Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин ОБСЕнин Лиссабондогу саммитиндеги сөзү - 1996-жылдын 2-декабры


Урматтуу Төрага мырза!

Айымдар жана мырзалар!

Мамлекеттердин  жана өкмөттөрдүн башчыларына, биздин Саммиттин бардык катышуучуларына жалындуу салам айтамын. Ушул жолугушуу Европадагы коопсуздукту жана кызматташтыкты өнүктүрүү ишиндеги маанилүү этап болуп калат деп ишенемин.

Европа континетинин элдери менен өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелердин укуктук жана гумандуу принциптердин жогорку стандарттарын аныктаган Хельсинкидеги Корутунду актыга кол коюлгандан бери жыйырма жылдан ашык убакыт өттү.

Ушул мезгилдин ичинде негиздүү өзгөрүүлөр болуп, жаңы көз карандысыз мамлекеттер пайда болду, эркиндиктин жана гумандуу принциптердин идеялары бүткүл Европа континентинде, ошондой эле анын чегинен тышкары алыскы жерлерде башкы идея болуп калды.ОБСЕнин иши эл аралык коопсуздукту, мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылууда, аймактык бүтүндүктү жана чек аралардын кол тийгистигин кармап турууда, чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салууда, адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоодо чоң роль ойноду.

ОБСЕнин турмушка байымдуу, үзүрлүү  уюм экендигин мезгил өзү далилдеди жана биз өзүбүздүн уюмдун басып өткөн жолун, анын дүйнөдө болуп жаткан процесстерге кошкон бай салымын жогору баалайбыз.

Өзүнүн көз карандысыздыгын калыбына келтирген, демоктратиялуу укуктук мамлекетти куруунун, рыноктук экономиканы калыптандыруунун  жолун тандап алган азербайжан эли  ОБСЕ көрсөткөн таасирдүү жардамды ар дайым сезип турат.

Өткөөл мезгилдин объективдүү кыйынчылыктарына, биз аргасыздан тартылган согуштун натыйжаларына карабастан,  биз мамлекеттик көз карандысыдыкты чыңдап, негиздүү саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүп жатабыз.

Азербайжанда демократиянын плюрализм, көп партиялуу система, сөз эркиндиги жана дин тутуу эркиндиги сыяктуу принциптер калыбына келтирилген. Бүткүл элдик референдум аркылуу Азербайжандын демократиялык биринчи Конституциясы кабыл алынып, республиканын көп партиялуу системага негизделген жаңы парламенти шайланды.

Экономиканы либералдаштыруу, мамлекеттик мүлктү кеңири масштабда менчиктештирүү, агрардык сектордогу реформа, анын ичинде  соода-сатык кылуу укугу менен  жерди кандайдыр-бир чектөөлөрсүз жеке менчикке берүү турмушка ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Азербайжандын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылды.

Каспий деңизинин азербайжан секторундагы энергетикалык ресурстарды биргелешип алуу  үчүн дүйнөдөгү абдан ири мунай компаниялары менен көп миллиардык контракттар түзүлдү.

Азербайжандын саясий жагынан да, экономикалык жагынан да көз карандысыз демократиялык мамлекеттердин дүйнөлүк коомчулугуна катышуусу, азербайжан элинин турмуштук таламдарына ылайык келет жана биздин ушул стратегиялык багытыбызга ОБСЕ, башка эл аралык уюмдар андан ары колдоо көрсөтөт деп ишенебиз.

Айымдар жана мырзалар!

Региондук чыр-чатактар, ашынган улутчулдукту жана сепаратизмди, эл аралык терроризмди жайылтуу биздин региондогу тынчтыкка, прогресске жана өнүгүүгө айкын коркунуч келтирет.

Көптөгөн элдер, анын ичинде совет доорунан кийин Кавказда жашаган элдер кандуу согуштарга тартылышты. Ушул согуштар адамдардын массалык өлүмү, этностук тазалоо, миллиондогон адамдарды качкындарга айландыруу, көз карандысыз мамлекеттердин аймактарын оккупациялоо менен аяктоодо. Ошондуктан ОБСЕ Европа континентинде жалпы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дагы көп нерсе жасоого тийиш. Сиздерге белгилүү болгондой, Армения Республикасы кылымдардан бери азербайжандын жери болуп келген Тоолуу  Карабахты өзүнө ыйгарып алуу үчүн биздин республикага каршы агрессия жасады. Ушул агрессиянын натыйжасында  Азербайжандын аймагынын жыйырма пайызы Армян Республикасынын  куралдуу  күчтөрү тарабынан оккупацияланды. Биздин жыйырма миңден ашык жараныбыз курман болду, жүз миңден ашык адам жарадар же майып болуп калышты, алты миң адам туткунга түштү. Бир миллиондон  ашык азербайжандыктар, башкача айтканда, биздин өлкөнүн калкынын он беш пайызына жакыны качкындар болуп калышты. Мына төрт жылдан бери алар кышты чатыр шаарчалардагы адам чыдагыс шарттарда өткөрүүгө аргасыз болуп жатышат. Оккупацияланган аймактарда 700гө жакын шаарлар жана айылдар, ошондой эле миңдеген ооруканалар, мектептер, турак үйлөр, азербайжан элинин тарыхый жана маданий эстеликтери талкаланды, өрттөлдү, талап-тонолду.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган төрт резолюцияда жана анын төрагасынын алты билдирүүсүндө Армениянын куралдуу күчтөрүн  Азербайжандын бардык оккупацияланган аймактарынан токтоосуз, толук жана шексиз чыгаруу, качкындар менен жер которгондорду туруктуу жашаган жерине  кайтаруу талап кылынат. Ушул документтер биздин республиканын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн, Тоолуу Карабахтын Азербайжан Республикасынын аймагына таандык экендигин ырастап турат. Бирок Армения Республикасы ушул токтомдордун бардыгына баш ийбестигин билдирип жатат.

ОБСЕнин 1992-жылы түзүлгөн Минск тобу армян-азербайжан чыр-чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн бир топ күч-аракет жасады. Анын ишинин жана Россия Федерациясынын жакындан катышуусунун натыйжасында 1994-жылдын майында ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашуу түзүлдү.

Ок атууну токтотуу режимин узак мезгил бою сактоо – биздин элдешүүгө карата умтулуубузду көрсөткөн маанилүү жетишкендик. Ок атууну токтотуу режими туруктуу улантылып жаткан сүйлөшүүлөр процессин тартиптке салууга мүмкүнчүлүк берип жасалып жаткан күч-аракеттердин ишенимдүү пайдубалына айланды жана Азербайжан тарап тынчтык жөнүндө келишимге кол коюлганга чейин ушул режимди карманууга ниеттенип жатат.

Ок атууну тезинен токтотуу жана ОБСЕнин тынчтыкты сактай турган көп улуттуу күчтөрүн түзүү максатында биз ушул жаатта ОБСЕнин Будапештеги Саммитинде кабыл алынган токтомдорунун толук талапкерлери катары чыктык.

Будапешттеги саммиттен кийин Минск тобунун алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү процесси интенсивдүү жүрө баштады. Биз ошондой эле президенттердин өкүлдөрүнүн деңгээлинде Армения менен кош тараптуу тикелей канал түздүк, эки тараптын аскердик туткундарын жана барымтага алынгандарды бошоттук. Ушул жылдын апрелиндеги Армян жана Азербайжан Республикаларынын Президенттеринин Люксембургдагы биргелешкен билдирүүсү чыр-чатакты токтотуунун жолундагы маанилүү кадам болуп калды. Ушул билдирүү чындыгында эле  эл аралык принциптердин жана ченемдердин негизинде куралдуу чыр-чатакты акырына чыгарууну каалагандыгын көрсөткөн  Армения менен Азербайжандын ортосундагы биринчи документ болуп саналат.

Менин жеке өзүмдүн ОБСЕге кирген мамлекеттердин башчылары менен башка деңгээлде жолугушууларымдын убагында биз кеңири дискуссияларды өткөрүп, Армян-Азербайжан чыр-чатагын токтотуунун кыйла оптималдуу, өз ара пайдалуу ыкмаларын издедик.

Урматтуу мамлекет жана өкмөт башчылары Лиссабондогу саммиттин алдында мен сиздерге кат жиберип, анда ОБСЕнин принциптерин, БУУнун Уставын жана жалпы кабыл алынган эл аралык укуктук ченемдерди катуу сактоонун негизинде чыр-чатакты токтотуунун ыкмасын сунуш кылгамын. Ушул сунушта бардык тараптардын таламдары эске алынган. Жөнгө салуунун ушул компромисстүү ыкмасы төмөндөгүдөй курамдык бөлүктөрдөн турат: Азербайжан Республикасынын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, Азербайжан Республикасынын курамына кирген Тоолуу Карабахтын бүткүл калкынын коопсуздугунун кепилдиги, ушул ыкма бардык эл аралык ортомчулардын колдоосуна ээ болууда, ал көпчүлүк жагынан ОБСЕнин азыркы төрагасы 1996-жылы чыр-чатак чыккан райондо болгон кезде сунуш кылган принциптерине ылайык келет, бирок тилекке каршы Армения Республикасы БУУнун уставына, ОБСЕнин принциптерине жана эл аралык укукка негизделген кандайдыр бир чечим кабыл алуудан качуусун улантууда.

Ал Азербайжан Республикасынын аймактык бүтүндүгүн таануудан баш тартып, агрессиянын натыйжаларын мыйзамдаштырууга, Азербайжан Республикасынын Тоолуу Карабах региону үчүн көз карандысыздыктын статусун алууга жана ушул регионду Арменияга кошууга аракет жасап жатат.

Тоолуу Карабахка байланыштуу армян-азербайжан чыр-чатагы башталгандан бери дүйнөдө абдан чоң окуялар болуп өттү.  Советтик доордон кийинки мейкиндикте жаңы көз карандысыз мамлекетер пайда болду, алардын арасында Азербайжан республикасы да бар. Биздин мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, алардын чек араларынын кол тийгистигин жана аймактык бүтүндүгүн бардык коомчулук ырастаган.

Ушул принциптерди кандайдыр бир формада бузуу  тынчтыкты жана туруктуулукту түзүүгө тоскоолдук кылат, карама-каршылыкты күчөтөт, адамдардын тынч жана бейпили келечекке болгон үмүтүн жокко чыгарат.

Тоолуу Карабах жаатында мыйзамсыз талаптар эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдерине ылайык келбейт. Биз эч качан ушул талаптар менен макул боло албайбыз, биз Азербайжандын аймагында экинчи Армян мамлекетинин келип чыгышына жол бере албайбыз.

Акырында армян тарап өзү баштаган жана сегиз жылдан бери улантылып жаткан чыр-чатак Азербайжан элине гана оор кайгыны жана азапты алпы келбестен, ошондой эле армян элин да оор абалга алып келип койду.

 Мен чыр-чатакты БУУнун Уставынын ОБСЕнин принциптеринин жана эл аралык укуктун ченемдеринин негизинде жөнгө салуу Армения менен Азербайжандын ортосунда узак, бекем тынчтык түзүүгө, Армян жана Азербайжан элдеринин ортосунда жакшы өз ара мамилелерди калыбына келтирүүгө, Тоолуу Карабахтын бүтүл калкы үчүн эң бир алгылыктуу  шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенемин. Чыр-чатакты жөнгө салуу Закавказьеде экономикалык ийгиликтүү кызматташтыкты камсыз кылат, биздин республикада  социалдык-экономикалык милдеттерди ийгиликтүү аткаруу, демократиянын жана эркиндиктин жемиштеринен толук пайда  алууга мүмкүнчүлүктү ачып берет.

Биз  согушту каалабайбыз, биз тынчтыкты каалайбыз. Армениянын президенти Левон Тер –Петросян мырзага, бүткүл Армян элине кайрылуу менен, мен аларды тынчтыкка жана кызматташтыкка чакырамын.

ОБСЕнин Лиссабондогу саммитине катышып жаткан мамлекет жана өкмөт башчыларын кайрылуу менен алардан Европадагы узак жана кыйратуучу региондук конфликттердин бири болуп эсептелген армян-азербайжан чыр-чатагын тезинен токтотуу үчүн бардык мүмкүн болгон нерселерди жасоону өтүнөмүн.

Биздин континенттеги тынчтыктын, элдердин жыргалчылыгынын жана туруктуулугунун атынан бардык чараларды көрүү биздин ыйык парзыбыз болуп саналат.

Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!