Ходжалин трагедиясы – адамзатка каршы жасалган кылмыш


Армян улутчулдары тарабынан Азербайжан элине карата колдонулуп жаткан геноцид жана агрессия саясатынын эки жүз жылдан ашык тарыхы бар. Азербайжандыктарды алардын туулуп-өскөн жерлеринен сүрүп чыгаруу жана армяндын тарыхчылары жана идиологдору тарабынан ойдон чыгарылган  “Улуу Арменияны” түзүү ушул саясаттын максаты болуп саналат. Өзүнүн жек көрүмдү жана коркунучтуу саясатын жүзөгө ашыруу үчүн алар тарабынан ар кандай ыкмалар жана каражаттар, тарыхый маалымдамаларды бурмалоо, саясий чагымчылык пайдаланылып, күжүрмөн улутчулдук, коңшу элдерге карата сепаратизм жана агрессия мамлекеттик деңгээлде колдоого алынып турган, ушул максатта Арменияда жана айрым чет мамлекеттерде “улуттук-маданий”, диний, саясий жана атүгүл террорчулук уюмдар түзүлүп армян диаспорасынын мүмкүнчүлүктөрү мобилизацияланган жана ага түрткү берилип турган. 

XIX кылымдын биринчи чейрегинде Россия менен Ирандын ортосундагы согуштун натыйжасында Азербайжандын жерлеринин эки бөлүккө бөлүнүшү  менен, Ирандан жана Түркиядан келген армяндардын Карабахтын аймагына максатка багытталган массалык көчүп келүү процесси башталган, мунун өзү Карабахтагы демографиялык кырдаалды  түп тамырынан өзгөрткөн. 1905-жылы армян улутчулдары тарабынан Азербайжандыктардын өзүнүн жеринде аларга карата кыргын салуу жүргүзүлгөн жүздөгөн калктуу конуштар кыйратылган. 1918-жылы саясий жана аскердик жетекчилиги негизинен армяндардан турган Баку коммунасынын колдоосу менен Баку губерниясын Азербайжандардан тазалоо максатын көздөгөн жек көрүндү план жүзөгө ашырылган. Натыйжада жүз миңдеген карапайым тургундар жок кылынып, калктуу конуштар, маданий эстеликтер, мечиттер жана мектептер талкаланган. Армяндар тарабынан Гяндждагы, Шамахыдагы, Губедеги, Лянкярандагы, Карабахтагы, Мугандагы жана Азербайжандын башка булуң-бурчтарындагы карапайым Азербайжан калкына кордук көрсөтүлгөн. 

Азербайжандыктарга карата геноцид жана депортация саясаты улуттардын жана элдердин тең укуктуулугу жөнүндө ураан жарыяланган совет бийлигинин мезгилинде да айлакер жана каардуу ыкмалар менен улантылган. Ушул мезгилде Азербайжанга карата көп сандаган туура эмес жана адилетсиз чечимдер кабыл алынган. 20-жылдарда Азербайжандын аймагы болуп эсептелген Зангезур эч кандай негиздерсиз эле Арменияга берилген жана ошентип Азербайжандын байыркы жергеси – Нахчыван биздин мекендин калган бөлүгүнөн ажырап калган. Тоолуу Карабахта болсо Армян автономиясы түзүлгөн. СССРдин жетекчилиги тарабынан 1948-1953-жылдарда кабыл алынган өзүм билемдик чечимдердин натыйжасында армяндар туулган жерлеринен жүздөгөн азербайжандыктарды депортациялоого жетишкен жана иш жүзүндө Армениянын аймагында моноэтностук республиканы түзүүгө жетишкен. 

1988-жылы башталган эч бир негизи жок Тоолуу Карабах чыр-чатагы Азербайжандын аймагында удургуп жаткан Армяндык реакция жана ушул реакциянын курмандыгы болуп калган күнөөсүз Азербайжан калкынын тарткан азап-тозогу тилекке каршы СССРдин мурдагы жетекчилигинин жана цивилизациялуу дүйнөнүн кайдыгер мамилесине дуушар болду.  Ушул сыяктуу кырдаалга шыктануу жана андан пайдалануу менен армяндар азербайжандыктарга каршы геноцид саясатын ырааттуулук менен улантууга жана тарыхта болбогон кылмыштарды жасоого киришти. Азербайжандын куралдуу күчтөрү тарабынан Азербайжандын аймагынын 20 пайызы, анын ичинде Тоолуу Карабахтын тегерегиндеги 7 район – Кельбаджар, Лачин, Агдам, Физули, Джебраил, Губадлы жана Зангилан басылып алынды. Бир миллиондон ашык Азербайжандар туулуп өскөн жеринен мыкаачылык менен куулуп чыкты. Он миңдеген адамдар өлтүрүлдү, майып болуп калды, туткунга алынды. Жүздөгөн турак жай, миңдеген маданий, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелери, маданий жана тарыхый эстеликтер, мечиттер, сыйынуу жайлары, көрүстөндөр армяндык болуп көрбөгөндөй вандализмдин курмандыгы болуп жер менен жексен кылынды. 

Чыр-чатактын алгачкы жылдарында армяндык куралдуу бандиттер тарабынан Тоолуу Карабахтын Кяркиджахан, Мешали, Гушчулар, Гарадаглы, Агдабан жана азербайжандыктар жашаган башка айылдардагы жасаган трагедиялары, жана акырында Ходжалыдагы геноцид кылмыш болуп эсептелет жана “алсыз жана азап тарткан армяндардын” жүзүндөгү кара так бойдон бир отоло калат. Ходжалы трагедиясы ХХ кылымдын тири укмуш кылмыштарынын бири болуп эсептелет, ал Азербайжан элине карата “Улуу Арменияны” жана моноэтностук мамлекетти түзүү боюнча шовинисттик саясаттын авторлору болгон армяндар тарабынан жасалган. ХХ кылымдын акырында армяндык баскынчылар өзүнүн жазасыз калгандыгынын натыйжасында, ушул кезге чейин дүйнөлүк коомчулук жана эл аралык уюмдар тарабынан алардын 1905-жылы башталган Азербайжан жерлерин басып алышы, адамзатка каршы тир укмуш кылмыштарды жана мыкаачылыкты жасашы аңдалбагандыгынын, сындалбагандыгынын жана болтурбай коюлбагандыгынын натыйжасында улантышты. 

1992-жылдын 22-февралынын түнүндө армяндык куралдуу күчтөр СССРдин мезгилинде эле Ханкенди шаарында жайгашкан 366 мото аткычтар полкунун техникасынын жана аскерлеринин жардамы менен байыркы Ходжалы шаарын жер менен жексен кылышты,  бул полктун өздүк курамынын олуттуу бөлүгү армяндардан турган, мына ушул күн Азербайжандын тарыхында кандуу тамгалар менен жазылып калды. 

Адегенде Ходжалы замбиректердин жана башка согуштук техниканын интенсивдүү атуусунун натыйжасында талкаланды. Шаардын аймагында өрт башталды, андан кийин бир нече багытта шаарга жөө аскер күчтөрү кирип келишти жана аман калган тургундарды катуу жазалашты.

Ошол күнү кыска мезгилдин ичинде армяндык куралдуу топтор катаалдык жана мыкаачылык менен 613 карапайым тургунду жок кылышты, ал эми 421 адам оор жаракат алды.

Курчоодон качып чыгууга мүмкүнчүлүк алган карапайым тургундар токойдо буктурмада жаткан армяндык аскерлер тарабынан өзгөчө жырткычтык менен өлтүрүлдү. Кутурган желдеттер адамдардын баш терисин сыйрып, денесинин ар кандай жерлерин кесип алышып, жаш балдардын көздөрүн оюп, кош бойлуу аялдардын ичин жарышкан, адамдарды жерге тирүүлөй көмүшкөн же аларды өрттөшкөн, ал эми өлүктөрдүн бир бөлүгүнө алар тарабынан мина коюлган. 

Мына ушул мезгилде 1275 адам дайынсыз жок болгон жана туткунга алынган. Он миң адам жашаган шаар таланып тонолгон, курулуштар таланган жана өрттөлгөн. 150  адамдын анын ичинде 68 аялдын жана 26 баланын тагдыры ушул кезге чейин белгисиз. Трагедиянын натыйжасында карапайым калктын ичиндеги миңден ашык адам ок атуулардан алынган ар кандай жаракаттардын натыйжасында майып болуп калышты. Өлгөндөрдүн катарында 106 аял, 83 жаш бала, 70 карыган адам болгон, 487 адам майып болуп калышты, алардын ичинде 76 өспүрүм бар. 

Мына ушул аскердик саясий кылмыштын натыйжасында 6 үй-бүлө толугу менен жок кылынып 25 бала ата-энесинин экөөнөн тең, 130 бала ата-энесинин биринен ажырашкан. Курман болгондордун ичинен 56 адам тирүүлөй өрттөлгөн. 

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Ходжалы геноцидинин бир жылдыгына байланыштуу Азербайжан элине кайрылуусунда айтылган сөзү боюнча эч кандай аскердик зарылдыксыз эле жүздөгөн карапайым тургундар тарыхта мурда болуп көрбөгөн мыкаачылык менен өлтүрүлдү ал эми алардын өлүктөрү маскараланды. Балдар, аялдар, карылар, бүтүндөй үй бүлөлөр жок кылынды.  ХХ кылымдын акырында азербайжан элине гана эмес, ошондой эле бүткүл адамзатка каршы эң оор кылмыштардын бири жасалды. Бирок өзүнүн оордугу, мыкаачылыгы жана катаалдыгы боюнча Ходжалы трагедиясы адамзатка каршы жасалган кылмыштардын ичинде өзгөчө орунду ээлеп турат”. 

Тарыхта мурда болуп көрбөгөн ушул сыяктуу мыкаачылык ХХ кылымдын акырында жана бүткүл дүйнөнүн көз алдында адамдар тарабынан жасалгандыгын элестетүү кыйын! 

Азербайжандын мамлекеттик көз карандсыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнѳ каршы террордук саясаттын көрүнүшү менен катар мына ушул массалык жана аёсуз кыргындын актысы жалаң гана азербайжандыктарга эмес жалпы эле адамзатка каршы катаал кылмыш болуп эсептелет. Хожалы геноцидин жасоо менен армян улутчулдары баскынчыларга өз жерин берүүнү каалабаган азербайжан элин коркутуу, анын күрөшкө болгон эркин сындыруу жана жок кылуу максатын көздөгөн. 

Ходжалы шаарына кол салуу боюнча операцияга 366 полктун экинчи батальонунун командири Сейран Оганян, үчүнчү батальондун командири Евгений Набоких, биринчи батальондун штабынын башчысы Валерий Читчян жетекчилик кылышкан. Операцияга 90дон ашык танк аскердик машиналар жана башка аскердик техника тартылган. Карапайым калктын геноцидине полктун аскер кызматчылары Славик Арутюнян, Андрей Ишханян, Сергей Бегларян, Мовсес Акопян, Григорий Кисебекян, Вачик Мирзоян, Вачаган Айриян, Александр Айрапетян жана башкалар активдүү катышкан, армяндык куралдуу түзүлүштөрдүн мүчөлөрүнүн ичинен Каро Петросян, Сейран Тумасян, Валерик Григорян жана башкалар катышкан. Ходжалынын тынч жаткан  калкын катаал жазалагандардын ичинде Ханкенди шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Армо Абрамян, Аскеран райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Маврик Гукасян, анын орун басары Шаген Барсегян, Тоолуу Карабахтагы армяндык элдик фронттун төрагасы Виталий Валасанян, Ханкендидеги шаардык түрмөнүн башчысы Сержик Кочарян жана башкалар болгондугу аныкталды. Ходжалы геноцидин жасоо мезгилинде майор болуп жүргөн С.Оганян азыр генералдын погондорун тагынып Армения республикасынын коргоо министри болуп жүрөт. Ушул кылмыштын бир катар башка катышуучулары да Армения тарабынан түзүлгөн марионеткалык режимде жана Армениянын мамлекеттик органдарында ар кандай кызматты ээлеп турушат. БУУнун башкы ассамблеясынын 1946-жылдын 11 –декабрындагы 96 резолюциясында геноцид адамдардын  топторунун жашоого болгон укуктарын тааныбоо менен адамдын кадыр-баркын мазактайт, адамзатты адамдар тарабынан түзүлгөн материалдык жана руханий баалуулуктардан ажыратат деп көрсөтүлөт. Ушул сыяктуу аракеттер БУУнун максаттарына жана милдеттерине толугу менен карама-карыш келет. БУУнун Башкы ассамблеясынын 1948-жылдын 9-декабрында кабыл алынган жана 1961-жылы күчүнѳ кирген 260 резолюциясы тарабынан кабыл алынган  геноцид кылмышын болтурбай коюу жана ал үчүн жазалоо жөнүндө” конвенцияда геноцид кылмышынын  укуктук негизи бекемделген. Конвенцияга кошулган мамлекеттер геноцидди болтурбай коюу жана ал үчүн күнөөлүлөрдү жазалоо үчүн чараларды көрүү боюнча өздөрүнө милдеттенме алышкан, мында анын тынчтык же согуш мезгилинде жасалганына карабастан геноцид эл аралык укуктун ченемдерин бузган  кылмыш болуп эсептелээрин ырасташкан. Ходжалыда жасалган тири укмуш кылмыштын мүнөзү жана масштабдары аны жасоодо аталган конвенцияда чагылдырылган геноцид кылмышын түзүп турган бардык аракеттер жасалгандыгын көрсөтүп турат. Массалык жана аёсуз кыргындын пландаштырылган актысы ушул аймакта жашаган адамдарды алардын азербайжандык болгондугу үчүн гана толук жок кылуу максатында жасалган. 

Армения тараптан согуш убагындагы жүрүш-туруштун ченемдерин аныктай турган эл аралык укуктук ченемдерди этибарга албашына байланыштуу фактылар ушуну менен чектелип калбайт. Эл аралык гуманитардык укуктун талаптарына ылайык согуш куралдуу чыр чатактын тараптарынын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда гана жүргүзүлүүгө тийиш. Жарандык калк согуштарга катышпоого тийиш жана ага урмат көрсөтүлүүгө тийиш. “Жарандык адамдарды согуш мезгилинде коргоо жөнүндө” 4-Женева конвенциясынын 3-беренесине ылайык жарандык калктын жашоосуна жана коопсуздугуна шек келтирүүгө анын ичинде ар кандай ыкмалар менен өлтүрүүгө, майып кылууга, калкка катаал мамиле жасоого азапка салууга жана кыйноого, адамдын кадыр-баркына шек келтирүүгө, калкка карата мазактоочу жана басмырлоочу аракеттерди жасоого тыюу салынат. Конвенциянын 33-беренесинде бир дагы жарандык адам өзү жасабаган укук бузуу үчүн жазаланышы мүмкүн эмес. 

Ошондой эле жарандык калкка карата жамааттык жазалоо чараларын колдонууга, аны коркутууга, террордук аракеттерге жана ага карата репрессияга тыюу салынат. Ушул конвенциянын 34-беренесине ылайык жарандык калкты барымтага алууга тыюу салынат. Бирок армяндар ушул принципти сыйлабастыгын көрсөтүп Ходжалыда гана миңдеген адамдарды барымтага алышты. 

Ушул укуктук ченемдерди  этибарга албоо менен армяндык куралдуу кошундар Ходжалынын тынч жаткан калкын кырып-жок кылуунун катаал ыкмаларын колдонушту. Жогоруда саналып өткөндөр «Геноцид кылмышын болтурбай коюу жана ал үчүн жазалоо жөнүндө» 1948-жылдын 9-декабрындагы Конвенцияда каралган геноцид кылмышын жасоонун шарттарына туура келип жатат.

Ходжалыны басып алууда тынч жаткан азербайжан калкына каршы ойго келгис мыкаачылык жасаган жана ушуну менен Женева Конвенциясынын талаптарын, “Адам укуктарынын жалпыга бирдей Декларациясынын” 2, 3, 5, 9 жана 17-беренелерин, “Өзгөчө кырдаалдардын жана согуштук чыр-чатактардын убагында балдарды жана аялдарды коргоо жөнүндө” Конвеенциянын, Геноцид кылмышын болтурбай коюу жана ал үчүн жазалоо жөнүндө” Конвенциянын талаптарын одоно түрдө бузган адамдар ушул кезге чейин жазага  тартыла элек. Ал эми жазасыздык жаңы кылмыштарды жасооо үчүн негиз түзүүнү улантып жатат,

Армения жасаган мыкаачылыктарынан корккон жери жок, анын тескерисинче азербайжандарга каршы жасалган геноцидди бетпактык менен актап жатат, ал эми ушул ишти жасагандар улуттук баатырлар деп эсептелет. Арменияда азербайжандарга каршы саясат ачык эле жүргүзүлүп, мамлекеттик масштабда жаңы азербайжан жерлерин басып алуу үчүн идеологиялык негиздер түзүлүүдө. Бурмаланган армян тарыхы армян жаштарын шовинисттик рухта  тарбиялоо үчүн негиз түзүү максатында мамлекеттик саясаттын рангына  чейин көтөрүлүүдө.

Ушул канчалык таң калыштуу болгону менен, бир катар өлкөлөрдүн парламентарийлери мына ушул  Ходжалы трагедиясы сыяктуу айкын геноцидди көрмөксөн болуп, “армяндардын геноциди” жөнүндө уламышты талкуунун предметине айландырышты жана тарыхый чындыкка текебер мамиле кылышууда, а түгүл ушул жаатта адилетсиз чечимдерди кабыл алып жатышат. Дал мына ушунун өзү  ушул кезге чейин армян тараптын күнөөсү боюнча армян-азербайжан, тоолуу – карабах чыр-чатагын тынчтык жолу менен чечүүгө болгон аракеттердин  ийгиликсиз болуп жатышынын себептеринин бири болуп эсептелет.

Армяндардын геноциди болгон имиш деген 1915-жылдагы окуялар  жыл сайын  эске салынып келүүдө жана ушуну пропогандалаган армян тарыхчылары жана саясатчылары азербайжандарды массалык кырууну  дүйнөлүк коомчулуктун эсинен  чыгарып салууга аракеттенишүүдө, бул аракеттер чындыгында кылымдын башталышынан бери жүзөгө ашырылууда жана дүйнөлүк коомчулукту адаштыруу аракети жасалууда.

Азербайжан жерлери ушул кезге чейин оккупация алдында турат. Армяндык желдеттер өздөрүнүн ач көз максаттарын ишке ашырышы үчүн күнөөсүз адамдар аесуздук менен кырылды. Ар бир азербайжандыктын парзы  Ходжалы трагедиясын эл аралык коомчулук тарабынан геноцид актысы жана адамзатка карата жасалган кылмыш деп таанышына жетишүү болуп саналат. Ушул сыяктуу кылмыш кайталанбоого тийиш.

Ушул окуя жаатында азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиев мындай деп айткан: “Ходжалы трагедиясы адамзаттын ХХ кылымдагы эң ири трагедияларынын бири болуп саналат”. Катаалдыгы боюнча эч нерсе тең келбей турган Ходжалы трагедиясы сыяктуу трагедия дүйнөнүн бир дагы  бурчунда кайталанбасын үчүн Ходжалы геноциди жөнүндө чындык дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүнө жеткирилүүгө тийиш. Гуманизм идеалдарына берилген бардык адамдар ушул трагедияга карата өзүнүн айкын, бир маанидеги позициясын билдире алышы үчүн, олуттуу жана максатка багытталган иш жүргүзүлүүгө тийиш.

Элдин катуу талабы менен 1993-жылдын июнунда өлкөнү башкарууга азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиев келгенден кийин гана биздин көптөгөн улуттук трагедияларыбызга, анын ичинде Ходжалы геноцидине саясий-укуктук баа берүү мүмкүн болуп калды. Жалпы улуттук лидердин демилгеси менен өлкөнүн Милли Межилиси 1994-жылдын 24-февралында “Ходжалы геноциди күнү жөнүндө” токтом кабыл алды. Ушул документте анын себептери ар тараптан ачыкка чыгарылды жана трагедиянын күнөлүүлөрү аталды.

Ходжалы жөнүндө чындыкты, ушул чындыкты дүйнөгө жайылтууда, ушул геноцидге объективдүү баа берүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүнө жеткирүүдө эң башкы роль Мехрибан Алиева жетектеген Гейдар Алиев фондуна таанык экендиги шексиз. Гейдар Алиев фонду бир нече жылдан бери катары менен дүйнөнүн 70 өлкөсүндө Ходжалы трагедиясына араналган иш-чараларды өткөрүп келүүдө. Фонд конференцияларды, эскерүү кечелерин өткөрөт, китептерди, буклеттерди басып чыгарат, DVD-дисктерди чыгарат, фильмдерди тартат.

Гейдар Алиев фондунун вице-президенти, Россиянын азербайжан жаштар уюмунун төрайымы Лейла Алиева айымдын демилгеси боюнча уюштурулган эл аралык кампания жылдан-жылга кеңейүүдө. Кампаниянын алкагында бүткүл дүйнө жүзүндө жүздөгөн акциялар өткөрүлүп турат. Европа бирлигинин мүчөсү болгон дээрлик бардык өлкөлөрдө, ошондой эле КМШда, Азияда, Түштүк жана Түндүк Америкада конференциялар, семинарлар, пикеттер өткөрүлүп турат. Ушул компаниянын натыйжасында Ходжалы трагедиясын бир катар эл аралык  форумдар таанышкан. Фонддун жана ОИК Жаштар форумунун демилгеси менен Ходжалы трагедиясы адамзатка каршы кылмыш катары 31 өлкөнүн парламенти тарабынан таанылган. Дүйнөнүн 20 өлкөсүндөгү алдыңкы дүйнөлүк университеттерде жаштардын флеш-мобдору өткөрүлүп турат. Ушуну менен катар кампаниянын жаңы этабы башталды – петициялар жана кайрылуулар жайылтылат, аларда ушул трагедияны  геноцид актысы жана адамзатка каршы жасалган кылмыш катары таануу талабы коюлат, алар мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн жетекчилерине, ОБСЕнин Минск тобуна, ПАСЕге, БУУнун Секретариатына, дүйнөнүн парламенттерине жана эл аралык уюмдарга  даректелет.

Ходжалы трагедиясы жөнүндө чындыкты дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүнө жеткирүүгө жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан ушул трагедияга саясий-укуктук жана моралдык баа берүүгө жетишүүгө багытталган “Ходжалы адилеттиги” маалыматтык жана үгүт жүргүзүү боюнча эл аралык кампания азыркы мезгилде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү миңдеген ыктыярдуулар тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.

Азербайжан мамлекети армян улутчул-шовинисттер тарабынан азербайжандарга каршы жасалган кылмыштарды, анын ичинде Ходжалы трагедиясы жөнүндө чындыкты, аны геноцид деп таануу боюнча ишти дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүнө жеткирүү боюнча максатка багытталган жана ырааттуу ишти жүргүзүүдө.

Дүйнөлүк коомчулук өз кезегинде чындык кандай экендигин эң сонун түшүнүп турат. Ислам Конференциясы Уюму тарабынан Ходжалы геноцидине байланыштуу кабыл алынган Өзгөчө резолюция ушул трагедияны “адамзатка каршы кылмыш” деп тааныган эл аралык уюмдар тарабынан кабыл алынган биринчи документ болуп эсептелет. 51 өлкө кабыл алган Резолюцияда Ходжалы трагедиясына “армян куралдуу күчтөрү тарабынан тынч жаткан калкка карата жасалган массалык геноцид” жана “адамзатка каршы жасалган кылмыш” деп бааланган.

Армян улутчулдарынан айырмаланып, Азербайжан ушул маселеден кандайдыр-бир саясий, финансылык, аймактык жана башка дивиденддерди алуу максатын көздөбөйт. Биздин максат – тарыхый адилетсиздикти калыбына келтирүү, кылмышкерлерди ашкерелөө жана аларды дүйнөлүк коомчулуктун сотуна берүү. Ошондуктан армяндык улутчул-шовинисттер тарабынан региондо жүзөгө ашырылып жаткан этностук сепаратизмдин дүйнө үчүн коркунучтуулугу, ошондой эле алардын башка элдерге карата жек көрүүчүлүк жана террорчулук идеологиясы ашкереленүүгө тийиш. Бул биздин  Ходжалыда баатырдык менен курман болгондордун жаркын элесинин алдындагы жарандык жана адамдык парзыбыз.