Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы, Улуу урматтуу Кофи Аннанга - Баку, 5-июль 1999-жыл

Урматтуу Башкы катчы! 

Учурдан пайдаланып, Адам укуктарынын жалпы декларациясы менен бекитилген, адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин камсыздоо сыяктуу жогорку идеяларга жетишүү максатында Сиз жасап жаткан аракеттер үчүн, ошондой эле Сиз биздин өлкөнүн Адам укуктарынын жалпы декларациясынын максаттарына туруктуу берилгендигин баалагандыгыңыз үчүн, Сизге терең ыраазычылык билдирем.

Муну менен катар, Азербайжан Республикасы бардык прогрессивдүү адамзаты менен бирге Жалпы декларациянын жоболорун жашоого ашырууга багытталган иш-чараларга жигердүү катышып жатканын белгилей кетүү керек деп эсептейм. 

Көз карандысыздыкка ээ болгон Азербайжан Республикасы өзүнүн демократиялык принциптерге, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин урматтоого жана сактоого бектиги жөнүндө билдирди. 

Азербайжан Республикасы Жалпы декларациянын максаттарын жана милдеттерин жашоого ашыруу менен, 125 эл аралык конвенцияларга, анын ичинде адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көп тараптуу келишимдерге – «Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактка», «Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияга», «Кыйноолорго жана катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркын кемсинтүүчү мамилелерге жана жазаларга каршы конвенцияга», «Аялдарды басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенцияга» жана «Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга» кошулду. 

Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана Азербайжан Республикасынын Конституциясында бекитилген, жашоого болгон укуктарды камсыздоо максатында, Чыгышта биринчи жолу Азербайжан Республикасында 1998-жылдын 10-февралында өлүм жазасын жоюу жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Ал эми 1998-жылдын 11-декабрында өлкө өлүм жазасын жоюуга багытталган «Жарандык жана саясый укуктар жөнүндө эл аралык пакттын» экинчи факультативдик протоколуна кошулду. 

Адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо жана коргоо максатында Азербайжан Республикасында тийиштүү мыйзамдар, Президенттин буйруктары жана тескемелери, анын ичинде Азербайжан Республикасынын «Маалыматтын эркиндиги жөнүндө», «Көз карандысыз жыйындардын эркиндиги жөнүндө» мыйзамдары, Азербайжан Республикасынын Президентинин «Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө», «Азербайжан Республикасында сөз, ойдун жана маалыматтын эркиндигин камсыздоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» буйруктары, Азербайжан Республикасынын Президентинин «Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 50 жылдыгын өткөрүү жөнүндө», «Адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» тескемелери жана башка ченемдик-укуктук акттар кабыл алынган. 

Азыркы убакта эл аралык уюмдардын колдоосу астында адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө бир катар мыйзамдардын долбоорлору даярдалууда. 

Биздин өлкө белдүү эл аралык уюмдар менен, анын ичинде БУУ Жогорку комиссарынын адам укуктары боюнча башкармалыгы менен адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө кызматташтыкты жогору баалайт жана туруктуу өнүктүрөт.

1998-жылдын 18-августунда Азербайжан Республикасы менен БУУ Адам укуктары боюнча борборунун ортосунда кол коюлган адам укуктарын өнүктүрүү жана коргоо боюнча потенциалды күчөтүү жана инфраструктураны түзүү боюнча долбоордук документтин маанисин өзгөчө белгилей кетким келет. 

Акыркы жылдары адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө орто жана жогорку окуу жайлары үчүн азербайжан тилинде түрдүү окуу китептери жана окуу пособиелери басылып чыгарылды. 

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын бардык беренелери менен катар Азербайжан Республикасы 30-беренеде чагылдырылган жобону толук колдойт жана аларды жашоого ашыруу үчүн аракет жумшайт. 

Жогоруда белгиленгендер менен катар, Армениянын биздин өлкөгө каршы агрессиясынын жыйынтыгында биздин миллиондон ашык мекендештерибиз Армениянын аймагында жана Азербайжандын оккупацияланган аймактарында туруктуу жашаган орундарынан куулгандыгына, этникалык тазалоого жана басмырлоого жана мындай жол менен адам укуктарын жана эркиндиктерин массалык түрдө бузууларга эл аралык коомчулуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун көңүлүн бургубуз келет. 

Мунун баарын баса белгилеп жана туулган жеринен куулган азербайжандыктардын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин калыбына келтирүү максатын жетекчиликке алып, мен Сизди оккупацияланган азербайжан аймактарын бошотуу, качкындардын жана аргасыз көчкөндөрдүн туулган жерине тезинен кайтуусу үчүн аракетиңизди аябоого чакырам, азербайжан элинин мыйзамдуу кызыкчылыктарын колдоого чакырам. 

Терең урматтоо менен, 

Гейдар Алиев,

Азербайжан Республикасынын Президенти