Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин Ходжалы геноцидинин үч жылдыгына арналган аза күтүү аземинде сүйлөгөн сөзү - Баку, «Тезепир» мечити, 1995-жылдын 26-февралы


Урматтуу мекендештер!  Урматтуу  мусулмандар!

Биз бүгүн кайгылуу күнгө байланыштуу “Тезепир” мечитине, Алланын үйүнө чогулдук. Биз Ходжалы геноцидинин, Ходжалы трагедиясынын үч жылдыгын белгилеп жатабыз.

Азербайжан эли өзүнүн көп кылымдык  тарыхындагы  өзүнүн  турмуштук  жолунда  ири жеңиштерге жетишип, дүйнөлүк маданиятты байытуу менен эң жогорку бийиктиктерге чейин жеткен. Мусулман дүйнөсү дүйнөлүк маданиятка  Куран деп аталган ыйык китепти тартуулады. Азербайжан эли өзүнүн көп кылымдык тарыхында ири кырсыктарга да дуушар  болуп, ар кандай  этаптарда  трагедиялар  да  болуп турган. Алардын бири армян баскынчыларынын, оккупанттарынын  биздин элге каршы алты жылдан ашык мезгилден бери улантылып жаткан агрессиясы  жана ушул агрессиянын натыйжасында биздин жерлердин бөлүнүп-жарылышы, алардын бир бөлүгүнөн айрылуу, биздин жарандардын курман болушу, кан төгүүлөр болуп саналат. Бирок ушул кырсыктардын ичинен биз үчүн эң оор жаракат Ходжалы трагедиясы  болуп саналат.

 Тарыхта бир адамдын экинчи адамга карата жырткычтык мамиле жасашынын фактылары  көп эле жолу белгиленген. Дүйнөнүн көпчүлүк  жерлеринде геноцид да жасалып келген. Армяндык баскынчылар, агрессорлор тарабынан Азербайжанга каршы  жасалган геноцид алардын ичиндеги өтө корунучтуу геноциддердин бири болуп саналат. Узак мезгил боюу, бүткүл ХХ кылымдын ичинде  армян агрессорлору тарабынан азербайжан элине каршы жасалган геноциддер биздин элге зор соккуларды урду. Алардын ичинен абдан ириси жана абдан оору Ходжалы геноциди, алты жылдан бери улантылып жаткан согуш болуп саналат.

Согушту армян агессорлору башташты. Азербайжан эли өз жерин коргоп жатат. Согушта кан төгүлбөй койбойт, биз курмандыктарга дуушар болуп,  өтө оор кыйынчылыктарды баштан кечирип жатабыз. Бирок мындан үч жыл мурда  баскынчылар тарабынан ходжалылыктарга, тынч жаткан калкка, аялдарга, балдарга, чал-кемпирлерге, оорулууларга каршы жүзөгө   ашырылган, жыркычтык  менен  жасалган аскердик операция алты жылдык согуштун өтө коркунучтуу этабы, бетпактык операция болуп калды.

Ходжалыдагы окуялар армяндар биздин жерге көз артып, биздин аймакты оккупациялап  гана тим болбостон, ошондой эле биздин элге каршы геноцид жасоо сыяктуу  жырткычтык жолго түшкөнүн да көрсөттү. Бул ходжалыдагы окуялардан ачык көрүндү.Ошол азаптуу күнү азербайжан элине эң  коркунучтуу  сокку урулду. Ушул жаракат дагы эле сыздап ооруп турат.  Ал али айыга элек, бүтө  элек, ушул жаракат биздин жүрөгүбүздө  түбөлүк сакталып калат. Мен мурда белгилеп кеткендей,  түн ичинде тынч жаткан элге кол салуу, жырткычтык менен жеринде жок кылуу,  балдарды, аялдарды, кары-картаңдарды,оорулуу адамдарды өлтүрүү, аларды тири укмуш мыкаачылык менен кыйноо биздин душмандарыбыздын жырткычтыгын  дагы бир жолу айгинеледи.  Ходжалы геноциди,  армяндардын биздин элге каршы  агрессиясы, жырткычтыгы, алардын адамдарга каршы колдонгон абдан пас  ыкмалары адамзаттын тарыхында калат. Биздин өлкөнүн ошол түнү, ошол күндөрдө курман болгон жарандары Азербайжан үчүн кымбат, алар бизин републиканын аймактык бүтүндүгүн коргоп калуу үчүн өз өмүрлөрүн кыйышты, алар биздин элдин улуттук эркиндик үчүн күрөшүү жолундагы курмандыктары, шеиттер болуп калышты. Алардын кайгылуу курман болушу, алардын шеит кетиши азербайжан элинин каармандыгын, туруктуулугун, эр жүрөктүүлүгүн айгинелеп турат.

Алты жылга созулган согуштун убагында биз көп курмандыктарга дуушар болдук. Дагы бир жолу белгилей кетейин, ходжалыда шеит болгондор биздин жарандар, ошондой эле Азербайжандын бүтүндүгү, эгемендүүлүгү, көз карандысыздыгы үчүн курман болгондор болуп эсептелет. Биз  бүгүн бул жерге аларды эскерип, баш ийип таазим кылуу жана куран окуу үчүн чогулдук.  Азербайжан элинин, азербайжан мамлекетинин атынан мына ушул кайгылуу күнү ушул кайгылуу окуяларга  байланыштуу биздин элге кайгыруу менен көңүл айтамын. Ходжалыда курман болгон шеиттердин үй-бүлөлөрүнө,туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Ходжалы шеиттеринин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Бардык шеиттердин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Алла-таллам  ходжалынын шеиттеринин үй-бүлөлөрүнө   кайрат берсин. Алла-таллам  биздин элге кайрат берсин. Алла-таллам биздин баарыбыз ушул кырсыктардын баарынан арылып, көз карандысыз Азербайжандын толук көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн,  Азербайжандын көз карандысыздыгын кылымдар боюу камсыз кылыш үчүн Алла-таллам бизге чыдамдуулук берсин.

Ходжалы трагедиясы  - биздин кайгы-капабыз, муңубуз. Бирок ошол эле мезгилде  ал азербайжан эли кылымдардан бери басып өткөн күрөштүн жолу, улуттук эркиндик жолу  даңктуу жана ийгиликтүү жол болуп эсептелет. Өткөн мезгилдерде да бизде кыйынчылыктар болгон. Бүгүнкү күндө да кыйынчылыктар бар. Бирок азербайжан элинин эркин эч нерсе сындыра алган эмес жана сындыра албайт. Биз ушул окуялардан биз мындан да каарман, мындан да туруктуу, мындан да биримдиктүү болууга тийишпиз деген тыянак чыгарышыбыз  керек. Биз өз тагдырыбыздын ээси болуу менен Алла-талла  алдын ала чийип берген жол менен барып, өзүбүздү, өзүбүздүн көз карандысыздыгыбызды коргоп калууга тийиш экендигибизди  түшүнүүгө  тийишпиз, биз өз жолубузду  ачууга жана ушул жол менен алга барууга  тийишпиз.

Мына ошондуктан биз бүгүн биздин шеиттерге куран окуу менен, биз, баарыбыз башты жерге салбашыбыз керек. Биз канчалык кайгырсак да, кеисек да, биз ошону  менен бирге оптимист болууга, алдыга, келечекке үмүт менен кароого, үмүт менен жашоого тийишпиз. Мен азербайжан эли  ушул оор этаптарды жеңип чыгарына толугу менен ишенемин. Кыйынчылыктар согушка, биздин жерлерди оккупациялоо менен гана байланыштуу болбостон, биздин качкындардын оор абалына да байланыштуу болууда. Азыр биздин эл өткөөл мезгилде жашап жатат. Биз социалдык-экономикалык кризисти баштан  кечирип жатабыз. Адамдардын турмушунда көптөгөн кыйынчылыктар бар. Бирок кылымдар боюу биздин элдин жолунда ушул сыяктуу кыйын этаптар болгон, ал алардан өткөн, ошондуктан миңдеген жылдар боюу  жашап келген жана мындан ары да миңдеген жылдар боюу жашай берет.

Биз ишенимди жоготпошубуз керек,  биз өз  ынанымдарыбыздан,  өзүбүз тандап алган жолдон  чегинбешибиз  керек. Биз тандап алган жол – бул Азербайжандын көз карандысыздыгы, улуттук  эркиндик, көз карандысыз  мамлекет катары Азербайжандын түбөлүк көз карандысыздыгы. Биз түшкөн жол -  бул  биздин адеп-ахлактык баалуулуктарга, салттарга, динге, тилге, тарыхка берилгендигибиздин жолу. Ушулардын баарына биз канчалык  ишенимдүү болсок, биз бүгүнкү оор абалдын себептерин  ошончолук түшүнө алабыз, бири-бирибизге жардам бере алабыз, бири-бирибизди  колдой алабыз жана армян оккупанттарына сокку бере алабыз. Ошентип биз өз  жерлерибизди бошотобуз жана  биздин элди, биздин республиканы    ушул кризистик кырдаалдан алып чыгабыз.

 Биздин жолубуз – даңктуу жол, ишенимдүү жол, биздин элдин таламдарын камсыз кыла турган жол экенине ишенемин. Биз ушул жолдон тайбай алга бара беребиз.  Көз карандысыз азербайжан мамлекети  биздин элдин биримдигине  ишенет, анын туруктуулугуна ишенет жана  биздин ушул биримдик, туруктуулук, сабырдуулук, чыдамдуулук  бизди ушул оор абалдан чыгарат.

Мен дагы бир жолу ходжалы шеиттеринин жаны жанаттан орун алсын  деп Алла-талладан өтүнөмүн. Мен дагы бир жолу бардык шеиттердин жаны жанаттан орун алсын деп Алла-талладан өтүнөмүн.  Азербайжан мамлекети биздин элдин укугун, биздин жерлерди, аймактарды  коргоо, үчүн бекем турат   жана  Азербайжан элин бардык ушул кырсыктардан куткарат деп сиздерди дагы бир жолу ишендирип кетемин.

“Гейдар Алиев.  Биздин көз карандысыздык түбүлүктүү” (чыгып сүйлөгөн сөздөрү, билдирүүлөрү, интервьюлары, каттары, кайрылуулары, жарлыктары) – “Азернешр”,Баку-1998, деген басылмадан которулду, 3-том, 215-217-беттер.