Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 49-сессиясында сүйлөгөн сөзү, Нью-Йорк, 1994-жылдын 29-сентябры


scotch egg
scotch egg
temp-thumb
temp-thumb

 Урматтуу Төрага мырза!

Урматтуу Башкы катчы мырза!

Баарыдан мурда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 49-сессиясынын төроагалык кызматына шайлангандыгына байланыштуу Амар Эсси мырзаны куттуктап  жана анын ишине ийгиликтерди  каалап кетүүгө уруксат этиңиздер. Ошондой эле өткөн сессиянын төроагасы Самуэл Инсанелли мырзага да аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет.

БУУнун Башкы катчысы Бугрос Гали мырзага дүйнө жүзүндө тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого багытталган талыкпаган күч-аракеттери үчүн терең ыраазычылык билдиремин.

Мен ага озүнүн тарыхындагы кыйын кезеңди баштан кечирип жаткан биздин жаш мамлекеттин проблемаларына  жетиштүү көңүл бургандыгы үчүн айрыкча ыраазымын.

Айымдар жана мырзалар!

Эл аралык эң бир беделдүү форумдун трибунасында туруп, сиздердин алдыңыздарда толкундануу жана сыймыктануу сезими менен сүйлөп жатамын.  Биринчи жолу көз карандысыз Азербайжандын Президенти ушул коомчулук тарабынан таанылып жана ага тең укуктуу жана бирдей  өлкө катары кирген  өзүнүн өлкөсүн дүйнөлүк коомчулукка  тааныштырып жатат. 

Азербайжан эли кылымдар боюу эркиндикке умтулуп келген. Советтер Союзу кулагандан кийин улуттук көз карандысыздыкка ээ болду. Биздин республика  укуктук,д емократиялуу жана цивилизациялуу мамлекетти куруунун  жолуна түштү. Мына ушунун бары татаал процесс, ал бир күндө  эле боло калган жок,  бирок биз алдыга коюлган максатты карай ырааттуу бара жатабыз жана кыска мезгилдин ичинде  көп нерселер жасалды, укуктук демократиялуу коомду куру үчүн бардык шарттар түзүлдү. Биздин республикада  көп партиялуу система азыр эле бар, саясий плюрализмдин, инсандын, сөз, басма сөз, ар-намыс  эркиндигинин, адам укуктарын коргоо жана мыйзамдын жогору турушунун принциптери бекем орун алды. Көп улуттуу Азербайжандын бардык жарандары өңүнүн түсүнө, диний жана тилдик таандуулугуна карабастан, бирдей укуктардан пайдаланат. 

Саясий өзгөрүүлөр, өлкөнү демократиялаштыруу экономикалык терең реформаларды жүргүзүү үчүн шарттарды түздү, алар рыноктук мамилелерге өтүүнү камсыз кылды. Биз эркин ишкерликти, жеке демилгени өнүктүрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтөбүз, менчиктештирүүнүн кеңири масштабдуу  программасын ишке ашырууга кириштик, мында жалпы адамзаттык баалуулуктарга негизделген дүйнөлүк тажрыйбаны, цивилизациялуу, гүлдөгөн демократиялык коомду курууда  ири ийгиликтерге жетишкен дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн  алдыңкы тажрыйбасын пайдаланабыз. 

Европа менен Азиянын көптөгөн өлкөлөрдүн зор кызыгуусун пайда кылган маанилүү геосаясий  кошулушунда туруу, кеңири жаратылыш ресурстарына жана өнөр жайлык олуттуу потенциалга ээ болуу, азербайжан элинин бекем эркине таянуу менен,биз ушул стратегиялык курсту өзүбүздүн көз каранды эместигибизди  чыңдоого жана демократиялык рыноктук реформаларды  жүзөгө ашырууга карай жүргүзө беребиз. Бүгүн, мына ушул жогорку трибунадан туруп мен эч ким азаербайжан элин өзү багыт алган жолдон  чыгууга мажбурлай албайт жана  биз өз өлкөбүздүн келечегине оптимизм менен карайбыз деп бекем билдирип кетемин.

Биздин оптимизм ошондой эле  дүйнөдө болуп жаткан тарыхый процесстер, эл аралык мамилелер системасындагы олуттуу өзгөрүүлөр менен да  байланыштуу.  Анын келечектеги негизи аскердик конфронтацияны жана идеологиялык  карама-каршылыктын ордуна келип жаткан,тең укуктуу дүйнөлүк тартип болуп калары шексиз. Эл аралык укуккка, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын принциптерине жана жоболоруна ылайык өнөктөштүк, бардыгы үчүн бекем тынчтык жана коопсуздук  дүйнөлүк жаңы тартиптин пайдубалдуу принциптери болуп калууда. Биз күч колдонууга негизделген  касташкан дүйнөдөн кызматташтыктын жана гүлдөп-өсүүнүн  дооруна алып бара жаткан туннелдин аркы башынан жарыкты көрүп жатабыз жана ушул жол менен дүйнөдөгү бардык өлкөлөр жана элдер менен кол кармашып барууга даярбыз.

Бирок адамзатка кыйынчылык келтирип жаткан коркунучтар толугу менен четтетиле элек.  Эски стереотиптер дагы эле бар, ондогон жылдар боюу каршылашуудан келип чыккан, айрыкча куралсыздануу, массалык кыргын салуу куралдарын жоюу чөйрөсүндөгү көп сандаган проблемалар жоюла элек. Экономикалык мүмкүнчүлүктөрү ар кандай болгон мамлекеттердин өз ара мамилелери да мурдагыдай эле эски дартка чалдыккан бойдон калууда.  Мезгил бизге экологиялык коркунучтарга,  калктын санынын өсүшүнүн жана өнүгүүнүн проблемаларына байланыштуу  сыноолорду коюп жатат.

Агрессиялуу улутчулдук жана сепаратизм дүйнөлүк эски тартиптин кулашынын натыйжасы болуп калды, алар Кавказда жана Балканда, жер шарынын башка жерлеринде чыр-чатактарды пайда кылып, канн төгүүгө алып келүүдө. Ушул чыр-чатактар  көз карандысыз мамлекеттердин  өнүгүшүнө гана  тоскоолдук кылбастан, али бекемделе элек демократиянын орун алышына тикелей коркунуч тийгизүүдө, мунун өзү жалпы дүйнөлүк тынчтыкка  жана коопсуздукка  коркунуч келтирет.

Ошондуктан конфронтациядан кийинки дүйнөдөгү айрыкча жоопкерчилик  беделдүү эл аралык уюмдарга, улуу державаларга  жүктөлөт, алар өзүнүн саясий салмагын, экономикалык, фианансылык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен  жер шаарынын бардык булуң-бурчтарындагы чыр-чатактарды  басууга, тынчтыкты, туруктуулукту  жана коопсуздукту  чыңдоого өзүнүн дараметин кыйла активдүү  багыттоого тийиш.

Жаңы тартипти  курууда жетектөөчү роль эмдиги жылы өзүнүн 50 жылдыгын белгилей турган Бириккен Улуттар Уюмуна, бир катар чыр-чатактарды жана кризистик кырдаалдарды  токтотуу боюнча  тажрыйбасы бар анын Коопсуздук Кеңешине жетектөөчү роль таандык экендиги шексиз. Бирок Коопсуздук Кеңешинин алдында жеңил эмес сыноо турат:  ал эл аралык коомчулуктун алдында өзүнүн жаңы шарттардагы эффективдүүлүгүн  далилдөө керек болуп жатат. Бүгүнкү күндө Коопсуздук Кеңешинен өзүнүн резолюцияларын кепилдик менен аткарууга жетишүүдө зор туруктуулук айрыкча талап кылынууда.  Кеңештин курамын кеңейтүү аны чыңдоого көмөк  көрсөтөт деп ишенебиз.

Биз Башкы Ассамблеянын ролуна чоң маани беребиз,  биз аны барыдан мурда  компромисстерге жана таламдардын балансына  негизделген чечимдерди кабыл алууда  мамлекеттердин абдан тыгыз өз ара аракеттенүүсүнөн көрөбүз.

Азыркы шарттарда  БУУнун Башкы Катчысынын өз ыйгарым укуктарын  натыйжалуу пайдаланышынын, ошондой эле  эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда анны менен жоопкерчиликти тең бөлүшкөн, уюмга катышкан мамлекеттердин  мааниси өсөт.

Жалпысынан алганда Азербайжан Республикасы  БУУнун келечегине оптимизм менен баа берет жана  мындан  ары да Бириккен Улуттардын жогорку принциптерин  жактоого, уюмдун беделин жана натыйжалуулугун жогорулатууга жетишүүгө толук чечкиндүүлүк менен аракеттенет.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Эгерде сиздердин көпчүлүгүңүздөр үчүн «согуш», «куралдуу чыр-чатак» деген түшүнүтөр бактыга жараша  тарыхка же сиздин үйдөн алыс болгон окуя катары көрүнсө, ал эми менин элим үчүн – бул катал айкындык, кан төгүлгөн күндөр.

Алты жылдан бери Азербайжан жеринде согуш өртү жалындап жатат. Армения Республикасы Азербайжандын Тоолуу Карабах регионунда жашаган  армяндардын этностук тобунун өз тагдырын өзү чечүүгө болгон укугун ишке ашыруу деген шылтоо менен, биздин мамлекеттин аймагын аннексиялоонун, анын мамлекеттик чек араларын  күч менен өзгөртүүнүн жана азербайжан калкын тулуп-өскөн жеринен кубалап чыгуунун планын планын ачык эле ишке ашырып жатат.

Мына ушулардын бардыгыөзтагдырын өзү чечүү укугун өзү билишинче чечмелеп, ар кандай этностук топ  өзүнүн көз карандысыздыгын өзү аныктап, башка мамлекеттин  курамына кире алат деп чечмеленүүдө. Өз тагдырын өзү аныктоо укугун ушундай чечмелөө мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн  жана  аймактык бүтүндүгүнүн  принциптерине караама-каршы келет.Ушул укукту абсолюташтырууга болгон ар кандай аракетер катал чыр-чатактарга алып келет, ага биз  өз регионубузда  жана биздин планетанын башка жерлеринен күбө болуп жатабыз.

Ушул жаатта  БУУнун Башкы катчысы Бугрос Гали мырза да өзүнүн  тынчсыздануусун билдирди: «Эгерде ар бир этностук, диний же лингвистик топ мамлекеттүүлүктү талап кыла баштаса, анда бөлүнүүнүн  чеги болбой калат,  дүйнөдөгү тынчтык, коопсуздук жана экономикалык жыргалчылык жетүүгө  дагы кыйла кыйын болуп калат».

Мен урматтуу Бугрос Галинин «элдердин өз тагдырын өзү чечүү укугу жана эгемендүүлүк   калыптанган   эл аралык системанын алкагында  карама-каршы болуп калышына жол берүүгө болбойт деген пикирине толук макулмун,

Дүйнөлүк коомчулук биздин региондогу окуялар менен жетишсиз жана бир катар учурларда бир жактуу маалымат алганына байланыштуу  Сиздерди айкын абал менен  кыскача таааныштыра кетейин. Азербайжандын Тоолуу Карабах регионунун аймагында  аскерлердин кубаттуу тобун түзүү менен  Армения Республикасы  биздин республикага каршы  активдүү согуш аракеттерин  жайылтты. Шуши шаарын жана Лачи районун басып алгандан кийин, Тоолуу Карабахты  аннексиялоо аяктады, ал жерде жашаган 50 миңге жакын азербайжандыктар куулуп чыкты.Тоолуу Карабах плацдармын  пайдалануу менен армян аскер түзүлүштөрү  андан кийинки чабуулдун жүрүшүндө  азербайжандын  дагы 6 районун – Кяльбаджар, Агдам, Физули, Джебраил, Зангилан жана Губаддин райондорун оккупациялап алышты, бул райондор да Лучин району сыяктуу эле  мурдагы Тоолуу Карабах  автономиясынын чегинен тышкары жайгашкан жана  аянты боюнча андан чоң болуп эсептелет.

Агрессиянын натыйжасында  Азербайжандын аймагынын 20 пайыздан ашыгы  Армения Республикасынын куралдуу күчтөрү менен  оккупацияланды. Мен коркунучтуу жоготуулар жөнүндө айтышым керек:  20 миңден ашык адам курман болду, 100 миңге жакын адам  жаракат алды жана мертинүүгө дуушар болду, 6 миңге жакын адам туткунга алдынды, Бир миллиондон ашык азербайжандар –өлкөнүн калкынын 15 пайызга жакыны  - качкындар болуп калышты жана чатыр шаарчаларда жашап жатышат. Алар өз мекенинде үй-жайынан ажырап, ысыктан, сууктан жана эпидемиялардан азап тартып жатышат,эң керектүү нерселерге жетпей, зар болуп отурушат.  Азербайжандын оккупацияланган  аймактарында 700 шаар жана айыл талкаланды,  ал жерлердеги дээрлик бардык үйлөр,мектептер, ооруканалар өрттөлдү жана талап-тонолду, байыркы маданият эстеликтери жок кылынды.

Бул жерде иш  «өз тагдырын өзү аныктоо» укугунда эмес экендигин, эл аралык укук одоно бузулуп, БУУнун мүчөсү болгон мамлекеттин эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө каршы  агрессия жүрүп жатканын далилдөөнүн кереги жок деп ойлоймун.

Согуш менин элим чыдоого болбой турган шарттарды түзүп,..социалдык курч абалды күчөтүп, азербайжан коомун демократиялаштырууга багытталган экономикалык жана саясий реформаларга жолтоо болуп жатат.

Согуштун натыйжасында азербайжан эллине эбегейсиз зор материалдык зыян келтирилди, ал миллиарддаган долларга жетти. Ал эми адамдын тагдырына балта чапкан жана курмандыктарга дуушар кылган моралдык зыянды, элдин кайгы муңун эмне менен өлчөй аласың.

Бүгүнкү күндө Азербайжанда эле канн төгүлүп жаткан жери жок, дүйнөнүн башка жерлеринде да  ушундай окуялар болуп жатат.  Ошондуктан адамдарсогуш жүрүп жаткан жердегикайгылуу окуяларга кайдыгер  мамиле кылбоого тийиш. Куралдуу чыр-атактарды эскалациялоого жол бербөө үчүн жалпы күч-аракеттерди бириктирип  аракеттениш керек, аларды адилет жана бекем жөнгө салуууга жетишүү зарыл.

Айымдар жана мырзалар!

Армения Республикасынын куралдуу күчтөрү тарабынан  Азербайжандын аймагын оккупациялоого байланыштуу  акыркы эки жылдын ичинде  Коопсуздук Кеңеши  4 резолюция жана анын төрагасы  6  билдирүү абыл алды.

Коопсуздук Кеңеши өзүнүн бардык резолюцияларында Азербайжан Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн ырастайт, күч колдонууга жана аймактарды басып алууга жолберилбей тургандыгын  баса белгилейт, Азербайжандын басылып алынган бардык райондорунан  оккупациялап алган бардык күчтөрдү  токтоосуз, толук жана кыңк этпестен чыгарып кетүүнү жана качкындарды алардын туруктуу жашаган жерине  кайтарууну чечкиндүү түрдө талап кылууда. 

Бирок бардык ушул чечимдер Армения Республикасы тарабынан этибарга алынбай жатат. Анын үстүнө  ал Азербайжандын оккупацияланган райондорунда өзүнүн аскерлеринен санын көбөйтүүнү улантууда.

Экинчи тараптан коопсуздук кеңеши да кабыл алынган чечимдерди аткаруунун механизмдерин ишке киргизген жок. Бул жерде Коопсуздук Кеңешинин канчалык ырааттуулугу жана чечкиндүүлүгү жана ар бир айкын учурда анын ыйгарым укуктарынын колдонулуш даражасы эмне менен аныкталат? деген суроо келип чыгат. Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин аткарбоо БУУга каршы иштейт жана анын өзүнүн негизги милдетин – эл аралык тынчтыкты жана коопсуздук сактоо милдетин аткаруу жөндөмдүүлүгүнө болгон ишенимди жоготуп коюушу мүмкүн.

Региондук чыр-чатактарды жөнгө салуунун топтолгон тажрыйбасы резолюцияларды аткаруу боюнча күч-аракеттер БУУнун Уставында каралган чечкиндүү чаралар менен бекемделгенде гана ийгиликке алып келээрин көрсөтүүдө.

Беделдүү эл аралык уюмдун дүйнөлүк коомчулуктун алдындагы парызы – эл аралык укуктун ченемдерин одоно бузуп жаткан мамлекетке карата таасирдүү чараларды көрүү болуп саналат.

Армян – Азербайжан чыр-чатагын жөнгө салуу боюнча күч –аракеттерде биз ОБСЕ сыяктуу беделдүү уюмга да таянабыз. ОБСЕ тарабынан түзүлгөн Армян –Азержайжан чыр-чатагын жөнгө салуу боюнча Минск тобу да оккупациялап турган күчтөрдү бардык басып алган бошотуунун жана оккупациялаган күчтөрдү Азербайжандын чегинен тышкары чыгаруунун зарылдыгына, анын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана эл аралык таанылган чек араларынын бүтүндүгүн урматтоонун зарылдыгына негизделет.

Бирок анда тиешелүү механизмдердин жокутугунан улам ОБСЕнин көп сандаган күч аракеттери ушул кезге чейин кандайдыр бир сезилээрлик, айкын натыйжаларга алып келген жок. Бүгүнкү күндө биз бир гана позитивдүү натыйжага жетиштик: зор күч-аракеттердин жана Россия Федерациясы менен ОБСЕнин Минск тобунун активдүү ортомчулук миссиясынын натыйжасында чыр-чатак зонасында ок атууну токтотууга жетишилди.

Мына төрт айдан бери ок атылбай, кан төгүлбөй турат. Биз муна ушулардын бардыгын жогору баалайбыз. Бирок кырдаал болсо баары бир абдан татаал, ал эми элдешүү болсо өтө эле борпоң болуп турат.

Армения Республикасы укукка жат шарттарды коюуда. Ал оккупацияланган Азербайжан аймагынын бөлүктөрүнүн ордуна Азербайжан Республикасынын Тоолуу Карабах регионунун көз карандысыздык статусу менен алмашуу шартын коюп жатат. Ал өзүнүн мына ушул Азербайжан регионундагы аскерлеринин турушун Азербайжандын Шуша шаарына жана Лачин районуна контролдук жүргүзүүнү талап кылууда, мунун өзү иш жүзүндө биздин аймактары аннексиялоону билдирет.

Армения  Тоолуу Карабахтагы чыр-чатак башталган учурга карата калыптанган демографиялык көрүнүштү калыбына келтирүүнү жана ал жерге Азербайжан калкынын кайтып келишин, анын ичинде Азербайжан маданиятынын байыркы борбору Шушу шаарына кайтып келишин толугу менен жокко чыгарып жатат.

Мына ушул шарттарда Армения БУУнун Коопсуздук Кеңешинин шарттарын аткарбастан өзү оккупациялап алган Азербайжандын Тоолуу Карабах регионунун периметри боюнча эл аралык бөлүштүргүч күчтөрдү жайгаштырууну сунуш кылып жатат, мында ал бул күчтөрдү кырдаалды консервациялоонун шайманына айландырууга, аларды өзүнүн аннексиялык саясатынын барымтасы катары кылууга умтулуп жатат.

Азербайжан Республикасынын позициясы болсо ар дайым конструктивдүү болгон жана тынчтык мүнөздө болуп саналат. Бизге келтирилген бардык зыяндарга карабастан, биз армян тарапка адилеттүүлүктүн жана гумандуулуктун эл аралык укугунун негизинде тынчтыкты сунуш кылып жатабыз. Биз Тоолуу Карабахтагы армян калкынын коопсуздугуна кепилдик берүүгө даярбыз. Биз региондо өз ара коммуникациялардын кадыресе иш жүргүзүшүн калыбына келтирилишине, анын ичинде Тоолуу Карабах менен Армения Республикасынын ортосунда гуманитардык коридордун болушуна да макулбуз. Биз зарыл учурда чыр-чатак зонасына эл аралык тынчтыкты сактоо күчтөрүн жайгаштырууга да макулбуз. Биз Азербайжан мамлекетинин курамындагы Тоолуу Карабахтын статусун талкуулоого да даярбыз.

Бирок биз үчүн четтеп кетүүгө болбой турган  ченемдер жана принциптер бар – бул Азербайжандын эгемендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү, бардык оккупацияланган аймакты бошотуу, качкындарды өзүнүн турган жерлерине кайтаруу, анын ичинде элүү миң Азербайжан качкындарды өз мекени болгон Тоолуу Карабахка кайтаруу.

Азербайжан Республикасы чыр-чатакты,  саясий тынч жол менен жөнгө салууга ык тартуу менен, Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы аркылуу агрессиянын кесепеттерин жоюу менен гана, бекем, узак тынчтыкты калыбына келтирүү жана региондун бүткүл калкынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында туруктуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болот.

Мында биз дүйнөлүк коомчулуктун макулдашылган тынч чечимдерди ишке ашырууну камсыз кылууга таянабыз, мында эле аралык ченемдерге ылайык тынчтыкты орнотуучулардын так мандаты болууга тийиш.

Ок атууну токтотуу жөнүндө жетишилген макулдашууну жогору баалоо менен, биз мунун өзү али тынчтык эмес экендигин, бирок ал ага тезинене жетишүү үчүн зарыл шарттарды түзөөрүн түшүнөбүз. Биз ок атууну толук тынчтык макулдашууга жетишкенге жана куралдуу чыр-чатакты толук токтотууга жетишкенге чейин ок атууну токтотуу режимин сактоого чечкиндүүлүгүбүздү бир нече жолу билдирдик. Бүгүн мен бул тууралуу ушул Бирикккен Улуттук Уюмунун Жогорку Трибунасынан туруп дагы бир жолу билдиремин:

ОБСЕнин Минск тобунун жана Россия Федерациясынын тынчтык орнотуучу ишине колдоо көрсөтүү менен бардык күч-аракеттерди консолидациялоону чыр-чатакты жөнгө салуудагы кандайдыр бир атаандашууга каршы күрөшүүнү жактап чыгабыз.  Мындай атаандаштык Азербайжан жана Армения эле бирдей даражада муктаж болуп жаткан тынчтыкка жетишүүнү татаалдатышы мүмкүн.

Биздин оккупацияланган Азербайжандын бардык аймагын толук бошотуу жөнүндө талабыбыз укукка ылайыктуу болуп саналат, ал толугу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык келет. Кайсыл бир райондорду аннексиялоого болгон аракеттер биз үчүн алгылыксыз жана эл аралык укуктун ченемдерине карама-карыш келет.

Бизге таңууланган согуштун натыйжасында республикада өтө катаал гуманитардык кырдаал түзүлдү.  Жети миллион эли бар өлкөнүн ар бир жетинчи адамы үй-жайы, жумушу, жашоо каражаттары жок качкын болуп эсептелет. Орду толгус кордуктарга чыдоо менен качкындар жана жер которгон адамдар чатырлуу лагерлерде баш калкалап жатышат. Кышкы катаал шарттар, тамак-аштын зарыл санынын, медикаменттердин жоктугу мына ушул калктын кыйла аялуу тобунун арасында эпидемия жана ачкачылык коркунучун түздү. Качкындарды экстремалдык кырдаалдан арылтуу Азербайжан мамлекетинин башкы камкордугунун бири болуп калды. Биздин шашылыш чакырыгыбызга эл аралык уюмдар, бир катар мамлекеттер көңүл бурушту жана биз Швециянын, Улуу Британиянын, Германиянын, Япониянын, Швейцариянын, Голландиянын, Даниянын өкмөттөрүнө чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз. Алар БУУнун Азербайжанга гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча программасынын кыйла ири донорлору болуп калышты.

Кош тараптуу байланыштардын багыты боюнча Азербайжанган олуттуу гуманитардык жардам көрсөткөн Түркияны, Иранды, Сауд Аравиясынын жана башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө да ыраазыбыз.

Урматтуу айымдар жана мырзалар! Биздин республиканын эл аралык системасындагы ролуна Азербайжандын географиялык абалынан, социалдык-саясий багытынан жана чыгыштын жана батыштын  цивилизациясы бир бүтүн болуп бириккен биздин өлкөнүн салттарынан улам келип чыккан өзгөчөлүгү мүнөздүү белгиге ээ кылат.

Дал мына ушул өзүнүн өзгөчөлүктөрүн билүүгө ылайык жана өзгөрүүлөрдүн чакырыктарын эске алуу менен, биз кадам таштаган сайын тышкы дүйнө менен конструкциялык кызматташтыкты куруп жатабыз.

Азербайжан Республикасын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган мезгилден бери биз өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү менен тең укуктуу, шайкеш мамилелерди орноттук жана көптөгөн дүйнөлүк жана региондук уюмдарга кирдик, өзүбүздүн эл аралык мамилелерибизди кеңейтүү, белгилүү бир шарттардын негизинде жоголуп бара жаткан байланыштарды калыбына келтирүү үчүн олуттуу күч-аракеттерди жасадык.

Мурдагы СССРдин аймагында түзүлгөн көз карандысыз мамлекеттер менен тарыхый, географиялык, экономикалык жана гуманитардык байланыштарга айрыкча маани берүү менен биз алар менен, айрыкча Россия менен кош тараптуу мамилелердин негизинде да, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында да тең укуктуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү жактайбыз.

Азербайжандын Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британиянын Бириккен Королдугу, Франция, Кытай менен достук мамилелери ийгиликтүү өнүгүп жатат. Ынак коңшулуктун тыгыз байланыштары бизди жакын жаткан региондордогу, Түркия, Иран, Сауд Аравиясы, Египет, Пакистан сыяктуу өлкөлөр менен байланыштырып турат, биз алар менен Ислам конференциясынын уюмунун алкагында да кызматташабыз.

Ушул жылдын май айында НАТОнун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” Программасына кошулуу Азербайжандын саясий турмушундагы маанилүү окуя болуп калды. Бул программада бизди өзүнө тартып турган нерсе жалпы коопсуздуктун таламдарындагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү болуп саналат. Мен ушул программага Варшава келишиминин мурдагы мүчөлөрүнүн кошулушун колдоймун. Мунун өзү бүткүл Европа континентине аны келечекте тынч кызматташуу күтүп турат деген ишенимди берет, ал коопсуздукту, бардык элдердин прогрессин жана гүлдөп өсүшүн камсыз кылат, жаңы конфронтациялык блоктордун пайда болуу мүмкүнчүлүгүн четтетет. Биз НАТО программасына катышуу биздин өлкөнүн Европа Коопсуздугунун жаңы архитектурасын түзүүдөгү ролун жогорулатат деп ишенебиз.

Үстүбүздөгү жылы Азербайжан Республикасына Кошулбоо Кыймылына байкоочунун статусу берилди, мунун өзү биздин алдыбызга ушул кыймылга мүчө болгон өлкөлөр менен ар кандай жактардагы кош тараптуу байланыштарды жөнгө салуу жана позицияларды жакындаштыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет.

Жаш Азербайжан мамлекетинин калыптануу процессиндеги эң маанилүү этап анын 1992-жылдын январь айында Бириккен Улуттар Уюмуна толук укуктуу мүчө катары өтүшү болуп калды. Ушул мезгилден тартып биздин БУУга кирген көптөгөн эл аралык уюмдар менен кызматташтыгыбыздын масштабы өсүп жатат. Эл аралык Валюта фонду, Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Реконструкция жана Өнүктүрүү банкы менен өз ара аракеттер биз үчүн айрыкча маанилүү болуп саналат. Дүйнөдөгү ушул ири финансылык институттардын адистеринин Азербайжандагы практикалык ишинин натыйжасында биздин көлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн чоң мааниге ээ болгон айкын долбоорлор аныкталды.

Биз Эл аралык финансылык инститтутар менен үзүрлүү кызматташуу үчүн биздин кеңири мүмкүнчүлүктөрүбүз бар деп ойлойбуз. Азербайжан Республикасы тартылган иш жүзүндөгү согуштук абалга байланыштуу Биз Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банктын жетекчилеринин аярлыгын жана тынчсыздануусун түшүнүп турабыз.  Бирок    ошол эле мезгилде Эл аралык Валюта Фонду биз менен согушуп жаткан Армения үчүн турукташтыруучу кредит берди. Биз адилеттүүлүк эң жок дегенде мына ушул маселеде симметриялуу мамилени талап кылат деп эсептейбиз.

Биз БУУнун өнүктүрүү программмасынын жана БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасынын,  рыноктук экономиканын инфраструктурасын калыбына келтирүүнүн, өлкөнү башкаруунун заманбап деңгээлине чыгаруунун, алдыңкы технологияларды жайылтуунун улуттук программаларды иштеп чыгуу жагынан көп нерселерди күтөбүз.

Биз эл аралык кызматташтыкка айрыкча маани беребиз жана мен терең канааттануу сезими менен сиздерге Азербайжан Республикасы 20-сентябрда Каспий деңизинин Азербайжан секторундагы мунай кенин биргелешип пайдалануу боюнча бир катар ири компаниялардын консорциуму менен 30 жылдык мөөнөттөгү контрактка кол койгондугун билдирип кетким келет, мунун өзү узакка созулган өжөр сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болуп калды.

Мына ушулу ири экономикалык акция биздин бардык дүйнө үчүн ачыктыгыбыздын саясатынын, экономиканы либералдаштыруу саясатынын, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун күбөсү болуп саналат. Ушул теңдешсиз контрактка кол коюу аны ишке ашырууга катышкан элдердин жана өлкөлөрдүн – Азербайжандын, АКШнын, Россиянын, Улуу Британия Бириккен Королдугунун, Түркиянын, Норвегиянын, Сауд Аравиясынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого көмөк көрсөтөт. Ушуну айтуу менен мен Азербайжан Республикасы дүйнөлүк коомчулукка толук укуктуу интеграцияланууга багытталгандыгын жана бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Ошондуктан анын саясатынын негизинде тынчтыкка умтулуу жатат жана биз ага жетишүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмуна чоң ишеним жүктөйбүз.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Азербайжан эли мени өзүнүн жаш көз карандысыз мамлекетинин президенти кылып шайлоо менен мага абдан чоң ишеним көрсөттүү жана мен бүгүн анын эң бир ыйык сезимдерин сиздерге жеткирүүгө татыктуу болдум. Мен БУУнун Башкы Ассамблеясынын ушул трибунасынан менин элимдин үнү сиздерге угулат жана силердин жүрөктөн түнөк табат деген ишеним менен түшөмүн.

Көңүл бурганыңыздар үчүн ырахмат!