Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин Америка Кошмо Штаттарынын Президенти, Улуу урматтуу мырза Уильям Дж. Клинтонго кайрылуусу - Баку, 1999-жылдын 8-февралы


Урматтуу Президент мырза!

Сизге армян-азербайжан чыр-чатагын жөнгө салууда прогресстин болбой жаткандыгына өзүмдүн терең тынчызданып жатканымды билдиргим келет. Мурдагыдай эле Азербайжандын аймактык бүтүндүгү бузулган бойдон калууда, Азербайжандын жерлеринин 20 пайызы дагы эле армян куралдуу күчтөрүнүн оккупациясы алдында калууда, өз жерлеринен күч менен куулуп чыккан бир миллион азербайжандык качкындар, мына беш жылдан бери көптөгөн азаптарды баштан кечирип жатышат. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин оккупацияланган аймактардан армян куралдуу күчтөрүн кыңк этпей чыгарып кетүү талабы бар №№ 822, 853, 874, 884 резолюциясы аткарылган жок.

Белгилүү болгондой, чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү максатында 1992-жылдын майында ОБСЕнин Минск тобу түзүлгөн жана келечектеги тынчтык конференциясынын мандаты аныкталган. Конференцияда Армения менен Азербайжан чыр-чатактын тараптары, ал эми Тоолуу Карабахтын азербайжан жана армян жамааттары таламдаш тараптар деп табылган. Ушуга карабастан, Армения Республикасынын 1988-жылы Азербайжанга каршы баштаган агрессиясы андан ары улантылды жана Тоолуу Карабах автономиялуу облусу менен катар Азербайжандын дагы жети ири району оккупацияланды.

Өткөн жети жылдын ичинде Минск тобунун алкагында сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуу процессин түзүү үчүн көптөгөн кү-аракеттер жумшалды. Бирок Армения Республикасынын деструктивдүү позициясына байланыштуу сүйлөшүүлөр ар дайым туңгуюкка келип такалып, эч кандай оң натыйжаларга алып келген жок.

Биз тараптан көрүлгөн күч-аракеттердин жана ушул күч-аракеттерге Минск тобу тарабынан колдоо көрсөтүүнүн натыйжасында 1994-жылы ок атууну токтотуу режимине жетишилген, ал ушул кезге чейин улантылууда.1994-жылдын декабоында ОБСЕнин Будапешттеги саммитинде чыгарылган регионго келүүгө жана куралдуу чыр-чатактын кесепеттерин жоюну камсыз кылууга тийиш болгон эл аралык көп улуттуу күчтөрдү түзүү жөнүндө чечим, ошондой эле 1996-жылдын декабрындагы ОБСЕнин Лиссабондогу саммитинин тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин чыр-чатакты жөнгө салуунун эл аралык укуктук базасын аныктаган чечимдери, армян-азербайжан чыр-чатагын адилеттүү жөнгө салуу үчүн өзгөчө маанилүү болгон ири саясий жетишкендик деп эсептелиши мүмкүн. Бирок Армян Республикасы тарабынан улантылган обструкциянын жана ОБСЕнин аны тартипке чакырууга жөндөмсүздүгүнүн натыйжасында ушул саммиттердин чечимдери аткарылган жок.

Белгилүү болгондой, 1997-жылдын 1-июнунда ОБСЕнин Минск тобунун тең төрагалары, Россиянын, АКШнын жана Франциянын атынан, чыр-чатакты чечүүнүн лиссабондук принциптерине таянуу менен, эки бөлүктөн - куралдуу чыр-чатакты токтотуудан жана Тоолуу Карабахтын статусун аныктоодон турган ар тараптуу макулдашуунун долбоорун беришти. Азербайжан тарап тең төргалардын бул сунуштарын кабыл алганы менен, Армения буга макул эместигин билдирди. Армения Азербайжан Республикасынын аймактык бүтүндүгүн тааныгысы келбей, ошондой эле Минск конференциясы чакырылганга чейин Тоолуу Карабахтын статусун аныктоого жол берилбей турганына шылтоолоо менен тең төрөгалардын сунуштарын четке какты. Айтмакчы, 1997-жылдын 20-июнунда АКШдагы белгилүү Денвер жолугушуусунда Россиянын, АКШнын жана Франциянын президенттери атайын билдирүүсүндө ушул сунуштарды колдой тургандыгын билдиришкендигин белгилей кетүү керек.

1997-жылдын 19-сентябрында Минск тобунун тең төрагалары чыр-чатакты этабы менен жөнгө салууну караган, жаңы, Лиссабон саммитинен кийинки экинчи сунушун беришти. Ушул сунушка ылайык Азербайжандын мурдагы Тоолуу Карабах автономиялуу облусунун администрациялык чек араларынын чегинен тышкары жайгашкан Лачин районунан башка, оккупацияланган алты районду бошотуу, ОБСЕнин тынчтыкты сактоого багытталган операцияларын жүзөгө ашыруу, качкындардын бошотулган аймактарга кайтып келиши, ошондой эле Армениядагы жана ал оккупациялап алган Тоолуу Карабахтагы жашоо - турмуш үчүн маанилүү болгон коммуникацияларды калыбына келтирүү каралат. Андан кийин, экинчи этабында, куралдуу-чыр-чатактын кесепеттери жоюлгандан кийин, тараптар Азербайжан Республикасынын курамындагы Тоолуу Карабахтын статусун аныктоо жана анын коопсуздугу үчүн чараларды көрүү боюнча иш жүргүзүүгө тийиш болушат.

1997-жылдын 10-октябрында Азербайжан менен Армения эки өлкөнүн президенттеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр процессин 1997-жылдын 19-сентябрындагы сунуштардын негизинде улантууга макулдук беришти, мунун өзү бизге чыр-чатакты адилет чечүүгө жетишүү үчүн сүйлөшүүлөр процессинин ийгилигине ишенүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бирок Армениянын Президенти Левон Тер-Петросяндын отставкасы жана Армениянын жаңы жетекчилигинин катаалдашкан позициясы сүйлөшүүлөрдү ушул адилеттүү негизде улантууга мүмкүнчүлүк берген жок.

Узакка созулган тыныгуудан кийин Минск тобунун тең төрагаларынын өкүлдөрү, сүйлөшүүлөр процессин жандандыруу максатында 1997-жылдын 9-ноябрында үчүнчү жолу сунуш беришти, бул сунуш азербайжан тарапты абдан нааразы кылды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Бул сунуш дүйнөлүк практикада жок болгон "жалпы мамлекет" идеясына таянган жана ал ОБСЕнин эки саммитинде бекитилген чечимдерден жана принциптерден келип чыга турган мурдагы позициядан четөө болуп саналат. Бул сунуш иш жүзүндө Тоолуу Карабахты республика формасындагы мамлекеттик аймактык структура катары бөлүп көрсөтөт жана ойдон чыгарылган "жалпы мамлекеттин" алкагында ага Азербайжан менен бирдей статус берет. Ошол эле мезгилде мына ушул "жалпы мамлекет" Азербайжандын эл аралык таанылган чек араларынын алкагында түзүлөт деген шилтеме, Азербайжандын эгемендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү үчүн кепилдиктерди бербейт, иш жүзүндө аларды бузат.

Мен ортомчулардын ойлонулбаган аракеттери, шексиз түрдө жөнгө салуу процессине олуттуу зыян келтирди жана аны артка тартып салды деп эсептеймин. Мына ушунун өзү бизде терең тынчсызданууну пайда кылууда, атап айтканда, бир нече жолу билдирилгендей, Россия Федерациясы Армения Республикасын күчтүүлөп куралдандырууну улантып жатат. АКШнын бир миллиард долларына куралдарды мыйзамсыз берүүнүн артынан .Россиянын Арменияга МИГ-29 самолетторун жана С-300 ракеталарын бериши муну ачык далилдеп турат.

Менимче, эгерде тең төрагалар чечкиндүүлүк кыла алышпаса, эгерде АКШнын, Россиянын жана Франциянын жетекчилери таасирдүү чараларды көрбөсө. анда армян-азербайжан чыр-чатагын адилет жөнгө салууга жетишүү мүмкүн эмес.Дүйнөнүн 53 мамлекети добуш берген Лиссабон саммитинин принциптерине ишенимдүү болуу өзгөчө мааниге ээ болот.

Мына ушулардын баарын эске алуу менен, урматтуу Президент мырза, мен Сизге ОБСЕнин Минск тобунун тең төрагасы катары да кайрылып жатамын жана дүйнө жана Европадагы туруктуулук үчүн олуттуу коркунучтун булагы болгон ушул узакка созулуп кеткен чыр-чатакты Лиссабон саммитинин принциптеринин негизинде тез аранын ичинде жөнгө салуу үчүн өзүңүздүн жеке ишиңизди, ошондой эле Сиздин өлкөнүн тышкы саясий ведомствосунун ишин күчөтүүнү абдан суранып кетемин.

Урматтоо менен,

Гейдар Алиев,
Азербайжан Республикасынын Президенти. 

Литва тилине "Бакинский рабочий" гезитинин 1999-жылдын 17-апрелиндеги санына жарыяланган орусча тексттен которулган.