анткени, 19-май  - бул Мустафа  Кемал Ататүрктүн жүрүшү Самсундан башталган күн, күрөштүн башталган күнү. Бул майрам күн. Бирок мен ал күнгө үлгүрбөй калдым, Калыбы, кандайдыр-бир башка күн белгиленет жана сыйлык мага тапшырылат. Башкысы – сыйлыкка татыктуу болуу, ал эми аны кайсыл күнү аларың анча маанилүү эмес.

Суроо: Президент мырза, Сиз Америкада Роберт Кочарян менен жолугуштуңуз, ушул жолугушуудан кийин Армениянын президенти биздин Вашингтондогу кабарчыбызга ушул жолугушуу жалпысынан абдан натыйжалуу болду, анткени, мен  ушул жолугушуудан кийин Президент Гейдар Алиевди жакшы түшүнүп калдым деп айтыптыр. Сиз ушул жолугушуудан кандай тыянак чыгардыңыз?

Жооп: Мен дагы ушул жолугушуунун маанилүүлүгүн жана натыйжалуулугун ырастап кетемин. Мен дагы ушундай эле пикирдемин.

1994-жылы мен Роберт Кочарян менен бир нече жолу жолугуштум жана ал Армениянын Президенти болуп шайлангандан кийин, биз Москвада эки жолу жолугуштук. Бирок Вашингтондогу жолугушуу кыйла натыйжалуу болду, анткени  ал мени жакшы билип калды жана мен дагы аны жакшы билип калдым. Башкача айтканда, менде аны таанууга мүмкүнчүлүк бар жана ушунун өзү мага биздин сүйлөшүүлөрдө белгилүү бир даражада алга жылыш болот деген  ишеним берет.

Суроо: Президент мырза, Сиз Бакудан кетериңиз менен Азербайжанда кандайдыр-бир даражада бийликте боштук өкүм сүрүп калгандай сезилип кетет. Башкача айтканда, Сиздин өлкөнүн чегинен тышкары болгонуңузга карабастан, албетте, Сиз бардык проблемалар жана маселелер боюнча кабардар болоруңузга ишенем, бирок биздин радио угуучулар жана көптөгөн адамдар, Бакудагы адистер ушуну байкап, сезип жатышат жана ошондуктан мындай деп айтышууда, эгерде Президент Конституцияга ылайык өзүнүн милдеттеринин бир бөлүгүн кимдир-бирөөгө жүктөп койсо, анда ушунун өзү Азербайжандагы саясий кырдаалды жакшыртууга, анын натыйжалуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт эле.

Жооп: Сиздин айткандарыңызбы – башкача айтканда, мен билбей жатам, ушул Сиздин айткандарыңызбы же Сиздин радио угуучулардын айткандарыбы – ал жаңылыштык. Азербайжандагы бийликте эч кандай боштук жок. Бийлик толугу менен өз ордунда.

Мен Америка Кошмо Штаттарына расмий иштерге байланыштуу бардым. Бир жумадан ашык мен ушул иштер менен алектендим. Андан соң, хирургиялык операция маалында мен болгону бир күнү Баку. Азербайжан менен байланышкан жокмун. Ал эми башка мезгилде мен өз ишин аткарып жаткандар менен ар дайым телефон менен байланышып турдум. Маанилүү маселелер боюнча алар менден консультация алып турушту, мен аларга зарыл көрсөтмөлөрдү берип турдум.

1993-жылдан, мен Азербайжанга жетекчилик кылган мезгилден тартып мен ушунчалык узак убакыт боюу өлкөдөн алыс кеткен эмесмин деп белгилеп кетемин. Бирок ушуну менен бирге бул мен үчүн да, биздин өлкө үчүн да чоң сыноо болуп калды. Демек. Мен өлкөнүн чегинен тышкары, балким мындан да узак убакыт жүрө алат экемин. Биздин бийлик биротоло калыптанды. Ар ким өзүнүн ишин кылып, өз жумушун аткарып  жатат жана  мен ушул айдын ичинде Азербайжандын бир дагы жагында эч кандай начарлоо жок деп айта аламын.

Мен Милли межилистин төрагасы, премьер-министр, Президенттин аппарат башчысы, көптөгөн министрлер, Баку шаарынын аткаруу бийлиги менен күн сайын телефон менен сүйлөшүп турамын. Алар мага баарын баяндап турушат жана ар бир жолу иш жакшы жүрүп жатат деп айтышууда. Алардын отчеттору боюнча, ошондой эле мен башка булактардан алынган маалыматтар боюнча  мына ушул биздин эң зор жетишкендигибиз деп эсептеймин. Башкача айтканда, Азербайжанда  туруктуулук, бекем коомдук-саясий туруктуулук толук орноду жана аны бузууга, өзгөртүүгө болбойт. Менин дартым  мага гана таасир тийгизген жок, ал ошону менен бирге биздин жалпы мамлекеттик иштеги сыноолордун белгилүү бир мезгили болуп калды. Биз мына ушул сыноодон ийгиликтүү чыгып жатабыз.

Кабарчы: Эң сонун Президент мырза, Сизге ыраазычылык билдиремин.

Гейдар Алиев: Ыракмат. Мен дагы Сизге ыраазычылык билдиремин

«Бакинский рабочий» гезити, 1999-жылдын 25-майы