Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин Баку-Тбилиси-Джейхан Негизги Экспорттук түтүк өткөргүч аркылуу чийки мунайды Азербайжан, Грузия жана Түркия республикаларынын аймагы боюнча ташуу жөнүндө документтерге кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзү. Стамбул, «Чыраган» ордосу, 1999-жылдын 18-ноябры

Урматтуу Президенттер!

Урматтуу достор!

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Бүгүн мен зор сыймыктануу сезимин баштан кечирип жатамын, анткени, «Кылым контракты» деп аталган ири мунай контрактына мындан беш жыл мурда, 1994-жылдын сентябрында Бакуда кол коюлган, Каспий деңизинин мунай жана газ запастарын биргелешип иштетүү үчүн түзүлгөн консорциумдун курамына Азербайжан, Америка Кошмо Штаттары, Европа өлкөлөрү, Түркия жана Россия кирет жана ушул контрактка кол коюлгандан беш жыл өткөндөн кийин, мына бүгүн аталган контрактка кол коюуда каралган Баку-Тбилиси-Джейхан мунай түтүгүн жүзөгө ашыруу боюнча документтерге кол коюлду.

Бул оңой-олтоң иш эмес экени белгилүү. Биздин алдыбызда абдан көп кыйынчылыктар турду. «Кылым контрагына» кол коюуда да биз ири кыйынчылыктарга туш болдук.Андан кийин да биздин алдыбызда, Баку-Джейхан мунай түтүгүн өткөрүү жолунда абдан көп кыйынчылыктар келип чыкты, бизге каршы чыккандар да болду. Бирок бул биздин эркибизди майтара алган жок, биз башталган ишти акырына чыгардык.

Ушул иште Түркия Республикасы менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтык өзгөчө мааниге ээ болот. Ошондуктан мен Түркия Республикасын, түрк элин жана Түркия Республикасынын Президенти, менин кымбаттуу досум, бир тууганым Сулейман Демирелди чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.

Биз ушул түтүк өткөргүчтүн линиясын Грузиянын аймагы аркылуу өткөрүп жатабыз.Албетте, эгерде линияны Грузиянын аймагы аркылуу өткөрүү мүмкүн болбосо, анда бул оюбуз ишке ашпай калмак. Ошондуктан Грузиянын Президенти Шеварднадзе мырза тарабынан ушул маселени чечүү үчүн абдан зор күч-аракеттер жасалды. Мен грузин элин, Грузияны жана өзүмдүн кымбаттуу досум, бир тууганым Эдуард Шеварднадзени чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.

Бирок, эгерде ушул маселелерди жүзөгө ашырууга Америка Кошмо Штаттары колдоо көрсөтпөсө, биз ушулардын бирин да турмушка ашыра алмак эмеспиз.»Кылым контрактына» кол коюлганга чейин көз карандысыз Азербайжанга чоң кысым көрсөтүлүп келди. Биз тоскоолдук кылгысы келишти. Дал ушул Америка Кошмо Штаттарынын, анын Президентинин, менин урматтуу досум Билл Клинтон мырзанын колдоосунун натыйжасында биз 1994-жылдын сентябрында «Кылым контрактына» кол койдук. Бирок ушундан кийин да бизде көптөгөн проблемалар болду. Башка өлкөлөр Баку-Джейхан демилгесин кабыл алышкан жок. Бирок урматтуу Президент Билл Клинтон мырза ушул маселе боюнча ыраттуу иш жүргүзүп, бизге колдоо көрсөтүп, бизди шыктандырды жана ушул маселеге Туркияны, Азеобайжанды, Грузияны, Каспий боюндагы башка өлкөлөрдү тартты жана аны урматтоонун, анын беделинин, ыраттуу саясатынын натыйжасында биз ушул багытта ушундай ири «Кылым контрактына» кол коюуга жетиштик.

Ошондуктан мен, биздин бардыгыбыз чогулуп, Америка Кошмо Штаттарына, алардын Президентине, биздин кымбаттуу досубуз Билл Клинтон мырзага өзүбүздүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана таазим кылабыз. Урматтуу Президент Билл Клинтон мырза, ушуга байланыштуу Сизди да чын жүрөгүмдөн куттуктап кетемин.

Азыр ушул түтүк өткөргүчтүн, б.а. мунай өткөргүчтүн линиясын пайдалануу долбооруна Казакстан да кошулду. Ошентип Казакстан өзүнүн мунайынын көпчүлүк бөлүгүн ушул түтүк өткөргүч аркылуу ташый баштайт.

Биз, Азербайжан менен Грузия ушуну кабыл алдык жана бизге туура келген бардык милдеттенмелерди аткарабыз. Ушул түтүк өткөргүч линиясынын натыйжасында Казакстан мунайды экспорттоодо чоң ийгиликтерге жетишет деп эсептеймин. Ошондуктан мен казак элин жана Казакстандын Президенти, өзүмдүн кымбаттуу досум Нурсултан Назарбаевди да чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.

Мен түрк элине, Туркиянын жарандарына урмат жана сый көрсөтөмүн жана аларды куттуктаймын. Мен Туркияга беш жылдын ичинде ар бир келген сайын, мага Баку-Джейхан түтүк өткөргүч линиясы качан болот? - деген суроо беришчү. Мен болсо аларга ар дайым, болот, болот, болот! - деп жооп берчүмүн. Бүгүн мына ушул окуя болду жана макулдашууга кол коюлду. Бардыгыңыздарды чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!