Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин улуу акын, ойчул Мухаммед Физулинин 500 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракелик кечеде - 1996-жылдын 8-ноябрында сүйлөгөн сөзү

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Урматтуу меймандар, достор! 

Сиздерди Азербайжандын улуу акыны Мухаммед Физулинин 500 жылдык мааракеси, биздин элибиздин майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Мааракелик салтанаттарага, Мухаммед Физулунин 500 жылдык мааракесине катышуу үчүн биздин республикага көптөгөн мамлекеттерден келген делегацияларга, мамлекеттик ишмерлерге, коомдук ишмерлерге, илим, маданият ишмерлерине, бардык меймандарга, Физулинин чыгармачылыгына, Азербайжан Республикасына урмат көрсөтүп жана көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин жана таазим кыламын. 

Мухамед Физулинин 500 жылдык мааркеси Азербайжандын бардык булуң-бурчтарында жана дүйнө жүзүндө майрамдалып жатканына үч жыл толду. Ушул үч жылдын ичинде Мухамед Физулинин 500 жылдык мааркесине байланыштуу Азербайжан Республикасында, анын ар бир шаарында, шаарчасында чоң салтанаттуу аземдер болуп өттү, мунун өзү улуу акындын чыгармачылыгына урмат көрсөтүнүн көрүнүшү болуп саналат. 

Мухаммед Физулинин мааракеси Азербайжанда гана эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө болуп өттү. Мухамед Физулинин 500 жылдык мааркесине байланыштуу салтанаттуу аземдер Түркиянын Анкара шаарында, Россиянын Москва шаарында, Ирактын Багдад, Кербала, Керкук шаарларында, Ирандын Тегеран шаарында, Грузияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Дагестандын Дербент, Махачкала шаарларында, Парижде, ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында болуп өттү, Мухаммед Физулинин чыгармачылыгы, анын мурастары кеңири пропогандаланды жана бүткүл дүйнө жүзүнө жайылтылды. 

Бириккен Улуттар Уюмунун ЮНЕСКОсу тарабынан Мухаммед Физулинин 500 жылдык мааракесин дүйнөлүк масштабда өткөрүү жөнүндө чечимдин кабыл алынышы акындын чыгармачылыгына жогорку баа берүү, биздин элге, маданиятыбызга болгон урматтоо жана кадырлоо болуп саналат. ЮНЕСКОнун Башкы директору урматтуу Федерико Майор мырза Мухаммед Физулинин 500 жылдык мааракесине байланыштуу Азербайжанга келди жана бүгүн мааракени биз менен чогуу белгилеп жатат. 

Мухаммед Физулинин 500 жылдык мааракесине байланыштуу акыркы үч жылдын ичинде Азербайжанда ири иш-чаралар өткөрүлдү. Түрк дүйнөсүндөгү жазуучулардын III съездинде Мухаммед Физулинин чыгармачылыгы жана 500 жылдык маараке көңүлдүн борборунда болду.Түрк тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдүн Эл аралык уюмунун VIII жолугушуусунда да Мухаммед Физулинин чыгармачылыгы жана мурасы көңүлдүн борборунда болду. Бакуда Эл аралык симпозиуму өткөрүлүп, ушул күндөрү Мухаммед Физулинин чыгармачылыгы Азербайжан коомчулугунун көз алдында жана бүткүл дүйнө жүзүндө да жогорку деңгээлге көтүөрүлдү. 

Мухаммед Физули азербайжан элинин улуу акыны, окумуштуу-философу болуу менен түрк тилинде сүйлөгөн элдерге, бардык түрктөргө, мусулман дүйнөсүнө таандык кылынат. 

Мухаммед Физулинин чыгармачылыгы, анын мурастары дүйнөлүк маданиятка чоң салым кошту, аны байытты. Өзүнүн 40 жылдык чыгармачылыгынын ичинде Мухаммед Физули 500 жыл жашаган чыгармаларды жараткан. Ал азербайжан поэзиясын эң бир жогорку бийиктиктерге көтөрдү, анын ырлары, поэмалары, казалдары, гасиддери, рубаилери 500 жылдан бери адамдардын моралдык рухуна колдоо көрсөтүп келе жатат. Мухаммед Физулинин чыгармачылыгында илимдин, философиянын көп кырдуу жактары чагылдырылган. Анын бардык чыгармалары поэзиянын, адабияттын үлгүлөрү болуу менен философиялык жогорку идеяларды, илимий ойлорду камтып турат. Мухаммед Физули өзүнө чейинки мезгилге кеңири талдоо жүргүзүп, ага чейин Чыгышта, байыркы Грецияда, антикалык рим адабиятында, байыркы инди адабиятында түзүлгөндөрдүн бардыгынын мыкты үлгүлөрүн өз чыгармачылыгында камтып, Чыгыш менен Батыштын синтези болуп эсептелген өзүнүн поэзиясын, илимди, философияны эң жогорку бийиктикке көтөргөн. 

Мухаммед Физули өзүнүн чыгармачылыгы менен өзүнө бузулбас эстелик орноткон. Анын элдердин жүрөгүндө, Азербайжан Республикасынын ар бир жаранынын жүрөгүндө жашап жатканына мына 500 жылдын жүзү болду. Бардык бороон-чапкындардан, жер титирөөлөрдөн, согуштардан өтүп, ал улам жаңы бийиктиктерди багынтып жатат. Бүгүн биз ушул бүткүл элдик майрамды Азербайжандын борбору -Бакуда, Физули аянтында тургузулган эстеликтин жанында белгилеп, ага гүл коюп жатабыз. Бирок Физулинин өзү тургузган руханий эстелик, ар бир адамдын жан дүйнөсүндө жашайт. Ал кийинки муундардын жан дүйнөсүндө да кылымдар боюу жашай берет. Элдер басып өткөн жолго талдоо жүргүзүү менен, Мухаммед Физули өзүнүн чыгармаларында жогорку философиялык, жалпы адамзатка таандык баалуулуктарды чагылдырган. Өз мезгилинин коомдук-саясий процесстерине талдоо жүргүзүү менен, ал коомго өлбөс-өчпөс ойлорду, сунуштамаларды калтырган. Анын бардык чыгармалары адамдардын өз ара мамиелерин, адамдын жакшы сапаттарын даңазалоо менен коомдогу, адамдардагы бардык терс көрүнүштөрдү четке каккан. 

Физулинин чыгармаларында сүйүү, адамдардын өз ара мамилелери, ишенимдүүлүк даңазаланат. Ал адамдарды Мекенге, ата-энеге, жерге, сүйүүгө ишенимдүү болууга чакырган - мына ушулардын бардыгы 500 жыл мурдагыдай эле - адамдардын эң маанилүү жана жогорку моралдык сапаттар болуп эсептелет. 

Мухаммед Физули өз мезгили тууралуу айтуу менен, өзүнүн чыгармаларын алыскы келечекке арнаган. Ошондуктан акындын чыгармалары 500 жылдан бери жашап келет жана дагы миңдеген жылдар боюу жашай берет. 

Мухаммед Физули ошол кезде үстөмдүк кылган араб жана перс тилдеринде жазышкан. Бирок анын чыгармаларынын көпчүлүк бөлүгү түрк, азыркы азербайжан тилинде жазылгандыгы биз үчүн эң манилүү болуп саналат. Ушунун өзү Мухаммед Физулини мурдагы жана кийинки акындардан, биздин элдин окумуштууларынан айырмалап турган фактор болуп эсептелет. Биз бүгүн да анын түрк тилинде жазылган «Лейли жана Межнун» поэмасын, анын ырларын эркин окуй алабыз. Мына ошентип, өз мезгилинде жана андан кийин болуп өткөн процесстерге карабастан, анын түрк тилин, өз эне тилин жогору баалагандыгы Мухаммед Физулинин сиңирген зор эмгектеринин бири болуп эсептелет. 

Мухаммед Физули өтө татаал мезгилде. Ири согуштардын убагында жашаган. Ал ушул согуштардын күбөсү болгон жана согуштар, касташуу, чыр-чатактар адамзатка, коомго кандай сокку урарын өз көзү менен көргөн. Ошондуктан анын чыгармаларынын негизги жүйөлөрүнүн бири зомбулукка, залимдикке, согуштарга каршы туруу болуп саналат. Ал адамдарды ынтымакка, тынчтыкка, достукка үндөгөн, өз чыгармаларында ушул сапаттарды даңазалаган. 

Физули тынчтыкты сүйгөн, ак ниет адам болгон жана ушул сапаттар анын чыгармаларында чагылдырылган. 

Мухаммед Физули өзүнүн чыгармалары менен бардык кийинки муундарга зор таасир тийгизген. Кылымдан-кылымга, муундан-муунга өткөн акындар, жазуучулар, окумуштуулар, философтор анын чыгармачылыгынын таасирине дуушар болушкан. Көпчүлүгү аны тууроого аракеттенишкен. Мына ушунун өзү да - Физулинин дүйнө жүзүнө, биздин элге сиңирген эмгектеринин бири деп айтууга болот. 

Физулинин чыгармаларында көрсөтүлгөн идеялар биздин элдин, башка түрк тилинде сүйлөгөн элдердин, мусулман дүйнөсүндөгү элдердин жаңы улуу чыгармаларынын жаралышына түрткү берген. Азыр Азербайжандын улуу акыны Низами Гянджеви чыгыштын белгилүү болгон уламышынын негизинде, биринчи жолу «Лейли жана Межнун» деген өзүнүн өлбөс-өчпөс поэмасын жараткандыгын зор сыймыктануу сезими менен айтууга болот. Бул ХII кылымда болгон. ХV кылымда Мухаммед Физули ушул эле уламыштын негизинде өзүнүн «Лейли жана Межнун» поэмасын жаратат. Дүйнө жүзүндө Лейли менен Межнунга арналган көркөм чыгармалар көп, Орто кылымдарда мындай жүздөгөн чыгармалар жазылган. Бирок биз Физулинин «Лейли жана Межнкн» поэмасы ушул уламыштын философиялык маанисин эң бир жогорку бийиктиктерге көтөргөн деп эсептейбиз. 

ХХ кылымдын башында Азербайжандын улуу композитору Узеир Гаджибеков мусулмандык Чыгышта биринчи болуп Мухаммед Физулинин поэмасынын негизинде «Лейли жана Межнун» операсын жараткан. Мына ошентип 80 жылдан бери «Лейлу жана Межнун» операсы азербайжандын сценасынан түшпөй келе жатат. Ушул жылдардын ичинде ал Физулинин жана Узеир Гаджибековдун чыгармачылыгын көрсөтүү менен дүйнө жүзүн кыдырып чыкты.

Биздин кылымда азербайжан жазуучулары, акындары, композиторлору, сүрөткерлери, айкелчилери Мухаммед Физулинин чыгармаларына арналган эң сонун чыгармаларды жаратышты. Кара Караевдин «Лейли жана Межнун» симфониясы, Жахангир Жахангировдун «Физули» кантатасы ушунун мисалы боло алат. 

Мына ошентип, Мухаммед Физули өзүнүн чыгармачылыгы, өзүнүн чыгармалары менен бизге чейин жетти, бүгүн биз менен чогуу жашап, бизди шыктандырууда - ал чыгармалар келечектеги муунга руханий азык катары кызмат кылат, жаңы чыгармаларды жаратууга шыктандырат. Мухаммед Физули тарабынан урпактарга калтырылган чыгармачылык мурастын мааниси ушунда.

Андан бери 500 жыл өттү. Бирок Мухаммед Физулиандан бери өткөн кылымдарда жашап келди. Анын чыгармаларынын көпчүлүгүнүн бүгүнкү күнгө чейин жетиши кокусунан эмес. Бирок Мухаммед Физули ушул кезге чейин илимий күз караштан жетиштүү түрдө иликтелип, изилденип жана талданып чыга элек. 

Ушул 500 жылдын ичинде Физулинин мааракеси алгачкы жолу ушундай жогорку деңгээлде майрамдалып жатат. Заманбап Ахербайжандын, Азербайжан Республикасынын азыркы муунунун өз маданиятына, тарыхына, өзүнүн улуу инсандарына карата урматтоосу жана кадырлоосу мына ушундан көрүнүп турат. Бирок бул Физулинин чыгармачылыгын изилдөөнүн жана пропогандалоонун башталышы гана. Анын мурасы чексиз, аны таанып билүү үчүн дагы көп нерсе жасоо керек деп эсептеймин. Физулинин 500 жылдыгына байланыштуу иш-чаралар анын чыгармачылыгын келечекте изилдөө жана пропогандалоо үчүн кеңири жол ачып берет деп ишенемин. 

Кийинки муундар Физулинин 500 жылдык мааракелик аземин унутуп калбайт жана ушул демилгени мындан дагы жогорку чектерге көтөрөт деген ишеним билдирип кетким келет. 

Биздин эл ар дайым Мухаммед Физулинин чыгармачылыгына, чыгармаларына өзүнүн урматтоо жана кастарлоо сезимин билдирип келген. Бирок биз мурда муну бүгүнкүдөй терең түшүнбөй келгенбиз, бул дагы азербайжан элинин өзүнүн улуттук боштондугуна, мамлекеттик эгемендүүлүгүнө жетишине байланыштуу болуп жатат. Азыр биз өзүбүздүн эгемендүү мамлекетибизде, эгемендүү өлкөбүздө өзүбүздүн тарыхыбыхды, өзүбүздүн улуттук-руханий баалуулуктарыбызды, каада-салттарыбызды эч нерседен коркпостон эркин жана акыйкат баалап жана пропогандалай алабыз.

Биз Мухаммед Физулинин мааракесин биздин эл, республика оор мезгилди баштан кечирип жаткан кезде өткөрүп жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, сегиз жыл мурда Армения тараптан Азербайжанга карашы согуштук агрессия жасалып, анын натыйжасында азербайжандын аймагынын бир бөлүгү, 20 пайызы армяндык куралдуу күчтөр тарабынан оккупацияланган. Оккупацияланган аймактардан бир миллиондон ашык биздин мекендештерибиз күч менен куулуп чыккан, алар азыр оор шарттарда, чатырларда жашап жатыышат. Ушуну менен Азербайжандын аймактык бүтүндүгү бузулуп, улуттук мамлекеттүүлүккө, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө зор сокку урулду. 

Ушуну менен катар Азербайжан өзүнүн мамлекеттик көз карандылыгына жетишүүнүн алдында ири коомдук-саясий, социалдык-экономикалык кескин курч окуяларды баштан кечирди. Ушул мезгилде Азербайжандын турмушунда Азербайжандын мамлекеттүүлүгү, улуттук маданияты үчүн өтө коркунучтуу болгон окуялар болуп өттү. Мына ушулардын бардыгы республиканын коомдук-саясий жана маданий турмушун татаалдаштырып, ири кыйынчылыктарды пайда кылды. Бирок ушуну менен катар, өлкөдө мамлекеттик көз карандысыздыка жетишилгенден кийин, өлкөдө демократиялуу, укуктук, диний эмес мамлекет түзүлдү. Биздин республикада демократиялык процесстер өнүгүп, экономикалык реформалар жүзөгө ашырылууда. Биз жаңы мамлекетти куруп, жаңы демократиялуу коомду калыптандырып, экономикалык реформаларды жүзөгө ашырып жатабыз. Мына ушулардын бардыгы - өтө татаал процесстер. 

Мына ушундай кезде Физулинин чыгармачылыгы бизди шыктандырат, бизге дем-күч берет. Ал ар дайым биздин элде улуттук ар-намыс сезимин тарбиялап, өзүнүн улуттук эркиндиги үчүн күрөштө, мамлекеттик курулуш процессинде, өлкөдө демократиялуу укуктук мамлекетти бекемдөө процессинде бизге жардам берген эң бир ири факторлордун бири катары чыгып турду. Биздин элдин ушундай байыркы, бай маданиятка ээ экендиги, өзүнүн улуу адамдары аркылуу Азербайжандын улуттук-руханий баалуулуктарын байытып келгендиги жана аларды жалпы адамзаттык балуулуктардын бир бөлүгүнө айландыргандыгы менен биз сыймыктанабыз. Бизде Мухаммед Физули сыяктуу ушундай улуу акын, улуу окумуштуу, улуу философ бар экендиги менен биз сыймыктанабыз. 

Мухаммед Физулинин 500 жылдыгына байланыштуу мааракелик салтанаттар биздин элдин руханий жашоосун дагы байытарына, анда патриоттук, жерди сүйүү сезимин тарбияларына, биздин баарыбызды Азербайдан Республикасынын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө, оккупацияланган жерлерди бошотууга мобилизацияларына, Азербайжандын дагы жогорку бийиктиктеге жетишине шыктандырарына шектенүүгө болбойт. Биз бүгүн да, эртең да, өз жашообузда Мухаммед Физули жараткан руханий баалуулуктарды пайдалануу менен, өзүбүздүн элди бактылуу келечекке алып барабыз. 

Мен ушул мааракелик иш-чаралар, ушул чоң майрам биздин элди мындан да бекем баш коштурат деп ишенемин. Мухаммед Физули адамдарды достукка, сүйүүгө чакырган. Сүйүүнү даңазалоо, жаркын жан дүйнөнү, ыйык сезимдерди даңазалоо менен Мухаммед Физули адамдарды биримдикке, достукка жана сүйүүгө чакырган. Бүгүн Физулинин ушул ойлору биз үчүн баарынан маанилүү. Өлкөнү ушул оор мезгилден чыгаруу, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү, оккупацияланган жерлерди бошотуу, өлкөдө демократиялык процесстерди өнүктүрүү, аны алга карай алып баруу үчүн биз өз биримдигибизди, тилектештигибизди чыңдоого тийишпиз. 

Акыркы жылдар Азербайжан мамлекетинин кубаттуулугун чыңдоонун жылдары, Азербайжандын ичиндеги коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруунун жылдары, адамдардын бири-бирине тыгыз жакындашуусунун жылдары болгондугун канааттануу сезими менен билдирип кетемин. Биз аларды өз жетишкендиктерибиз катары карайбыз. Бирок ошону менен бирге аларды биздин республиканын келечегине карай алгачкы кадамдар деп эсептейбиз жана Физулинин чыгармачылыгы жана анын мурасы бизге мына ушул жолдо жардам берет деп ишенемин. 

Поэзияга даңк, Физулиге даңк, анын чыгармачылыгына даңк» 

Жашасын илим, маданият жана поэзия! 

Жашасын эгемендүү Азербайжан Республикасы! 

«Бакинский рабочий» гезити, 1996-жылдын 14-ноябры