БУУнун Коопсуздук Советинин Председателине, көчүрмөсү БУУнун башкы секретарына – 1993-жылдын 26-июлу


Урматтуу Председатель Мырза,

Эгемендүү Азербайжан мамлекетинин аймагын бөлүштүрүүгө багытталган рмян агрессиясынын жана эскалациянын улантылышынын натыйжасында менин өлкөмдө калыптанган драмалык кырдаал мени ушул билдирүү менен Сизге кайрылууга аргасыз кылып жатат.

Эл аралык укуктун принциптерин жана ченемдерин колдоо менен Азербайжан эл аралык коопсуздуктун жана кызматташтыктын идеяларына негизденүү жана ушул эл аралык уюмдун мүчөлөрүнүн укуктарына жана милдеттерине таянуу менен Армения Республикасы тарабынан ага таңууланган кандуу чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууда СБСЕнин ортомчулугуна макулдук берген. Ушул узак жана оор процессти жөнгө салуунун жүрүшүндө Азербайжандын өкмөтү чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө умтулуу жана өтө ийкемдүүлүктү жана конструктивдүүлүктү көрсөтүү менен кан төгүүнү токтотуунун жана сүйлөшүүлөрдүн бекем негизине чыгуунун жолдорун ар тараптан издеди. Бирок Армениянын дүйнөлүк коомчулуктун жана Азербайжандын алдындагы өз милдеттерин одоно түрдө бузушу - биздин тынчтык күч аракетибизге шек келтирип жатат.

СБСЕнин Министрлер Совети тарабынан Минскидеги конференциянын чечими кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан ашык убакыт өттү, бирок бүгүнкү күндө бул идея мурдагыдай эле айкындыктан алыс болуп жатат. Эгерде биз бир жыл мурда Министрлер Советинин чечими кабыл алынган жерге жана ошол күнгө ылайык келген кырдаалга келтирүүнүн мүмкүн болгон бирден-бир жолу катары Шушини жана Лачинди бошотуунун зарылдыгы жана ушунун өзү менен Минскидеги конференцияга чыгуунун зарылдыгы жөнүндө айтып келсек, ал эми бүгүнкү күндө армяндык агрессорлор тарабынан Азербайжандын аймагынын 17 пайыздан ашыгы басылып алынган. Карабахтын бүткүл тоолук бөлүгү Лачинский (1992-жылдын майында түштүк бөлүгү, ал эми 1993-жылдын апрелинде түндүк бөлүгү), Кельбажар району, Нахчыван Автономиялуу Республикасынын айылдары, Азербайжандын Газах, Физулин, Зангилан, Агдам райондорунун айылдары оккупацияланган. Бардыгы 503 калктуу конуш басылып алынган, качкындардын жана жер которгондордун жалпы саны 567 миң адамды түзөт.

Тоолуу Карабахты өзүнүн аймагына кошуп алуу жөнүндө кабыл алынган кара ниет чечимден көрүнгөн саясий агрессиядан баштап жана андан кийин эмиссарлар менен террорчуларды жиберүүгө жана курал-жаракты жөнөтүүгө өтүү менен ,бүгүнкү күндө Армения СБСЕнин жана БУУнун чечимдерин, анын ичинде Коопсуздук Советинин оккупациялык күчтөрдү Азербайжандан бир жактуу чыгарып кетүүнү талап кылган 822- резолюциясын этибарга албастан, Азербайжан жеринде кеңири масштабдуу аскердик аракеттерди жүргүзүп жатат. СБСЕнин резолюцияны ишке ашырууга багытталган иш аракеттери ортомчунун мыйзамдуу талаптарын аткаруудан армян тараптын толук баш тартышы менен жана анын үстүнө алгылыксыз шарттарды коюу менен токтотулду. Армения Республикасынын ушул аракеттеринин натыйжасында регионго Марио Раффаэлинин акыркы визити, мурдагы визиттер сыяктуу эле БУУнун Коопсуздук Советинин резолюциясын тезинен ишке ашырууга жана кан төгүүнүн көптөн бери күтүлгөн токтотулушу үчүн эч кандай негиздерди берген жок.

Армян тараптын Тоолуу Карабахта аракеттенип жаткан армяндык куралдуу кошундардын Армения Республикасына баш ийбей тургандыгы жөнүндө ар кандай шилтемелери таптакыр негизсиз. Оор курал-жарактарды, ок дарыларды, аскердик күчтөрдү бардык жөнөтүүлөр, ошондой эле аскердик аракеттерге түздөн-түз жетекчилик кылуу Армения Республикасы тарабынан аннексияланган Лачинский району аркылуу жүзөгө ашырылууда.

Раффаэлинин миссиясы кеткенден кийин келип чыккан тынч абалды пайдалануу менен Армения жаңы массалык чабуулга өттү жана анын жүрүшүндө анын куралдуу күчтөрү тарабынан Агдам шаары басылып алынды. Бул күтүүсүз акт али бутуна тура элек тынчтык процессине кыйратуучу сокку урду. Мурда Азербайжан Өкмөтү Коопсуздук Советине процессти создуктуруу чоң кыйроого алып келе турган коркунучтуу жагдайды түзө тургандыгы жөнүндө эскерткен.

Азыркы кырдаал БУУнун Уставына ылайык өзүнө берилген ыйгарым укуктун негизинде Коопсуздук Советинин кийлигишүүсүн туруктуулук менен талап кылып жатат.

Агрессорду ооздуктоого, кан төгүүнү токтотууга жана басылып алынган Азербайжан аймактарын бошотууга багытталган кечиктирилгис чаралар зарыл.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу токтоосуз түрдө Коопсуздук Советин чакырууну өтүнөмүн.

Гейдар Алиев,

Азербайжан Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу,
Азербайжан Республикасыныны Жогорку Советинин Председатели

“Бакинский рабочий” гезити боюнча орус тилинен кыргыз тилине которулган 1993-жылдын 29-июлу