Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин Азербайжан улуттук Новруз майрамы менен куттуктоо церемонииясында сүйлөгөн сөзү - 21 март 2003 жылы


Кымбаттуу инилерим, карындаштарым!

Азербайжан элинин эң кымбат майрамдарынан бири - Новруз, жаз майрамы –кут болсун деп баарыңарды чын жүрөктөн куттуктаймын. Ар бириңерге чың ден соолук, бакыт-таалай, биздин элибизге – бейпилдик жана тынчтык каалаймын!

Кымбаттуу достор, бир канча ай мурун биз Азербайжандын мамлекеттик эгемендүүлүгүн 11 жылдыгын белгиледик. 11 жыл биздин элибиз өз мекенинде, өз өлкөсүндө эркин жашап жана өз тагдырынын ээси болуп жашап келүүдө. Азербайжанда демократиялык мамлекеттин калыптанышы туруктуулук менен  курулуп келүүдө. Азербайжандын экономика өнүгүүдө, элибиздин байлыгы күндөн күнгө көбөйүп келатат.

Биз Азербайжандын ар бир бурчунда, ар бир аймагында өкүм сүргөн коомдук жана саясий стабилдүүлүктү орноттук. Биздин элибиз бейкуттукта, эркиндикте жашап өз иштери менен машыгууда. Мына ошол үчүн азербайжан эли өз урп-адаттары, улуттук руханий байлыктарын жандандырып улуттук майрамдарды жогорку деңгээлде майрамдап келатат.

Новруз майрамы -  Азербайжан эгемендүүлүгү менен элибизге берилген мурастардан бири. Мурун биз бул майрамды дайыма эле белгилечүүбүз. Бирок өз үйлөрүбүздө, үй-бүлөөбүздө. Азыр болсо ал чыныгы элдик майрам калыбына келди. Бул күнү элибиз жогорку руханий маанай менен Новруз майрамың Азербайжандын ар бир тарабында майрамдап жатат. Дагы бир жолу белгилеп кетемин, бул  Азербайжандын эгемендүүлүгү менен элибизге тийген мурастардан бири. Элибиз мындан ары да дайыма өз салттарын жана үрп-адаттарын кармап сактап келет жана өркүндөтөт. Себеби алар элибиздин улуттук руханий байлыктары жана элибиздин өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

Мен айтып кеткендей, элибиз бейкуттукта жашап келатат. Бирок бул күндөрдө бул майрамды чатырларда тозуп жаткан жердештерибиз бар. Канча жылдан бери оор шарттарда жашап келатышат. Бирок чоң үмүт менен  жашап келатышат. Алар зор чечкиндүүлүк жана сабырдуулук көрсөтүүдө. Ошол сабырлары үчүн бул майрам күнүндө мен баардык качкындарга, көчмөндөргө, чатырларда жашаган жердештерибизге өзгөчө ыраазычылымды билдирип жатамын.

Бул майрам күнүндө мен өзгөчө чатырларда жашаган жердештерибизди куттуктап атамын жана аларга жана бут элибизге жарыялаймын: бул замандар көпкө созулбайт. Азербайжан өкмөтү армян эли менен болгон конфликтти тынчтык жолу менен жөнгө салуу багытында туруктуу ишмердүүлүгүн улантууда, жана натыйжасында биз жерибизди бошотобуз деп мен үмүт кыламын. Азербайжандын жер бүтүндүгүн кайрадан калыбына келтирип, өз жеринден куулган жердештерибизди өз үйлөрүнө кайтып алуусун камсыз кылабыз.

Мына сегиз жылдан ашуун Азербайжанда  мылтык оту токтотуу режими өкүм сүрүүдө. Бирок согуш бүткөн эмес. Биздин батыр аскерлерибиз, биздин армиябыз азербайжан жеринин коргоосунда жана мекенибизди бошотууга дайыма даяр турушат. Бул майрам күнүндө мен өзгөчө азербайжан аскерлерибизди, окоптордо жаткан уулдарыбызды чын жүрөктөн куттуктаймын жана алардын зор иштеринде ийгилик каалаймын.

Кымбаттуу достор, бул майрам биздин жерибиздики, бул майрам – элибиздин майрамы. Элибиздин бул майрамды ыйык тутканына жана бул күндөрү майрамдык маанайда болгону үчүн өтө кубанычтамын. Дагы бир жолу майрамынар менен  куттуктап, ар бириңерге ден соолук жана иштериңерде ийгилик каалаймын. Ыракмат 

"Бакинский рабочий" гезити, 25 март 2003 жылы