Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алирз оглу Алиевдин инаугурацияда сүйлөгөн сөзү - Баку, «Республика» сарайы, 1993-жылдын 10-октябры


scotch egg
scotch egg
scotch egg
temp-thumb
temp-thumb
temp-thumb

Кымбаттуу мекендештер!

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Мен өзүмдүн көз карандысыз Азербайжан Республикасынын Президенти болуп шайлануумду жогору баалайм жана ушуга байланыштуу азербайжан элине, республиканын бардык жарандарына сый-урматымды жана терең ыраазычылыгымды билдирем.

Азербайжан эли өз тарыхынын татаал, каргашалуу мезгилин баштан кечирип жатат. Мен бул оор убакта мага жүктөлгөн жоопкерчиликтин деңгээлин терең түшүнөм жана өзүмдүн бүтүндөй ишим, өзүмдүн бүтүндөй өмүрүм менен элдин жогорку ишеничин, үчүтүн актоого аракет кылаарыма ишендирип кетким келет.

Бул жогорку жана жоопкерчиликтүү кызматка киришип жатып, мен, биринчи кезекте, азербайжан элинин акыл-эстүүлүгүнө, акылмандыгына, күчүнө таянам. Менин элимдин мени менен байланыштырган тилеги бул жоопкерчиликти өзүмө алууга түрттү. Мен элдин үмүтүн актоо үчүн бардык аракетти жумшай тургандыгыма ишендирип кетким келет.

XX кылымдын акыры дүйнөнү түп тамырынан бери өзгөрткөн саясый процесстер менен коштолду. Азербайжан эли бул процесстерден четте калган жок жана акыры өзүнүн кылымдан берки кыялын жүзөгө ашырды – көз карандысыздыкка ээ болду. Азербайжан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыкты жеңип алуусу дүйнөдө, мурдагы СССР Союзунда болуп жаткан коомдук-саясый процесстердин логикалык жыйынтыгы болуп калды. Биздин республикасынын көз карандысыздыгы – тарыхый окуя, азербайжан элинин улуттук байлыгы жана мында кандайдыр бир кыймылдын, күчтөрдүн атыкчылыктуу сиңирген кызматы жөнүндө айтууга таптакыр болбойт. Көз карандысыздыкка ээ болуу бир эле убакта республиканын, анын жарандарынын алдында чоң жана татаал милдеттерди коюуда. Мамлекеттик көз карандысыздыкты чыңдоо, мамлекеттик түзүмдөрдү жана атрибуттарды түзүү жана өнүктүрүү, Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн жана толук эгемендүүлүгүн камсыздоо, республиканы согуш абалынан чыгаруу, анын жарандарынын жыргалчылыгын жогорулатуу, алардын жашоосу жана иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүү – бул милдеттерди чечүү Президент кызматындагы менин ишимдин негизги милдети болуп саналат жана мен аларды аткарууга аракет кылам.

Азербайжан байыркы тарыхка, бай маданиятка ээ жана ири жаратылыш ресурстарына ээлий кылат. Мамлекеттик көз карандысыздык бул байлыктарды Азербайжандын келечектеги өнүгүүсү үчүн натыйжалуу колдонууга бардык шарттарды түзөт. Бул биздин негизги милдетибиз. Азербайжан Республикасы өзгөчө татаал шарттарда көз карандысыздыкка ээ болду. Биз үчүн эң оору – Азербайжан беш жылдан ашык убактан бери баштан кечирип жаткан согуш, армян куралдуу күчтөрүнүн биздин аймактарга каршы агрессиясы, бул агрессиянын натыйжасында азербайжан элинин башына түшкөн кыйынчылыктар. Ошондуктан, биздин алдыбызда турган негизги милдет – республиканы согуш абалынан чыгаруу жана жарандардын жашоосу үчүн тынчтык абалын түзүү. Азербайжанда мындай оор кырдаал карабах жаңжалынын башталышында республиканын жана мурдагы Советтер Союзунун жетекчилери жол берилген олуттуу жаңылыштыктардын натыйжасында түзүлүп отурат. Тилекке каршы, өткөн мезгилде аны бул абалдан чыгаруу үчүн зарыл чаралар көрүлгөн эмес. Акыркы убакта республика баштан кечирип жаткан экономикалык, социалдык, коомдук-саясый жана рузий каатчылык 1993-жылы дагы тереңдеп жана өзүнүн эң кооптуу белгисине чейин жетти деп айтууга болот. Ушул жылдын июнь айында республикадагы ички туруктуулук толук бузулду, айрым саясый күчтөрдүн ортосундагы каршылашуусу, республиканы бөлүп-жарууга багытталган айрым кылмыштуу топтордун, жикчил күчтөрдүн аракеттери, жана башка бир катар себептер чыңалууну тереңдетип жиберген.

Азербайжандын мамлекеттик жетекчилеринин одоно каталарынын натыйжасында республика июнь айында жарандык согуштун чегине такалып жана айрым аймактардын реалдуу бөлүнүп кетүү коркунучу жаралган. Кудайга шүгүр, бул көрүнүштөрдүн баары жоюлду, бир катар кылмыштуу топтор жок кылынды, республиканын ичиндеги коомдук-саясый туруктуулукту камсыздоо үчүн шарттар пайда болду. Акыркы төрт ай Азербайжан үчүн абдан оор айлардан болду. Бул мезгилде республика, анын жарандары олуттуу сыноолордон өтүү, жана бул дагы бир жолу элдин акылмандыгы, улуттук биримдик жана тилектештик, жарандык ынтымак бардык кыйынчылыктарды жеңип, республиканы оор абалдан чыгаруу үчүн шарт түзө турганын далилдеди.

Бирок, республиканын ичинде салыштырмалуу туруктуулукка жетишилгени менен, биз дагы да чоң коркунучта турабыз. Армян куралдуу күчтөрүнүн беш жылдан ашык созулган агрессиясынын натыйжасында азербайжан жеринин бир бөлүгү оккупацияланды, республиканын аймагынын болжол менен 20 пайызы армян басып алуучуларынын колунда турат. Мурдагы Нагорно-Карабах облусу толук оккупацияланган, ар бир азербайжандык үчүн кымбат жана ыйык болгон Шуша шаары бир жарым жылдан бери агрессордун колунда турат. Ошондой эле армян куралдуу күчтөрү тарабынан Азербайжандын Лачин, Кяльбаджар, Агдам, Физулин, Джебраил, Губадлин райондору басылып алынган, анын натыйжасында жүздөгөн айылдар, кыштактар, калктуу пункттар талкаланды, бул жерлерде жашаган бир миллионго жакын биздин жарандардын турак-жайлары күйүп кетти жана азыркы учурда өтө оор шарттарда жашап жатышат.

Мунун баары жашоонун коомдук-саясый, рухий чөйрөлөрүндө чыңалууну күчөтүүдө. Азыркы учурда биздин эң башкы милдет – республиканы согуш абалынан чыгаруу, бардык оккупацияланган жерлерди кайтаруу, эгемендүү Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын коопсуздугун камсыздоо, качкындарды туулган жерине кайтаруу.

Мен Президент катары муну өзүмдүн башкы милдетим деп эсептей м жана азербайжан элининин бардык күчүн мобилизациялап, бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен, бул максаттарга жетүү үчүн бардык өз аракетимди жумшайм.

Беш жылдан ашык созулган согушту токтотуу, оккупацияланган жерлерди кайтаруу, албетте, оңой эмес. Биздин коомдо буга жетүүгө байланыштуу түрдүү пикирлер жаралууда. Жалпысынан тынчтык позициясын кармануу менен, биз бул көйгөйдү биринчи кезекте тынчтык жолу менен, сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүнү жактайбыз. Бул максатта дипломатиялык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, Азербайжандын кызыкчылыктарын сактоону камсыздоо менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү жана бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында белгиленген максаттарга жетүү керек. Бириккен Улуттар Уюмунун, СБСЕ, БУУ Коопсуздук Кеңешинин, бул жаңжалды жөнгө салууга катышкан ири мамлекеттердин жана бардык эл аралык уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу менен, биз мындан ары да Азербайжанды согуш абалынан чыгаруу, оккупацияланган жерлерди кайтарып алуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайбыз.

Бирок, муну менен катар, Азербайжан Республикасы көз карандысыз мамлекет катары согушууга жөндөмдүү армияга ээ болушу керек. Тилекке каршы, Азербайжан өзүнүн көз карандысыздыгын алгандан кийинки мезгилде, бул багытта аз иш жасалды. Зарыл болгондо, эгерде тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча биз көрүп жаткан кадамдар жыйынтык бербесе, аймактык бүтүндүктү коргоо, республиканы коргоо үчүн күчтүү армияны түзүү – биздин негизги милдеттердин бири.

Белгилей кетсек, беш жылдык согуштун жүрүшүндө азербайжан эли улуу сыноолордон өттү, жеңиштин кубанычын да, жеңилүүнүн азабын да татты. Бул согуш биз үчүн чоң трагедия болуп саналат. Ошол эле убакта бул согуш бүтүндөй дүйнөгө азербайжан элинин күчүн, кубатын, эрдигин, акылмандыгын дагы бир жолу көрсөттү. Бул согушта биздин эл чоң жоготууларга туш болду. Бул элдин уулдары биздин жерди коргоп, эрдик менен каза болушту, шейит кетишти. Бүгүн сиздерден бул салтанаттуу иш-чаранын убагында азербайжан жерин, Азербайжандын эгемендүүлүгүн коргоо үчүн өз өмүрүн берген шейиттердин элесин бир мүнөт унчукпай туруп эскерүүнү өтүнөм. Аллах онлара рэхмэт элясин, гебирлери нурла долсун. (Кудай аларга бейишин берсин) 

Бүгүн мен биздин шейит кеткен азаматтардын каны үчүн өч алынбай калбай турганын билдирем. Алардын элеси биздин жүрөктөрдө түбөлүк жашайт, биздин жаштар жана келечек муун алардын эрдигинен үлгү алат, азербайжан эли өз күчүн бириктирет, заманбап армияны түзөт жана ушундан тартып өзүнүн көз карандысыз мамлекетин, өз жерин көздүн карегиндей сактайт.

Көз карандысыз Азербайжан Республикасынын алдында турган негизги милдеттердин бири – мамлекеттик курулушту уюштуруу. Биздин жол ачык жана биз бул тууралуу бир нече ирет билдиргенбиз, бул демократия жолу. Көз карандысыз Азербайжанда демократиялык принциптерде иштеген, укуктук демократиялык мамлекет курулушу керек. Азербайжан мамлекети өзүнүн тарыхый, улуттук салттарын колдонуу менен, дүйнөлүк тажрыйбага, демократияга, жалпы адамзаттык баалуулуктарга таянып, демократиялык мамлекетти куруу жолу менен жүрүшү керек. Биздин жолубуз ушундай жана бүгүн мен ага ишенимдүү болоорума сөз берем.

Бул жол менен түшүү биздин өткөн тарыхыбызга үндөш жана бир эле убакта Азербайжанды көз карандысыз мамлекет катары дүйнөлүк цивилизацияга кошуунун зарыл шарты болуп саналат. Бул үчүн Азербайжанда бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн жана мындан ары да түзүлөт. Азербайжанда инсандын эркиндиги, сөз эркиндиги, дин эркиндиги, тил эркиндиги, ар-намыс эркиндиги демократиялык цивилизациялуу коомду курууга мүмкүнчүлүк берген шарттар болуп саналат жана биз бул баалуулуктарды бекитүүнү камсыздайбыз. Азербайжанда көп партиялуу система түзүлүүдө, көп партиялар пайда болду жана алдыда дагы пайда болот. Азербайжан мамлекети аларды түзүү жана өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт жана албетте, демократиялык принциптер бекемделе турган көп партиялуу коом Азербайжанды көз карандысыз мамлекет катары өнүктүрүүнү шарттайт.

Көп партиялуу коомдо оппозиция дагы чоң роль ойнойт. Биз мындан ары да оппозицияга сый-урмат менен мамиле кылабыз жана азербайжан коомундагы, оппозицияда турган партиялар жана күчтөр конструктивдүү кызматташтык позициясында болооруна үмүт артам, бул республикада чыныгы демократияны өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Бир сөз менен айтканда, биз Азербайжанда оппозициялык күчтөрдүн болуусун кадимки көрүнүш деп эсептейбиз, алар менен конструктивдүү кызматташууга өзүмдүн даярдыгым жөнүндө билдирип кетмекчимин.

Бирок оппозициядагы топтор, айрым саясый уюмдар алар акыркы жылдары колдонгон мыйзамга каршы, жаман, демократияга каршы ыкмаларды четке калтыруусу керек. Саясый партиялар, кыймылдар Азербайжанда эркин иштей алат, бирок бир да саясый партия же кыймыл, коомдук-саясый уюм куралдуу топторго ээ боло албайт. Бүгүн бул тууралуу Азербайжан жарандарынын алдында чечкиндүү билдирем. Тилекке каршы, бул жаатта өз убагында республиканын коомдук-саясый жашоосунда оң ролду ойногон Элдик фронттун терс үлгүсү айрым мыйзамсыз куралдуу топторду түзүүнү жана иштөөсүн шарттады. Бардык партиялар, кыймылдар, коомдук-саясый уюмдар өздөрүнүн куралдуу топторунан баш тартат деп ойлойбуз. Биз баарыбыз мыйзамсыз куралдуу топторду жоюуга аракет кылышыбыз керек. Бул республиканын ичинде коомдук-саясый туруктуулукту түзүүнүн негизги шарты болуп саналат.

Цивилизациялуу, демократиялык коомдун негизги милдеттеринин бири адам укуктарын коргоо болуп саналат. Мен бул жогорку кызматта туруу менен, бул чөйрөнү дайыма көңүл борборуна кармай турганыма, адам укуктарын коргоо үчүн бардык кепилдиктерди түзүүгө сөз берем. Бир сөз менен айтканда, биздин коомдо инсандын толук экриндиги үчүн бардык шарттар түзүлөт. Бул көз караштан алганда азыркы этапта ар-намыс эркиндиги маселеси маанилүү орундардын бирин ээлейт. Биздин эл өз динине кайтып келди. Ислам дини дүйнөдө өзүнүн тарыхый ордун ээледи. Ал элдин руханиятына, анын илимий ой-жүгүртүүсүнө, күчүнө жана кубатына зор таасирин тийгизди. Биздин улуттук салттар, маданият исламдын аркасында муундан муунга берилип жана азыркы муунга чейин улуттук байлык катары жетти. Азербайжанда дин тутуу эркиндиги үчүн бардык шарттар түзүлгөн жана алдыда дагы түзүлөт жана дин республика үчүн ушул оор мезгилде жарандык тилектештикке, жарандык биримдикке жетүүдө чоң роль ойнойт деп ойлойбуз.

Азербайжан – көп улуттуу республика. Бул биздин республиканын мүнөздүү өзгөчөлүгү, ал бай тарыхка ээ жана биз бул тарых менен, рсепубликанын коомдук-саясый абалы менен сыймыктанабыз. Биздин республикада бардык жарандар, улуттук жана диний таандыктуулугуна карабастан, бирдей укуктарга ээ, бул жерде келечекте да жарандардын Азербайжан Республикасынын коомдук-саясый жашоосуна тең укуктуу катышуусу үчүн бардык шарттар түзүлөт. Бүгүн Президент кызматына киришүүм менен мени Кавказдын мусулмандар башчысы, христиан жана еврей диний конфессияларынын өкүлдөрү куттукташты. Өзүмдүн ыраазычылыгымды билдирүү менен, Азербайжанда бардык улуттардын жана диндердин тең укуктуулугун камсыздоо үчүн бардык зарыл иштер жасала турганына ишендирип кетким келет.

Республиканын көз карандысыздыгын чыңдоо жолунда негизги милдеттердин бири эл аралык аренада Азербайжандын кызыкчылыктарын коргоону шарттаган, сабаттуу, компетенттүү тышкы саясат болуп саналат. Тилекке каршы, көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин тышкы саясый чөйрөдө аз иш жасалды. Биз олуттуу милдеттерди чечишибиз керек. Биздин тышкы саясат биринчи кезекте, Азербайжандын көз карандысыздыгын камсыздоого башытталышы керек. Бардык мамлекеттер менен тең укуктуу, өз ара пайдалуу мамилелерди куруу жана өнүктүрүү, аларды Азербайжан Республикасынын эл аралык позициясын чыңдоо үчүн да, анын экономикасын, илимин, маданиятын өнүктүрүү үчүн да натыйжалуу колдонуу милдети турат. Бизде тынчтыкты сүйгөн тышкы саясат, биз кайсы бир мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн бузуу максатын койбойбуз. Бирок ошол эле убакта биз тышкы саясаттын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен, республиканын эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн камсыздоого аракет кылабыз. Ушундан кийин жасалган иштер Азербайжанды кеңири таануу үчүн шарттарды түзүп жана республика дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орунду ээлейт деп ойлойм.

Менин Президент болуп шайланышыма байланыштуу көптөгөн мамлекеттердин башчылары куттуктоо каттарын жөнөтүштү. Мен муну биринчи кезекте, Азербайжан Республикасынын көз карандысыздыгын, анын дүйнөлүк коомчулуктагы ордун таануу катары кабыл алам. Куттуктоо жөнөткөн мамлекеттердин жетекчилерине, ушул залдагы чет өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирүү менен, Азербайжан Республикасы көз карандысыз мамлекет катары бул жана башка өлкөлөр менен жемиштүү байланыштарды түзүүгө, оор кырдаалдан чыгуу үчүн алардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга аракет кылаарына ишендирип кетким келет. Чоң рахмат, сиздерге ыраазычылык билдирем жана сиздердин мамлекеттин жетекчилерине жана сиздердин элге бакыт жана сиздердин бардык иштерде ийгиликтерди каалайм.

Азербайжанды оор, каатчылык кырдаалдан чыгаруу үчүн социалдык-экономикалык чөйрөдө көп ишти жасоо керек. Эгерде көз карандысыздыкты алуу биз үчүн тарыхый окуя болсо, анда биздин экономиканын мындай абалда болуусу биз үчүн чоң кыйынчылыктарды жаратат. Тилекке каршы, акыркы жылдары республика баштан кечирип жаткан каатчылык экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизди.

Экономика толук кыйрады деп айтууга болот, бул жарандардын жыргалчылыгынын кескин төмөндөшүнө алып келди. Муну менен катар республика ири социалдык-экономикалык, илимий-техникалык потенциалга ээ экенин белгилей кетүү керек. Азербайжандын геосаясый абалы, анын жаратылыш байлыктары, көптөгөн жылдар аралыгында түзүлгөн негизги фонддор бул оор каатчылыктан чыгууну шарттайт. Бул көз караштан алганда, биз өзүбүздүн келечектеги ишмердүүлүгүбүздө, бир тарабынан, буга чейин түзүлгөн потенциалды натыйжалуу пайдаланып, башка жагынан – рынок экономикасынын багытында жылуу менен, экономикалык реформаларды жүргүзүшүбүз керек.

Бул татаал жана кыйын жол. Ондогон жылдар бою түзүлгөн социалдык-экономикалык системадан эркин рынокко өтүү көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолгон жана акыркы жылдары бул чөйрөдө жол берилген катачылыктар абалды ого бетер оорлотууда. Бирок биз ушул жол менен жүрүшүбүз керек, анткени башка жол жок. Бул ишти биз республиканын экономикасына, анын салттарына ылайык уюштурушубуз керек. Бул жол менен жүрүүдө, биз колдо бар экономикалык потенциалды колдонушубуз керек. Биз мындан ары аны талкалоого жол берүүгө укугубуз жок жана бул потенциал азербайжан элинин байлыгы катары республиканын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн, калктын бардык катмарынын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн пайдаланууга аракет кылышыбыз керек.

Биздин милдет – бул чөйрөдө демократиялык реформаларды жүргүзүү, ойлонулган кадамдарды жасоо, мен биз ушул жолго түшө тургандыгыбызды белгилейм. Ушуга байланыштуу мен Азербайжан Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирүүсүн өзгөчө белгилеп кетким келет. Республикада бул боюнча узак убакыт дебаттар болду жана акырында, Азербайжан КМГга кошулду. Бул кадам республиканын экономикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп ишенебиз жана биз аны толук ченемде пайдаланып калуубуз керек.

Белгилей кетсем, айрым топтор Азербайжандын КМШга кошулуусун коркунучтуу көрүнүш катары элестетүүгө аракет кылышууда. Бул жаңылыш пикир. КМШ курамында болуу менен, Азербайжан дайыма өзүнүн көз карандысыздыгын коргойт жана Шериктештикке катышуу республиканын көз карандысыздыгына чечкиндүү эч кандай зыян келтирбейт. Көз карандысыз мамлекет катары Азербайжан демократия жолуна түшүп, эл аралык демократиялык ченемдерди сактайт. Азербайжанда мындан ары эч качан коммунисттик идеология, коммунисттик режим калыбына келтирилбейт. Республиканын көпчүлүк жарандары ушундай пикирди карманат деп ойлойм. Азербайжан Республикасы мындан ары курамына кирбейт, кайсы бир мамлекеттин көз карандылыгына кабылбайт жана дайыма өзүнүн көз карандысыздыгын коргойт.

Биздин ички жана тышкы саясат дүйнөлүк демократиялык принциптердин негизинде курулат. Азербайжандын ичинде демократиялык принциптерди бекемдөө менен, биз тышкы саясатты Азербайжандын көз карандысыздыгын бекемдөө кызматына коебуз. Президент катары, мен бул тууралуу өз элимдин алдында ачык билдирем жана дайыма бул принциптерге ишенимдүү болоорумду белгилейм.

Кымбаттуу, урматтуу мекендештер!

Бүгүн мен үчүн тарыхый, куттуу күн. Дагы бир жолу мага көрсөтүлгөн жогорку ишеним үчүн Азербайдан жарандарына, бүтүндөй азербайжан элине өзүмдүн терең ыраазычылыгымды, сый-урматымды билдиргим келет жана өмүрүмдүн акырына чейин өз элиме ак дилимден кызмат кылып, өз ишмердүүлүгүмдү Азербайжан Республикасынын келечектеги өнүгүүсүнө арнай тургандыгыма ишендиргим келет.

Колумду Азербайжан Республикасынын Конституциясына коюп, өз билимимди, тажрыйбамды, күчүмдү азербайжан элинин, Азербайжан Республикасынын жыргалчылыгына жумшай тургандыгыма ант берем.

Президент милдеттерин жогорку максаттар, жогорку идеялар үчүн аткарып, Азербайжан Республикасынын толук көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн камсыздоо үчүн бардык күч-аракетимди жумшай тургандыгыма ант берем.

Азербайжан Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын аткаруунун, улутуна, дин тутумуна жана саясый ишенимдерине карабастан Азербайжандын бардык жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун кепилдиги, Азербайжан Республикасында эркиндиктин, демократиялык кайра жаралуулардын, анын демократиялык укуктук мамлекет катары өнүгүүсүнүн кепилдиги болоорума ант берем.

Азербайжан Республикасына, азербайжан элине татыктуу кызмат кылууга, биздин көз карандысыз мамлекет дүйнөнүн цивилизациялуу мамлекеттеринин арасында, дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орунду ээлеши үчүн аракет кылууга ант берем.

Колумду ыйык Куранга коюу менен, азербайжан элинин улуттук, рухий салттарына ишенимдүү болууга жана бул салттар биздин көз карандысыз мамлекетте бекемделип, жашап жана өнүгүшү үчүн кепилдиктерди камсыздоого ант берем.