Азербайжан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына - Баку шаары, 1999-жылдын 25-июну


Урматтуу генералдар, адмиралдар, офицерлер, прапорщиктер, мичмандар, сержанттар, солдаттар, матростор!

Сиздерди Азербайжан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын, сиздердин баардыгыңыздарга өзүмдүн жакшы тилектеримди билдирип кетемин.

Көз карандысыздык мезгилде биз жеңип алган маанилүү жетишкендиктердин бири өзүбүздүн Улуттук армияны түзүү болуп калды. Акыркы 8 жылдын ичинде биздин Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамынын аскердик жөндөмдүүлүгүн, техникалык даярдыгын жогорулатуу Азербайжандын коргоонуу кубаттуулугун олуттуу күчөттү, армияны түзүүдөгү, окутууларда, аскердик даярдыкта жетишилген ийгиликтер, майдан болуп жаткан региондордогу биздин жоокерлердин душман менен бетме-бет кагышып, агрессияны болтурбай коюудагы каармандыгы биздин бардыгыбызды чын жүрөктөн кубандырат. Азыркы мезгилде бизде кубаттуу, заманбап курал жана техника менен жабдылган армия бар, жогорку даярдыктагы командалык жана өздүк курам бар.

Азыр биздин Улуттук армия өзүнүн Мекендин, элдин, мамлекеттин алдындагы ардактуу миссиясын эң сонун түшүнөт, өзүнүн жеке, аскердик жана моралдык даярдыгын ар дайым жогорулатуу менен, өзүнүн милдеттерин татыктуу аткарып жатат. Биздин Куралдуу күчтөрдүн ар бир жоокери күчтүү, кубаттуу армия Азербайжандын мамлекеттик көз карандысыздыгын коргоонун, биздин өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүнүн негизги фактору, тынчтыктын жана бейпилдиктин кепилдиги болуп эсептелерин эң сонун билет.

Мекенди коргоого, өлкөнүн коргоонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга жөндөмдүү Куралдуу күчтөрдү түзүү жана анны ар дайым жогорулатуу мамлекеттин гана эмес, анын куралдуу күчтөрүнүн да иши болуп саналат. Азербайжандын ар бир жараны өзүнүн Мекендин, көз карандысыз Азербайжандын алдындагы ыйык парзын түшүнүү менен, өзүнүн аскердик милдетин ар-намыс менен аткарууга, армияны түзүүгө ар тараптан жардам көрсөтүүгө тийиш.

Мына ушул майрам күнү Азербайжандын эгемендүүлүгү, көз карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү жана мамлекеттүүлүгү үчүн шейит кеткен балдарыбызды дагы бир жолу жакшы түшүнүп турам жана алардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен, алардын эстелигине башымды ийип таазим кыламын.

Биздин Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамы мындан ары да Мекендин, элдин алдында берген аскердик антына ишенимдүү болуп, ар кандай учурда үлгүлүү кызматы менен биздин жерлерди душмандан бошотууга даяр турат, биздин шейиттердин арбагын ыраазы кылат деп ишенемин.

Биздин Улуттук армиянын ар бир жоокерине ден соолук, бакыт, үй-бүлүлүк ынтымак, биздин республиканын эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын чыңдоо, анын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү, биздин Мекендин коргоонуу кубаттуулугунун өсүшү үчүн ийгиликтерди каалаймын.

Гейдар Алиев

Азербайжан Республикасынын Президенти,

Куралдуу күчтөрдүн Жогорку башкы командачысы

«Бакинский рабочий» гезити, 1999-жылдын 26-июну