Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзү - Бишкек, 28-август 1995-жыл

Урматтуу президент Аскар Акаев!

Кымбаттуу жана урматтуу кыргыз боордоштор!

Айымдар жана мырзалар, кымбаттуу достор!

Азербайжан элинин атынан сиздерди, кыргыз элин «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине байланыштуу чоң майрам менен кызуу куттуктайм. Сиздерге, кыргыз элине, Кыргыз Республикасына бакыт жана кубаныч каалайм.

«Манас» эпосунун 1000 жылдыгы дүйнөгө кыргыз элинин улуу тарыхын дагы бир ирет көрсөтүп турат. Боордош кыргыз эли «Манас» дастаны менен түптөлгөн жолдо келет. «Манас» дастанынын улуу ойлору, улуу накыл сөздөрү, миң жылдар өтсө да, кылымдан кылымга бул жолду жарык кылып келген. «Манас» – кыргыз элинин акылмандыгынын символу, анын акылынын, баатырдыгынын, эрдигинин символу. «Манас» бүткүл дүйнөгө дайыма мекенчилдикти, салттарды жактоочулукту, эркиндикти сүйүүнү, кыргыз элинин эрдигин көрсөтүп келет. «Манас» – кыргыз элинин чоң маданий, адептик баалуулугу, бүтүндөй дүйнөлүк цивилизациянын баалуу кенчи, түрк элинин, түрк тилдүү элдердин, ислам дүйнөсүнүн чоң адептик байлыгы. «Манас» ошол эле убакта азербайжан элине да таандык, азербайжан элинин да адептик, маданий баалуулугу болуп саналат. «Манас» – баарыбыздын, бардык биздин элдин бабасы.

Азербайжан Республикасында «Манас» дастанынын сөздөрү, ойлору кеңири жайылган. Азербайжан акындары, адабиятчылары, музыканттары «Манасты» дайыма окушат, аны үгүттөшөт, кеңири жайылтышат. Биздин акындар «Манасты» азербайжан тилине которушту. Биздин искусство ишмерлерибиз «Манас» сөздөрүн чоң чеберчилик жана сүйүү менен окушат, сазда ойноо менен ырдашат. Азербайжандын мыкты искусство ишмери, «Манас» изилдөөчү Мехрибан айым, делегациянын курамында биздин өлкөнүн атынан келүү менен, бүгүн бул жерде «Манас» Азербайжанда канчалык сүйүктүү экенин жана жайылганын жар салат.

«Манас» тили – биздин жалпы тилибиз. Биз – жалпы тамырга, жалпы тилге ээ болгон элдербиз. Бирок кылымдан кылымга өткөн сайын биздин тилдерде айрым айырмачылыктар болду. Биз бири-бирибизди жүрөк менен сезебиз, түшүнөбүз, бирок биздин тилдердеги айырмачылыктардан улам, айрым сөздөрдү түшүнө албайбыз. Бүгүн мен өз сөзүмдү азербайжан тилинде баштадым. Бирок менин сөздөрүм ошол эле убакта, сиздерге жана жалпы кыргыз жарандарына, мени угуп жаткан кыргыздарга түшүнүктүү болуусун каалайм. Ошондуктан мен орус тилинде бир-эки ооз сөз айткым келет.

Кымбаттуу кыргыз боордоштор, кымбаттуу достор! Биз сиздер менен биргеликте, чоң майрамды, «Манас» дастанынын 1000 жылдыгын майрамдоо үчүн, ыйык кыргыз жерине боордоштук сезим менен келдик. «Манас» – кыргыз элинин сыймыгы, анын улуттук байлыгынын, акылмандыгынын, баатырдыгынын үлгүсү. Көптөгөн кыйынчылыктарга, катаал турмуш жолдоруна карабастан, кыргыз эли миңдеген жылдар аралыгында жүрөгүндө «Манас» сөзүн сактап келди, анда көрсөтүлгөн жол боюнча эркиндикке жана көз карандысыздыкка бет алды.

«Манас» миң жыл мурун кубаттуу кыргыз мамлекети тарабынан жаратылган. Азыркы учурда кыргыз эли кайрадан көз карандсыздыкка ээ болду, ал өзүнүн улуттук мамлекетине ээ. Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө «Манас» дастанынын 1000 жылдыгын кеңири жана салтанаттуу түрдө, дүйнөлүк деңгээлде белгилөөгө мүмкүн болду.

Кечээ биз «Манас айылы» эстелигинин ачылышына зор канааттануу менен катыштык. Кыргыз элинин колу, акылы жана жөндөмү менен жаратылган жана жаратыла тургандын баары, чынында «Манас» дастаны менен кыргыз элине жана бүткүл дүйнөгө калтырылган улуу мурасты татыктуу чагылдырып турат. Биз бул майрамды кыргыз элинин улуттук көз карандысыздык жана улуттук мамлекеттүүлүк шарттарында белгилеп жатканыбыз өзгөчө сыймыктанууну жаратат. Эки күндөн кийин кыргыз элинин көз карандысыздыкты алып жана көз карандысыз Кыргыз мамлекетин түзгөнүнө төрт жыл толот. Кымбаттуу достор, мен сиздерди жана кыргыз элин, улуттук көз карансыздык майрамына байланыштуу, тарыхый жетишкендик менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм жана сиздер «Манас» түптөгөн жолго түшүү менен, улуттук көз карандысыздыкты, улуттук мамлекеттүүлүктү бекемдеп, «Манастын» осуяттарын жашоого ашыра тургандыгыңыздарга ишенем.

Кыргыз жана азербайжан элдерин, биздин элдердин жалпы тамырында, тарыхый өткөн мезгилде, салттарда жана каадаларда, тилинде жана динде, башка көптөгөн өзгөчөлүктөрдө түптөлгөн көп кылымдан берки достук мамилелер байланыштырып турат. Биз кыргыз эли менен болгон достугубузду баалайбыз. Кыргыз эли мамлекеттик көз карандысыздыкты алгандан кийин биз кыргыз жеринде болуп жаткан процесстерге достук менен байкоо салуудабыз. Кечээ жана бүгүн биз Кыргызстанда болгон жана болуп жаткан олуттуу өзгөрүүлөрдүн күбөсү болдук. Бул өзгөрүүлөрдүн баары улуу «Манастын» осуяттары жашоого ашырылып жаткандыгын күбөлөндүрүп турат. Ошондой эле бул өзүнүн көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн бекемдөө үчүн кыргыз эли, Кыргыз мамлекети тарабынан жүргүзүлгөн чоң иштер менен да байланыштуу. Мында биздин досубуз, татыктуу жетекчи, Кыргыз Республикасынын президенти, биздин агабыз Аскар Акаевге зор эмгек таандык.

Азербайжан да, Кыргызстан сыяктуу эле, төрт жыл мурун улуттук көз карандысыздыкка ээ болду, өзүнүн көз карандысыз мамлекетин куруп, эркиндиктин, укуктук, демократиялык мамлекетти куруунун жолуна, прогресстин жолуна түштү. Биз улуттук көз карандысыздыкка ээ болуу кыргыз эли үчүн да, азербайжан эли үчүн да, жана ушул жолго түшкөн башка элдер үчүн да, эң чоң тарыхый жетишкендик деп эсептейбиз. Ушунун аркасында биз, бул жерде тең укуктуу мамлекеттердин өкүлдөрү катары катышып, өзүбүздүн жакшы сезимдерибизди биздин кыргыз боордошторго, Кыргызстандын бардык жарандарына берип, биздин жалпы ишибизде тилектештикти көрсөтүп жатабыз.

Биз биздин мамлекеттик көз карандысыздыгыбызды өтө жогору баалап, мамлекеттик көз карандысыздыкты бекемдөө жана өнүктүрүү жолунда бекем турганыбызды, эч качан, эч бир жагдайда бул жолдон тайбай тургандыгыбызды, сиздерге билдирип койгум келет. Бул жолго түшүү менен, биз бардык өлкөлөр менен, анын ичинде кыргыз эли, Кыргыз Республикасы менен достукту бекемдей алабыз. Кымбаттуу достор, өзүмдүн бул жерге келүүм менен, сиздерди азербайжан жана кыргыз элдеринин ортосундагы достукту бекемдеп, экономика, маданият, илим чөйрөсүндөгү, гуманитардык чөйрөдөгү, бардык башка жааттардагы биздин байланыштарды өнүктүрө тургандыгыбызга ишендирип кетким келет. Биз бири бирибизге жардам берип, улуу «Манас» түптөгөн жолго чогуу түшөбүз.

Кымбаттуу жана урматтуу менин эже-карындаштарым, ага-инилерим, кымбаттуу кыргыз досторум! Дагы бир ирет бул майрамга байланыштуу сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздерге азербайжан элинин эң жакшы кааоолорун жеткиргим келет. Баарыңыздарды азербайжан элинин атынан кучактап, өбөм. Сиздерге бакыт, кубаныч жана сиздердин бардык иштерде ийгиликтерди каалайм! Рахмат!