Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясы менен чет өлкөлүк мунай компанияларынын консорциумунун ортосунда Каспий шельфинде мунайды биргелешип иштетүү жөнүндө контрактка Бакуда кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзү, "Гүлистан" ордосу, 1994-жылдын 20-сентябры


scotch egg
scotch egg
scotch egg
scotch egg
temp-thumb
temp-thumb
temp-thumb
temp-thumb

Айымдар жана мырзалар, урматтуу меймандар!

Бүгүн Азербайжан Республикасынын турмушунда тарыхый окуя болуп жатат, ал үч жылдан бери улантылып келе жаткан сүйлөшүүлөрдүн аякташы болуп калды.

Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик мунай компаниясы менен чет өлкөлүк мунай компанияларынын ортосунда Каспийдин Азербайжан секторуна таандык кылынган "Азери", "Чираг" мунай чыккан кендерин жана "Гүнешли" кенинин бир бөлүгүн биргелешип пайдалануу жөнүндө сүйлөшүүлөр аяктады жана биргелешип иштетүү жөнүндө контракттын долбооору даярдалды жана берилди.

Бүгүн биз Азербайжандын борбору Бакуда, мына ушул эң сонун "Гүлистан" ордосунда контрактка кол коюу аземине чогулудук. Контрактка кол коюуга байланыштуу Бакуга чет мамлекеттердин мамлекеттик өкүлдөрү, меймандар келишти. Ушул салтанатка катышуу үчүн Бакуга келген бардык меймандарга ысык салам айтамын жана "Кош келиңиздер" демекчимин. Азербайжан Республикасынын мамлекеттик мунай компаниясынын чет өлкөлүк мунай компаниялары менен сүйлөшүүлөрү ушул өлкөлөрдүн мамлекеттеринин жана өкмөттөрүнүн камкордугу алдында жүрдү жана алар тарабынан колдоого алынып турду.Контрактка кол коюу аземине чет өлкөлүкь делегациялар да келишти. Ушул салтанатка катышып жаткан Америка Кошмо Штаттарынын, Россия Федерациясынын, Улуу Британия Королдугунун, Түрк Республикасынын, Норвегиянын делегацияларын чын дилимден куттуктаймын жана "Кош келиңиздер!" деп айтамын

Ушул тарыхый окуяга катышып отурган Түрк Республикасынын мамлекеттик министри урматтуу Неджмеддина Джовхариге, Улуу Британия Королдугунун энергетика министри урматтуу Тимоти Эггарга, АКШнын энергетика министринин орун басары урматтуу Уильям Уайтка, Норвегия мамлекетинин энергетика жана өнөр жай министринин биринчи орун басары урматтуу мырза Гуннар Мурвантка, Россия Федерациясынын отун жана энергетика министрлигинин башкы башкармалыгынын башчысы Станислав Пугачка, Ушул салтанатка катышууну каалап Бакуга келген жана биздин арабызда отурган Улуу Британия парламентинин мүчөлөрүнө, Англия-Азербайжан достук коомунун делегациясына, биздин салтанатка катышып отурган Ислам Өнүктүрүү Банкынын президенти Осам Джафар Факих мырзага, Азербайжандын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрүнө, урматтуу элчилерге, эл аралык уюмдардын жетекчилерине ысык салам айтамын.

Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы үч жыл боюу чет өллкөлүк мунай компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, алар кийин консорциумга биригишип, келишимдин долбооун биргелешип даярдашты. Ушул ири компаниялардын делегациялары бүгүн биздин салтанатка катышып отурушат. Мен аларга чын дилимден салам айтамын. "АМОКО" компаниясынын президенти Уильям Лаури мырзага, "Би-Пи" компаниясынын делегациясына, анын жетекчиси, компаниянын президенти Жон Браун мырзага, "Статойл" компаниясынын делегациясына, анын жетекчиси Йоган Ник Волд мырзага, "ЛУКойл" компаниясынын делегациясына, анын жетекчиси Вагид Алекперов мырзага, "Макдермотт" компаниясынын делегациясына, анын жетекчиси Уилям Витнис мырзага, "Пеннзойл" компаниясынын делегациясына, анын жетекчиси, компаниянын президенти Томас Гамильтон мырзага, "Ремко" компаниясынын делегациясына, анын жетекчиси, компаниянын президенти Стивен Ремпо мырзага, "Туркие петроллеры" компаниясынын делегациясына, анын жетекчиси Сидги Санжар мырзага, "Юнокал" компаниясынын делегациясына, анын жетекчиси Жон Амел мырзага, "Дельта интернешл" компаниясынын делегациясына, анын жетекчиси, компаниянын президенти Фатех Аль-Альбан мырзага ысык салам айтамын.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Мунай - Азербайжан Республикасынын жана азербайжан элинин улуттук эң зор байлыгы.

Азербайжан байыртан бери белгилүү болгон мунайлуу чөлкөм, анда мунай жана газ сыяктуу табигый байлыктар бар. Ошондуктан Азербайжанды Оттуу өлкө деп аташат. Азербайжандын мунайды алуу, аны колдонуу жана кайра иштетүү боюнча узун тарыхы бар. 1847-жылы Азербайжанда, Бакудагы Биби-Эйбатта алгачкы жолу мунай атылып чыккан. Мына ошол мезгилден тартып, азербайжандын мунайын өнөр жайлык ыкма менен иштетүү башталган.

1872-жылы бир тууган Нобелдер Бакуда алгачкы мунай компаниясын түзүшкөн жана ушундан тартып мунайды пайдалан турган чет өлкөлүк фирмалар келе баштаган жана чет өлкөлүк капитал түшө баштаган.

Мына ошентип, XIX кылымдын экинчи жарымында бир катар дүйнөлүк державалар, өнүккөн өлкөлөрдүн фирмалары Азербайжанда, Бакуда мунайды чыгарууга аябай кызыга башташат. Өткөн жүз жылдыктын акырынан тартып көптөгөн чет өлкөлөр Бакунун мунайын өздөштүрүүгө киришкен. 1872-жылдын акырына карата Азербайжанда 26 миң тоона мунай алынган. Кийинки жүз жылдыктын башталышында 1900-жылы Азербайжанда 10 млн. тонна мунай алынган жана ал Россияда алынган мунайдын 95%ын жана дүйнөдөгү мунай алуунун 50%ын түзгөн. ХХ кылымдын алгачкы жыйырма жылында чет өлкөлүк мунай компаниялары жана жергиликтүү ишкерлер мунайды алуу жана кайра иштетүү үчүн көп күч-аракеттерди жумшашкан жана Азербайжанда мунай өнөр жайы өнүгө баштаган. Ушул мезгилди шарттуу түрдө Азербайжандагы мунай өнөр жайынын тарыхынын алгачкы этабы деп атоого болот. Мына ушул мезгилде Бакунун мунайын дүйнөнүн бардык жеринде пайдалана башташат. Азербайжандын мунайы чет өлкөлүк компанияларга чоң пайда алып келген. Азербайжанда ири ишкерлер пайда болгон жана алар олуттуу пайдаларды алып турушкан. Мына ушул мезгилде Азербайжандын мунай өнөр жайынын өнүгүшү Баку шаарынын, жалпы эле Азербайжандын өнүгүшүнө зор түрткү берген. Азербайжандын борбору Баку шаары ири өнөр жайлык шаар, ошол кездеги Россия империясынын эң ири индустриалдык борборлорунун бири болуп калган. Байыркы тарыхы бар биздин Баку шаарыбыз мына ошол кезде жаңы турпатка ээ болуп, кеңейген, көркүнө чыккан жана бул жерде ошол мезгилдин талаптарына жооп берген имараттар, ишканалар, заводдор жана башка өнөр жай ишканалары курулган. Азыр болсо, биз ошол мезгилде жасалгандарга татыктуу баа беришибиз керек жана мунайдын Азербайжандын, Бакунун өнүгүшүндө чоң роль ойногондугун белгилеп кетишибиз керек.

1918-жылы биздин өлкөдө демократиялык мамлекет түзүлөт. Азербайжан эки жылга жакын көз карандысыздыкка ээ болгон жана көз карандысыз мамлекет катары орун алып турган. Ушул мамлекет элге таандык болгон байлыкты анын жыргалчылыгы үчүн пайдаланууга умтулган. Бирок бул күч-аракеттер каалаган натыйжаларга алып келген эмес. Анткени, 1920-жылы Азербайжан Демократиялуу мамлекетти кулаган.

Ошол жылы Азербайжанда Советтик Социалисттик режим орнотулган. Андан кийинки 70 жылдын ичинде Азербайжан Советтер Союзунун курамында болуу менен ушул режимдин шарттарында жашаган. Азербайжандын эң чоң байлыгы болгон мунай - Советтер Союзунун кызыкчылыгында пайдаланылып келди. Мына ушул мезгилди мунай өнөр жайынын тарыхындагы экинчи мезгил деп атоого болот. Мына ушул мезгилдин ичинде Азербайжандын мунай өнөр жайы чечкиндүүлүк менен өнүгөт. Мунай өнөр жайы Советтер Союзунун индустриалдык жана экономикалык потенциалын өнүктүрүү үчүн зарыл болгондуктан, бул жерге көп күч-аракеттер жумшалган. Мына ушуга байланыштуу Азербайжандын мунай өнөр жайынын өнүгүшүндө маанилүү жылыштарга жетишилген.

Мына ушул мезгилде Азербайжандын мунайчыларынын ири армиясы түзүлгөн. Азербайжандын мунай жана газ өнөр жайы чечкиндүүлүк менен өнүгүп, ири ишканалар курулган. Мунай тармагында илимий ири очоктор, илим-изилдөө институттары түзүлгөн. Мунай өнөр жайы үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо максатында институт ачылган, ал азыр Мунай академиясы деп аталат. Азербайжандын мунайчылары, адистер, окумуштуулар, бир сөз менен айтканда мунай тармагында иштеген бардык адамдар мунай өнөр жайын өнүктүрүү үчүн күжүрмөндүүлүк менен иштешти жана Азербайжандын тарыхына даңктуу барактарды жазышты.

Мен айтып кеткендей, Азербайжандын мунайы анын өзү үчүн эмес, бүткүл Советтер Союзун өнүктүрүү үчүн пайдаланалып келген. 1941-1945-жылдарда, Дүйнөлүк экинчи согуштун мезгилинде азербайжандын мунайы бүткүл өлкөдө алынган бардык мунайдын 75 пайызын түзгөн. Ошентип Азербайжандын мунай өнөр жайы, биздин мунайчылар бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурган немецтик фашизмди жеңип чыгууга, аны талкалоого чоң салым кошушкан.

Азербайжандын мунай өнөр жайында иштеген окумуштуулар, адистер, биздин мунайчылар Советтер Союзунун ар кандай чекитинде мунай чыккан жаңы жерлерди өнүктүрүүгө жана иштеп чыгууга иштиктүүлүк менен катышышкан. Алардын күч-аракети менен ачылган жана иштелип чыккан мунай чыккан жерлердин "экинчи Баку", "үчүнчү Баку", "төртүнчү Баку" деп аталып калышы да кокусунан эмес. Азербайжандын мунайчыларынын Россиянын Сибирдеги, Тюмендеги мунай чыккан жерлерди өнүктүрүүгө жана пайдаланууга, ал жерлерде кубаттуу мунай жана газ комплекстерин түзүүгө кошкон салымдары баа жеткис, ал жерлердеги азербайжан мунайчылары азыр да көпчүлүктү түзөт.

Бүгүн мына ушуларды биздин меймандарга айтып, аларды азербайжан элинин эсине салып коюу зарыл деп эсептеймин. Анткени, ушулардын бардыгы азербайжан элинин сыймыгын жана даңкын түзүп, биздин элдин, биздин мунайчылардын дүйнөлүк экономикага кошкон улуу салымы жөнүндө айтып турат.

Азербайжан мунайчыларынын жетишкендиктеринин бири, алардын Каспийде мунай алуу үчүн көп иш жүргүзгөндүгү болуп саналат. Бул багытта 20-жылдардын башталышында, 30-жылдарда да аракеттер жасалган, бирок Каспийде мунайды кубаттуу алуу 1949-жылдын 7-ноябрында башталган. Ошол күнү биз Мунай Таштары деп атаган мунай скважинасынан алгачкы мунай атылып чыккан.

Азербайжандын деңиз мунайчыларынын өткөн 45 жылдын ичиндеги, мурдагы Советтер Союзунун тушундагы, ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү тажрыйбасы мунайды деңиздин түбүнөн алып чыгуунун мисалы болуп калды.

Сиздерге белгилүү болгондой, мындан үч жыл мурда биздин эл эркиндикке жетишти, Азербайжан эгемендүү республика болуп, азербайжан эли өз тагдырынын ээси болуп калды. Биздин эл өзүнүн табигый байлыктарын өзү каалагандай тескөөгө мүмкүнчүлүктү жеңип алды. Мына ошентип, Азербайжандын турмушунда жаңы доор башталды. Ал эми биздин мунай өнөр жайыбыздын тарыхында, шарттуу айтканда, үчүнчү этаптын пайдубалы түптөлдү. Эми, жаңы этапта биз, азербайжан элинин эркин билдирүү менен анын табигый байлыктарын пайдалануу үчүн тиешелүү чараларды көрөбүз. Акыркы үч жылдын ичинде чет өлкөлүк компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү жана макулдашууларга жетишилди .Бүгүн, мына ушул тарыхый күнү, Азербайжанда мунайды өнөр жайлык алуу башталган мезгилден 150 жыл өткөндөн кийин, мен азербайжандык мунайчылардын бардык муундарына, республиканын мунай өнөр жайында иштеген окумуштууларына, адистерине, бардык инженерлерине жана жумушчуларына ушул мезгилде элдин жыргалчылыгын белгилүү даражада жакшыртуу үчүн биздин табигый байлыктарыбызды алуу боюнча көрүп жаткан күч-аракеттери үчүн, алардын күжүрмөн эмгеги, ири илимий ачылыштары үчүн, алар азыр жетишкен жетишкендиктери үчүн чын жүрөктөн куттуктаймын.

Азербайжанда мунай алына баштаган жана мунай өнөр жайлык ыкма менен иштетиле баштаган мезгилден тартып, биздин өлкөнүн аймагындагы жер казынасынан - кургак жерден жана деңизден 1 млрд. 325 миллион тонна мунай алынган. Каспийдин Азербайжан секторунан 45 жылдын ичинде 400 миллион тонна мунай алынган. Ошол эле учурда, ушул мезгилдин ичинде 450 млрд.кубометрге чейин газ алынган. Мына ушулардын бардыгы - Азербайжан Республикасынын келечектеги экономикасынын, мунай өнөр жайынынын өнүгүшү үчүн чоң жетишкендик, бекем негиз жана пайдубал болуп саналат.

Өткөн мезгилде канча мунай алсак да, кандай жетишкендиктерге жетишсек да, биз бир чындыкка, акыркы мезгилге чейин, башкача айтканда Азербайжан эгемендүүлүккө жетишкенге чейин, биздин элибиз эч качан өзүнүн табигый байлыктарынын ээси болбогондугуна көңүл бурушубуз керек. !920-жылга чейин биздин мунай чет өлкөлүк компаниялар жана өзүбүздүн азербайжандык ишкерлер тарабынан алынса да, Азербайжандын, айрыкча Бакунун өнүгүшү үчүн көп нерсе жасалса да, эл ушул байлыктын ээси эмес болуучу.

1920-жылдан тартып Азербайжандын турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болуп өттү. Азербайжанжын экономикасы өнүгүүдө, республикада кубаттуу индустриалдык потенциал потенциал түзүлдү, биздин мунай өнөр жайыбыз чоң тарыхый жолду басып өттү. Бирок кайрадан эле Азербайжан өзүнүн мунайынын бирден-бир толук ээси боло алган жок. Мына ушул байлыктардын бардыгы бизге эмес, Совет мамлекеттине таандык эле. Ал эми азыр болсо, биз жаңы этапта жашап жатабыз. Азербайжан Республикасы - көз карандысыз мамлекет. Азербайжан эли - өзүнүн табигый байлыктарынын ээси. Биздин эл ушул байлыктарды кандай пайдаланууну өзү чечет

Дал мына ушул принциптердин негизинде үч жылдан бери Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик мунай компаниясы мунай чыккан жерлерди биргелешип иштетүү жөнүндө чет өлкөлүк алдыңкы ишканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келүүдө. Бул сүйлөшүүлөрдүн тынч жол менен жүрбөгөндүгү, бул жерде кыйынчылыктар, төмөндөөлөр жана жогорулоолор болгондугу шексиз. Бай тажрыйбасы бар чет өлкөлүк компаниялардын азербайжан мунайына болгон кызыгуусу табигый нерсе, биз муну канаттануу менен кабыл алабыз, биз буга өзүбүз абдан кызыгып келгенбиз жана кызыга беребиз.

Мурдагы мезгилдерден айырмаланып, азыр Азербайжан Республикасы ушул маселелер боюнча ар кандай мамлекет менен, анын ичинде ушул компаниялар таандык болгон өлкөлөр менен өз алдынча сүйлөшүүлөр жүргүзө алат жана өзүнүн принциптеринин кабыл алынышына умтулат. Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы менен чет өлкөлүк мунай компанияларынын ортосундагы "Азери", "Чираг" мунай чыккан жерлерди жана "Гюнешли" мунай чыккан жеринин бир бөлүгүн биргелешип иштетүү жөнүндө келишим, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында акыры даярдалды жана аяктады. Бул Келишим мага, Азербайжан Республикасынын Президентине берилди. Сиздерге белгилүү болгондой, 14-сентябрда келишимге талдоо жүргүзүлгөндөн кийин, ага Азербайжандын Мамлекеттик Мунай Компаниясынын кол коюшу тууралуу Жарлык чыгардым. Чет өлкөлүк компаниялар да долбоорго кол коюуну чечишти. Ушул компаниялар таандык болгон өлкөлөрдүн башчылары да жакшы тилектерин билдиришти. Ушунун натыйжасында биз бүгүн ушул жерге кол коюу аземине чогулуп отурабыз.

Азербайжан тараптын бардык эле каалоолору келишимде чагылдырылбагандыгын түз эле айтып кетейин. Бирок биз ар бир келишимде эки тараптын таламдары эске алынууга тийиш экендигин түшүнөбүз. Батыштын мунай компанияларынын консорциуму өз таламдарын камсыз кылууга умтулса, Азербайжандын Мамлекеттик Мунай Компаниясы Азербайжан Республикасынын улуттук таламдарын камсыз кылууга күч-аракеттерин жумшады. Чоң жана күжүрмөн иштин натыйжасында, тараптардын ишке жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылышынын натыйжасында эки тараптын таламдарына жооп берген келишим даярдалды деп айта аламын. Ошондуктан бүгүн кол коюла турган контракт экономикалык көз караш жагынан алганда, заманбап Азербайжан Республикасы жана анын келечеги үчүн пайдалуу деп эсептеймин жана ага кол коюу жөнүндө буйрук бердим. Ушундай кадамды жасоо менен, биз Азербайжан дүйнө, дүйнөлүк экономика үчүн ачык өлкө болуп эсептелет деп көрсөтөбүз. Ушул контрактка кол коюу менен биз Азербайжан Республикасынын эгемендүү укуктары бекемделгендигин, Азербайжан толук көз карандысыз мамлекет болуп калгандыгын, биздин эл өз байлыгынын ээси экендигин дүйнөгө дагы бир жолу көрсөтөбүз. Контрактка кол коюу менен биз Азербайжан Республикасы менен дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн, алардын ири компанияларынын ортосунда байланыш орнотобуз, Азербайжандын экономикасынын дүйнөлүк экономикага, рыноктук эркин экономикага кириши үчүн негиз түзөбүз. Ушул контрактка кол коюу менен биз Азербайжан Республикасы демократиялуу жана укуктук мамлекет экендигин, Азербайжанда демократиялык принциптерди бекемдөөнүн жана өнүктүрүүнүн кеңири мейкиндиги ачылгандыгын, Азербайжан Республикасы рыноктук экономиканын жолун жолдоого ниеттенгендигин дүйнөгө дагы бир жолу көрсөтөбүз.

Ушул контрактка кол коюу - Азербайжанда рыноктук экокномиканы жүзөгө ашыруу үчүн жаслаган биринчи ири кадам. Ушул контрактка кол коюу менен биз чет өлкөлөрдүн Азербайжанга инвестицияларды салышы үчүн кеңири жол ачабыз. Азербайжанда тармактык багыты башка компаниялардын ишине негиз түзөбүз, Азербайжандын экономикасында жана коомдук-саясий турмушунда үстөмдүк кылып жаткан туруктуулукту дүйнөгө дагы бир жолу билдиребиз. Ушул контрактка кол коюу менен биз мунай консорциумуна кирген көмпаниялар өкүлдөрү болгон Америка Кошмо Штаттары, Россия, Англия, Түркия, Норвегия сыяктуу улуу өлкөлөр менен достук мамилелерди, экономикалык кызматташтыкты жана бардык чөйрөлөрдөгү жалпы байланыштарды чыңдоого ишенгендигибизди билдиребиз. Мына ошентип, келишимге кол коюу үчүн эң сонун жагдай түзүлдү жана биз бүгүн чоң окуянын күбөсү болуп жатабыз. Келишимге кол коюу Азербайжандын турмушунда, анын экономикасындагы, айрыкча мунай өнөр жайындагы жаңы этапты ачат. Контракт 30 жылга түзүлүп жатат. Демек, биздин алдыбызда узак жол, чоң иштер, зор милдеттер турат. Келишимди даярдагандар муну жакшы билишет, бирок мен бул жерде чогулгандарга, бүткүл Азербайжан элине айткым келет, келишимге кол коюу канчалык кыйын болсо, аны ишке ашыруу андан да кыйын болот. Контракттан түшкөн пайда, ар бир тарап үчүн манилүү, анын ичинде азербайжан эли, көз карандысыз Азербайжан Республикасы үчүн мманилүү болот, анын оң натыйжалары контрактты аткаруунун ырааттуулугуна жараша болот. Чет өлкөлүк компаниялардын алдында да чоң милдеттер тургандыгы шексиз. Ушул компаниялар жана алар өкүлдөрү болгон өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары ушул контрактты жүзөгө ашыруу үчүн зарыл чараларды көрөт деген ишеним билдиремин.

Азерйбайжан Республикасынын үлүшүнө тийген милдеттер кыйла оор, кыйла татаал. Азербайжандын экономикасы оор кризисти баштан кечирип жатканын сиздер билесиздер. Мунай өнөр жайында чоң кыйынчылыктар бар. Ушул кризистен чыгуу, Азербайжандын экономикасын өнүктүрүү үчүн, кыска мөөнөттүн ичинде элдин жыргалчылыгын талапка ылайык деңгээлге көтөрүү үчүн баарыбыз күч-аракетибизди бириктирип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, жапатырмак ушул контрактты аткарышыбыз керек. Азербайжандын каарман, тажрыйбалуу мунайчылары, окумуштуулар, биздин экономиканын ушул тармагында иштеп жаткандардын бардыгы, ушул милдетти эң чоң, эң кадырлуу милдет катары кабыл алып, ушул контрактты аткарууга киришет деп ишенемин. Азербайжандын Президенти катары, ушул келишимге кол коюуга буйрук берүү менен, мен өзүмдүн жоопкерчилигимди сезип жатамын жана аны ишке ашыруу үчүн колумдан келгендердин баарын жасаймын деп сөз беремин.

Бүгүн мына ушул салтанаттуу жана эсте каларлык жагдайда мен Азербайжандын мунайчыларын, азербайжан элин, Азербайжандын бардык жарандарын ушул тарыхый окуяга байланыштуу куттуктап кетемин. Ушул багытта иш жүргүзгөн Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын делегациясынын ишин, компаниянын ушул багыттагы бүткүл ишин баалаймын жана жетишкен ийгиликтери менен куттуктаймын. Ушул контрактты аяктоо үчүн чоң иш жүргүзгөн чет өлкөлүк компаниялардын, консорциумдун жетекчилерин, ушул компаниялардын бардык кызматкерлерин чын дилимден куттуктап кетемин жана аларга жакшы тилектерди каалаймын жана биздин ушул кызматташтык ийгиликтүү болоруна ишенеримди билдирип кетемин.

Ушул окуяга байланыштуу чет өлкөлүк компаниялар өкүлдөрү болгон АКшын, Россиянын, Улуу Британиянын, Түркиянын, Норвегиянын мамлекет жана өкмөт башчыларын чын дилимден куттуктайм. Ушул келишимдин негизинде биз тыгыз биригебиз жана чоң кызматаштыкка киришебиз жана биздин кызматташтык ийгиликтүү болот жана бардык тоскоолдуктарды жеңип чыгабыз, тоскоолдук кылган күчтөргө сокку урабыз деп ишенемин. Азербайжан өзүнүн тагдырынын, өз байлыктарынын ээси катары, ушул кызматташтыктын натыйжасында дүйнөлүк экономикалык коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун ээлейт.

Ушул салтанатка чогулгандардын бардыгын, ушул маселелерге кызыкандардын бардыгын чын дилимден куттуктаймын жана келишимге кол коюга тилектешмин. Ылайым эле бейпилчилик жана жакшылык боло берсин.

Контрактка кол коюу аземиндеги корутунду сөз

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Урматтуу меймандар!

Үч жылдан бери даярдалып жаткан макулдашууга кол коюу процесси аяктады. Макулдашууга кол коюлду. Мен Макулдашууга кол коюлганга чейин да чыгып сүйлөгөм. Ошондуктан сиздерди: азербайжан элин, ушул макулдашуунун экинчи тарабы болгон чет өлкөлүк компанияларды, ушул макулдашууга кошулган чет мамлекеттердин башчыларын, өкүлдөрдүн делегацияларын, бардыгыңыздарды ушул макулдашууга кол коюлушу менен куттуктаймын. Чет өлкөлөрдөн келген өкүлдөрдүн делегацияларынын жетекчилери, компаниялардын жетекчилери макулдашууга кол коюлгандан кийин чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө макулдашуунун мазмуну, анын маңызы жана келечектеги мааниси жөнүндө эң сонун ойлорун айтышты. Сүйлөнгөн бардык сөздөрдө Макулдашуунун Азербайжан үчүн, ошондой эле ушул макулдашууга кол койгон чет өлкөлүк компаниялар үчүн пайдасы жөнүндө пикирлер айтылды.

Сүйлөнгөн сөздөрдө азербайжан эли, көз крандысыз Азербайжан Республикасы жөнүндө жакшы сөздөр айтылып, жылуу каалоо-тилектер билдирилди. Мен ушул сөздөргө ыраазымын жана салтанаттын акырында дагы бир жолу ушул макулдашуу Азербайжан Республикасына дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орунду ээлөөгө жардам берет, биздин өлкөнүн экономикасын дүйнөлүк экономика, рыноктук эркин экономика менен тыгыз байланыштырат деп айтып кетмекчимин.

Ушул макулдашууга кол коюга катышкандыгым үчүн мен өзүмдү абдан бактылуумун деп эсептеймин. Өзүмө алган жоопкерчиликти сезип турамын жана келечектеги муун бүгүн ушул жерде болуп жаткан тарыхый окуяга татыктуу баа берет деп ишенемин.

Сиздерди дагы бир жолу куттуктаймын. Кол коюу аземинин биринчи бөлүгү аяктады деп эсептеймин. Бардыгыңыздарга, бүткүл азербайжан элине бакты-таалай, бардык иштерине ийгилик каалаймын. Ыракмат, мындан ары да ийгиликтер боло берсин!