Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин Азербайжан Республикасын Европа Кеӊешинин мүчөлүгүнө кабыл алуу салтанаттуу аземинде сүйлөгөн сөзү - Страсбург, 2001-жылдын 25-январы


Урматтуу төрага мырза!

Урматтуу Министрлер комитетинин төрагасы мырза!

Урматтуу Башкы катчы мырза!

Урматтуу аземдин катышуучулары!

Бүгүн Европалык парламентаризмдин борбору - Страсбургда, Европа Кеӊешинин мына ушул заӊкайган ордосунда Азербайжан Республикасы үчүн гана эмес,ошондой эле бүткүл Европа боюнча үчүн да өтө манилүү болгон окуя болуп жатат - Азербайжан Европа Кеӊешинин курамына кирип жатат. Мунун өзү - Европаны саяий жагынан да, тарыхый жагынан да, маданий жагынан да толук бүтүндүккө алып келе турган процесстеги маанилүү учур болуп саналат.

1991-жылы Советтер Союзунун тарашына байланыштуу Азербайжан өзүнүн эгемендүүлүгүн жарыялады. Азербайжан акыркы он жылда гана эмес, өзүнүн тарыхынын акыркы эки жүз жылынын ичинде Европа менен тыгыз өз ара аракетте болуп, жалпы адамзаттык баалуулуктарга негизденүү менен, Батыштын маданиятын өздөштүрүп келген.

Чыгыш менен Батыштын, Европа менен Азиянын кесилишинде жайгашкан Азербайжан тарыхый тагдырлардын, диндердин жана маданияттардын кесилишинин борбору болуп эсептелет, эки континенттин, эки цивилизациянын ортосундагы көпүрөө катары кызмат кылат. Азербайжан эли өзүнүн чыгыштык тамырларынан ажырабай туруп, Батыштын жана Чыгыштын цивилизацияларынын синтезине негизделген өзгөчө маданиятты түздү, Кавказда, Жакынкы жана Орто Чыгышта Батыштын жана Европанын алдыӊкы идеяларын жайылтууга көмөк көрсөттү. XIX кылымдын орто ченинен тартып мусулман Чыгышында дал ушул азербайжан эли биринчи жолу гезит чыгарганы, европа тибиндеги биринчи мектепти ачканы, биринчи театр түзгөнү, адабиятта, искусстводо жана коомдук аӊ-сезимде жаӊы багыттарды жараткандыгы жана акырында 1918-жылы Чыгышта биринчи болуп, демократиялык үлгүдөгү диний эмес мамлекетти жарыялагандыгы дал ушул Европа менен тыгыз жана максатка багытталган мамиленин натыйжасы болуп саналат.

Бүгүнкү күндө биз акыркы жылдардагы саясий кызматташтыгыбыздын натыйжаларын гана эмес, ошондой эле эки жүз жылдык тарыхый тажрыйбанын үзүрүн көрүп жатабыз.

1991-жылы мамлекеттик көз карандысыздыкка ээ болуу менен, Азербайжан Европанын гумандуу жана демократиялык бааллулуктарына багыт алууну улантты жана Европага интеграциялануу жолун бир мааниде тандап алды. Европалык алдыӊкы тажрыйбага таянуу менен биз тарыхый кыска мезгилдин ичинде көп нерсеге жетиштик. Бардык кыйынчылыктарга

карабастан, биз экономиканы либералдаштыруу, жарандык коомду түзүү жолу менен бардык. Биз адам укугун коргоону биринчи планга коюп, өз өлкөбүздү жана өз жарандарыбызды тоталитардык режимдин оор мурасынан куткаруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшадык. биз ички туруктуулукка жетиштик, мунун өзү демократияны өнүктүрүүнүн маанилүү шарттарынын бири болуп саналат. Биз көп партиялуу саясий системаны түздүк, сөз эркиндигин, басма сөз эркиндигин камсыз кылдык. Биз жаӊы Конституцияны кабыл алдык, анын башкы принциби адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо болуп саналат. Чыгышта биринчилерден болуп өлүм жазасын жойдук, мыйзам чыгаруунун жаӊы системасын түздүк, президенттик, парламенттик ,муниципалдык шайлоолорду өткөрдүк, ошондой эле бир катар маанилүү саясий жана экономикалык реформаларды жүргүздүк.

Бирок тилекке каршы, биздин бардык күч-аракеттерибизге карабастан, биз Европа Кеӊешине мүчө болуп өтүп жатканда позитивдүү жылыштарыбыз гана болбостон, ошондой эле белгилүү бир проблемаларыбыз да бар. Бул баарыдан мурда, бүгүн бир мезгилде Европа Кеӊешине өтүп жаткан Азербайжан менен Армениянын ортосунда чечилбей келе жаткан Тоолуу Карабак проблемасы. Ушул проблема Азербайжан үчүн пайда кылган кыйынчылыктар жана биринчи кезекте качкындардын көп сандаган армиясынын жана ички аргасыз жер которгондордун болушу, өлкөнүн оор экономикалык жана социалдык абалы бизде жана жалпы эле региондо демократияны өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо жолундагы тоскоолдук болуп эсептелет.

Биз өлкөбүздүн Европа Кеӊешине кабыл алынышын биргелешкен зор чымырканган иштин натыйжасы катары гана кабылдабастан, ошондой эле аны Азербайжанга жана анын элине достук менен сунулган кол катары баалайбыз. Ошондуктан биздин бир катар проблемаларыбыз Европалык бирдиктүү үй-бүлөдө чечилет деп ишенебиз.

Мына ушул мүнөттөрдө биз чынында эле тарыхый окуяны баштан кечирип жатабыз. Жакында Азербайжандын желеги Европа Бирлиги Ордосунун алдында желбирей баштайт.Ушул желектин үч түсүнүн бири заманбаптуулукка, башкача айтканда европалашууга умтулуунун символун билдирип турат. Биз бактылуубуз, анткени, мындан ары биздин желек өзүнүн татыктуу ордун алып, Европанын башка өлкөлөрүнүн желектери менен катар желбирей баштайт.

2001-жылдын 26 январындагы «Бакинский рабочий» гезитинен орус тилинен кыргызчага которулду