1990 жылдын 20 январында коогалаӊга арналган Азербайжан Республикасынын Москвадагы Туруктуу өкүлчүлүгүндөгү жыйналыштагы Гейдар Алиевдин сөзү.


Урматтуу жолдоштор, айымдар жана мырзалар!

Сиздерге белгилүү болгондой мен көп жылдар бою Азербайжандын партиялык уюмун  жетектегем, Советтер Союзунун Комунисттик партиясынын борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү болуп шайлангам, СССРдин Министрлер  Кенешинин Төрагасы биринчи орун басары болуп иштегем.  Азыр эки жылдан ашуун пенсиядамын, кеӊ инфрактты башыман  өткөрдүм, ден соолугума байланыштуу  пенсияга чыккам. 1982 жылдан бери Азербайжандан чыгып кеткем. Бүгүн биринчи жолу   Азербайжан   СССРнин Москвадагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн  босогосун  аттадым.  Бул жерге  мени Азербайжандагы болуп өткөн  коогалаӊ алып келди.  Бул жөнүндө мен кечээ эртеӊ менен угуп мындай окуяга кайдыгер  болуп кала алган жокмун. Бул жерге менин келишимдин себеби бардыгынан мурда Москвада  туруктуу өкүчүлүктө азербайжан  жеринин кичинекей  аралчасы болгондуктан чоӊ зордук зомбулук  менен коштолгон  коогалаӊга байланыштуу бардык азербайжан   элине  көӊүл айтканы келдим.  Экинчиден, бул маселеге өзүмдүн мамилемди билдиргим келет. Азербайжандын Москвадагы Туруктуу өкүлүнөн  Зохраб Ибрагимовдон  менин сөздөрүмдү, тереӊ кайгымды,  чын журөктөн чыккан көӊул айтымдуу азербайжан   элине  жеткиринүү суранып жатам. ϴкүнүчтүүсү,  ушул убакытта  менде башка мүмкүнчүлүк жок.

Ал эми Азербайжандагы болуп өткөн окуяларды демократияга жат, гуманизмдин принциптерине жана биздин өлкөдө (СССРда)   укуктуу мамлекетти курууга толук карама-каршылыкта деп эсептейм.  Азербайжандагы   түзүлгөн жагдайдын белгилүү себептери бар. Майда-бараттарына толук токтолгум келбейт, анткени ал көп убакытты алат эле.  Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу  Карабахтагы  окуялар жана  тегерегиндегилер  менен байланышта пайда болгон улуттар  ортосундагы  жаӊжал эки жыл бою уланып жатат. Азербайжан менен Армениянын жетекчилери өлкөнүн жогорку партиялык саясий жетекчилиги  бул маселени жөнгө салууга, мамлекеттердин ич арасындагы согушту, улуттар ортосундагы  жаӊжалды токтотууга  жана биздин жалпы  федеративдуу  СССРде ар бир адамдын улутуна карабай эркин жашоого  шарттарды түзүүгө  эки жыл  жетиштүү мөөнөт эле.

Бирок, бул өткөн эки жылдын ичинде мындай багытта  жеткиликтүү чаралар ишке ашырылган  эмес деп эсептейм.  Эгер Тоолуу Карабахта  татаалдашуулар пайда болоордун башында тиешелүү чаралар барынан мурда өлкөнүн жогорку  партиялык саясий жетекчилиги менен кам кылынса, анда биз бүгүн  чыналыштын эскалациясын көрбөйт элек. Бул эки  жылдын ичинде эки жак тараптан  болгон  жоготууларды жана 1990 жылдын 19 январдын түнүнөн 20 январга чейин адамдардын  өмүрүн кыйган зыян менен  коштолгон согуш акциясы болбойт эле.

Албетте, мында азыр кызматынан түшүрүлгөн Азербайжан Комунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Везиров барынан мурда күнөлүү. Бул жогорку кызматта болгон мөөнөттүн ичинде ал Азербайжанда жагдайды стабилдештирүүгө эчтеке жасаган эмес. Тескерисинче, өзүнүн тура эмес аракеттери, иштин жарамсыз стили, тескери саясий  маневирлөө менен өзүн элге карама-каршы коюп, эч кандай авторитетке жеткен эмес, өзү менен элдин ортосунда туӊгуюкту түздү. Элдин кыжырын келтирди. Бакуда жана  Азербайжандын башка  шаарлары менен райондорунда бир нече айлардын ичинде болуп өткөн митингдерде Азербайжандын  партиялык жетекчилигин  кызматтан бошотуу жөнүндө талаптар коюлган.  Негизинен Везировду кызматтан бошотуу жөнүндө  сөз болгон. Буга чейин бул маселе  чечмеленбегени түшүнүксүз болуп, кечээ  гана Бакуга аскерлер киргизилгенде жана  кыйратуулар кылынганда Везиров  чынын айтканда, Азербайжандан качып кетти. Бул чоӊ  катачылык. Андан чоӊ ката болуп мындай максатка жарабаган  адам өз убагында Азербайжандын Комунисттик  партиясынын Борбордук Комитетинин  биринчи катчысына дайындалганы эсептелет.  Бирок иштин маӊызы мында гана эмес.

Азыр 19-январдын түнүнөн 20-январга чейин болгон жана ушул күнгө чейин уланып жаткан трагедияга токтолгум келет.  Азербайжандагы абалды саясий жөнгө келтирүү резервдери  болгон деп эсептейм.  Азербайжандын жетекчилиги, ошондой эле өлкөнүн (СССРдин) жогорку саясий жетекчилиги  бул мумкүндүктөрдү пайдаланган эмес.   Чегарага кол салуну  алдын алып сактап калса болот эле.  Анткени үч ай мурда эл чегара  тилкеси менен байланышкан өзүлөрүнүн талаптарын  коюшкан. Бирок, алар менен  кезигүүнү, түшүндүрүү  иштерди  өткөрүүнү, тиешелүү чараларды  колдонууну эч ким каалаган эмес. Кайталайм: элди тынчтандыруу үчүн мүмкүнчүлүктөр түгөнө элек.  Эгер 2-3 ай мурда Азербайжанда партиялык  жетекчиликти  чыӊдоо маселеси чечилсе,  анда ошол кырдаал  түзүлбөйт эле жана аскерлерди киргизүү зарылдыгы болбойт эле.  Маселени саясий жөнгө  келтирүүнүн  эл менен диалог  жүргүзүүнүн мүмкүндүктөрү бардык кырдаалдарда бар эле деп эсептейм.  Бирок алар пайдаланган эмес жана 19-январдын  түнүнөн 20-январга чейин Бакуга Советтик Армиянын, Ички  иштер министирлигинин аскерлеринин ири контингеттери киргизилген. Бул кандай кайгылүү  натыйжа алып  келгендиги азыр баарыбызга жакшы малым.  Мындай чечим кабыл алган  адамдардын жүрүм-турумун саясий катачылык  катары эсептейм. Орой саясий катачылык кетирилген.  Республикадагы чыныгы абалды, азербайжан элинин  психологиясын алар  билишкен эмес. Адамдардын ар кандай  катмарлары менен жетиштүү контакттарда болушкан эмес.  Мындай трагедияга айланып кетээрин  өздөрүнө элестетишкен эмес.

Буларды алдын ала билүү, тиешелүү чараларды  колдонуу, эмнелер маанилүү жана  эмне керек экендигин  эсептеш керек  эле.  Айтмакчы,  жарандардан  тышкары бир топ аскерлер бүлгүнгө учурагандыгы жөнүндө билдирүүлөр  келип түшкөн.  ϴлкөнүн жогорку партиялык  жетекчилигинин  ката чечими боюнча Азербайжанга мындайча айтканда  козголоӊду басууга  жиберилген орус жигитинин кандай күнөөсу бар деген суроо туулат.

Азербайжанга тыштан аскерлерди  ири  контингенти киргизилген.   Баса, Азербайжанда канча аскерлер бар экендиги мага жакшы белгилүү.  Ал жерде аскерлердин жетишээрлик  саны  дислокацияланган: 4-чү армия, Каспий    согуш-деӊиз флотармиясы,  десанттык аскерлердин дивизиясы, душман авияциясына каршы аскерлер, ИИМдин ички аскерлери.  Ал жерге аскерлерди кошумча киргизүүнүн эмне кажети бар эле? Зарылчылыкта ал жерде эле болгон  аскерлерди пайдаланса болот эле.  Мындай чечимди кабыл алган Азербайжандын жетекчилиги  жоопкерчиликти көтөрүшү керек, барынан мурда Азербайжандан качып кеткен Везиров болуш керек.  ϴлкөнүн жогорку саясий жетекчилигин  жанылыштырган маалымат бергендер дагы жоопкерчиликти тартышы керек. ϴлкөнүн саясий жетекчилиги өз убагында жеткиликтүү жана объективдүү  маалыматка ээ болгон эмес деп эсептейм.  ϴлкөнүн жетекчилигине адаштырган маалымат берилгендик үчүн ушундай чечим  кабыл алынган.

 Трагедияга тиешеси барлардын барын жазалоого тартуу керек.