ӨМҮР БАЯНЫ

\"\"

Гейдар Алирза уулу Алиев – азербайжан элинин жалпы улуттук лидери

Гейдар Алирза уулу Алиев 1923-жылдын 10-майында Азербайжандын Нахчыван шаарында туулган. 1939-жылы Нахчыван педагогикалык техникумун аяктаган соң, ал Азербайжан  индустриялык институтунун (азыркы Азербайжан мамлекеттик нефть академиясынын) архитектуралык факультетинде окуй баштайт. Башталып калган согуш окуусун аяктоого мүмкүнчүлүк берген жок.

1941-жылдан тартып Гейдар Алиев АССРдин Нахчыван ички иштер элдик комиссариатынын бөлүм башчысы жана Элдик комиссар кеңешинде иштеген. Ал эми 1944-жылы мамлекеттик коопсуздук органдарына кызматка жиберилген. Ушул мезгилден тартып коопсузудук органдар тутумунда иштеп келген Гейдар Алиев 1964-жылдан баштап Азербайжан ССРнын Министрлер кеңешинин алдындагы Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, 1967-жылдан тартып төрагасы болуп эмгектенген. Ага генерал-майор наамы ыйгарылган. Аталаган жылдары Гейдар Алиев Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарында атайын жогорку билим алган. Ал эми 1957-жылы Азербайжан мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.

Азербайжан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин пленумунда аталган комитеттин төрагалыгына шайланган Гейдар Алиев 1969-жылдын июль айында республиканын жетекчиси болуп калды. 1982-жылдын декабрында Гейдар Алиев СССРдин коммунисттик партиясынын Саясий бюросунун мүчөлүгүнө шайланып, СССРдин Министрлер кеңешинин биринчи орун басарлыгына дайындалган жана ССРдин жетекчилеринин бири болуп калган. Жыйырма жыл бою Гейдар Алиев ССРдин Жогорку Советинин депутаты болгон жана беш жыл СССРдин Жогорку Советинин төрагасынын орун басарлык кызматын ээлеген.

1987-жылдын октябрында Гейдар Алиев ССРдин Коммунисттик партиясынын Саясий бюросу жана жеке М.Горбачев тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка каршы чыгып ээлеген кызматтарынан өз эрки менен кеткен.

1990-жылдын 20-январында Советтик аскерлер уюштурган Бакудагы кандуу окуяларга байланыштуу Гейдар Алиев эртеси күнү Москвадагы азербайжандын өкүлчүлүгүндө сөз сүйлөп, азербайжан элине каршы жасалган кылмыштын уюштуруучуларын жана аткаруучуларын жазалоону талап кылган. Тоолуу Карабахта пайда болгон чыр-чатактуу кырдаалган байланыштуу СССРдин жетекчилигинин эки жүздүү саясатына каршылык билдирүү катары 1991-жылдын июлунда ал КПССтин мүчөлүгүнөн чыгып кеткен.

1990-жылдын июлунда Азербайжанга кайтып келген соң, Гейдар Алиев алгач  Бакуда, анан Нахчыванда, жашаган. Ошол эле жылы Азербайжандын Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. 1991-1993-жылдары Нахчыван Автономиялык Республикасынын Жогорку Межлисинин төрагасынын, Азербайжан Республикасынын Жогорку Советинин төрагасынын орун басарлык кызматын ээлеген. 1992-жылы Нахчыван шаарында өткөрүлгөн \"Ени Азербайджан\"  партиясынын түзүүчүлүк жыйынында Гейдар Алиев аталган партиянын төрагалыгына шайланган.

1993-жылдын май-июнь айларында өкмөттүк кризистин өтө курчуп кетүүсүнүн натыйжасында өлкөдө жарандык согуштун башталуусу жана көз карандысыздыкты жоготуу коркунучу пайда болгондо азербайжан эли Гейдар Алиевди бийликке алып келүү талабы менен чыккан.

Ал кездеги Азербайжандын жетекчилери Гейдар Алиевди Бакуга расмий чакырууга аргасыз болушкан. 1993-жылдын 15-июнунда Гейдар Алиев Азербайжандын Жогорку Кеъешинин төрагалыгына шайланган, ал эми 24-июлда Милли Межлистин чечими менен Азербайжан Республикасынын президенттик кызматын аткара баштаган. 1993-жылдын 3-октябрындагы жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгы менен Гейдар Алиев Азербайжан Республикасынын Президенти болуп шайланган. 1998-жылдын 11-октябрында элдин жогорку активдүүлүгү менен өткөрүлгөн шайлоодо 76,1 пайыз добушка ээ болуп, ал кайрадан Азербайжан Республикасынын Президенти болуп калган. 2003-жылдын 15-октябрында болуучу шайлоого өз талапкерлигин коюуга макул болгон Гейдар Алиев ден соолугуна байланыштуу шайлоого катышуудан баш тарткан.

Гейдар Алиев бир катар эл аралык сыйлыктарга, ар түрдүү өлкөлөрдүн университеттриниин ардактуу профессорлук наамына ж.б. жогорку даражалуу наамдарга татыктуу болгон. Ал төрт жолу Ленин ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана көптөгөн төш белгилери менен сыйланып, Социалисттик Эмгектин Батыры наамын алган, ошондой эле көптөгөн чет мамлекеттирдин төш белгилери менен сыйланган. 

Азербайжандын акыркы отуз жылды камтыган тарыхый жолу Гейдар Алиевдин ысымы менен тыгыз байланышкан. Аталган жылдары коомдук-саясий, экономикалык жана маданий турмушунда элдин кайра жаралышы анын ысымы менен байланышкан.

Өзү жетекчилик кылган ошол мезгил аралыгында Гейдар Алиев өз өлкөсүнүн өнүгүп өркүндөшү үчүн умтулуп, бай маданияты, тарыхый жолу менен сыймыктанып, келечектеги муундары үчүн тынчсызданып, Азербайжандын мамлекет катары мезгилдин оор жана катаал сынактарынан өтүүсүнө жардам берген.

Көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмер, элдин чыныгы жол башчысы катары ал көзү тирүү кезинде эле уламышка айланган. Ошондуктан Гейдар Алиевдин феномени дайыма көңүл борборунда болуп, азербайжан элинин жалпы элдик лидеринин суктанууга татырлык дүркүрөгөн саясий ишмердиги республикалык да, дүйнөлүк да басмаларда кенен чагылдырылып турган.

1993-жылдын июнь айында улуттук мамлекеттүүлүк жоюлуп кетүү коркунучунда турганын азербайжан эли түшүнгөн учурда, эң татаал мезгил келгенде, ал кезиндеги бийликтин алмашуусун талап кылып, ошондон тартып өз тагдырын  Гейдар Алиевге ишенип тапшырган. Гейдар Алиев өз элинин кайгы-муңун көрүп, анын талаптуу чакыруусун кабыл алуу менен Азербайжандагы чоң саясатка кайтып келген. Эл Гейдар Алиевдин кайтып келишин үмүт жана кубаныч менен тосуп алган, жана ошол күн эгемендүү Азербайжандын тарыхына улуттукту сактоо күнү катары кирген.