Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин тарыхый Жибек жолун калыбына келтирүү боюнча 1998-жылдын 8-сентябрында Бакуда болуп өткөн эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзү


scotch egg
scotch egg
scotch egg
temp-thumb
temp-thumb
temp-thumb

Урматтуу мамлекет жана делегация башчылары!

Айымдар жана мырзалар!

Адамзат цивилизациясынын тарыхында жолдор, транспорттук каттамдар жашоонун бардык тарабына - саясатка, экономикага, маданиятка таасир тийгизүү менен ар дайым зор роль ойноп келген.Мына ушунун абдан ачык мисалдарынын жана символдорунун бири - көп сандаган элдердин жана өлкөлөрдүн миң жылдаган тарыхын, Кытайдын байыркы маданиятын, Европалыктардын улуу географиялык ачылыштарын, орто кылымдагы мусулман Ренесансынын жетишкендиктерин жана көптөгөн башка нерселерди камтып турган, глобалдуу, ажайып көрүнүш болуп эсептелген Улуу Жибек жолу болуп саналат.

Азербайжан байыртан эле Европа менен Азиянын ортосундагы өзүнчө бир көпүрөөнүн ролун ойноо менен, Улуу Жибек жолунун маанилүү түйүнү болгон. Кавказдын, Каспийдин жана Кара деңиздин жээгиндеги өлкөлөр өнүккөн зонаны, маданий өз ара байытууну, диний сабырдуулукту билдирүү менен Улуу Жибек жолунун өзгөчөлөнгөн катышуучулары болушкан.

Адамзат тарыхынын ажырагыс бөлүгү катары Улуу Жибек жолу жогорулоо жана басаңдоо мезгилдерин баштан кечирди. Согуштар, идеологиялык жана геосаясий карама-каршылыктардын, бөлүштүрмө сызыктардын доорунун башталышы менен Улуу Жибек жолу өзүнүн маанисин жоготуп, жагымдуу уламышка айланды.

Бирок "кансыз согуш" аяктап, элдер эгемендүүлүккө жетишишти, жалпы адамзаттык баалуулуктар, демократиялык ченемдер, интеграциялык процесстер дүйнөлүк саясатта үстөмдүк кыла баштады жана Улуу Жиюек жолу тарыхтын жүрүшүнүн өзү менен кайрадан талап кылынып жаткан кез.

Европа Бирлигинин комиссиясынын кыраакы чечимине тиешелүү баа берүү керек, анын демилгеси менен 1993-жылдын май айында Брюсселде Кавказ жана Борбордук Азия мамлекеттеринин улуттук жана мамлекеттер аралык транспорттук, соода коммуникацияларын өнүктүрүү стратегиясын талкуулоого арналган атайын жолугушуусу болуп өттү.

Ушул жолугушууда түзүлгөн Европа-Кавказ-Азия (ТРАСЕКА) транспорттук коридору программасы Европа мейкиндигинде ишке ашырылып жаткан эң бир динамикалуу, экономикалык жагынан натыйжалуу долбоорлордун бири болуп калды.

Өткөн беш жылдын ичинде программага катышкан өлкөлөрдүн тыгыз кызматташтыгынын, Европа Бирлигинин комиссиясынын активдүү колдоосунун натыйжасында, коммуникациялык объектилерди модернизациялоо жана куруу, тиешелүү мыйзамдарды жана кодекстерди иштеп чыгуу, кадрларды даярдоо, бажылык жана тарифтик саясаттарды өркүндөтүү боюнча зор иш жасалды.

1996-жылдын май айында Түркмөнстандын Серахс шаарында Азербайжандын, Грузиянын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын ортосунда транзиттик жүк ташууларды жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга кол коюу ушул программаны өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп калды, бул Макулдашууга кийин башка мамлекеттер да кошулушуту. Ушул макулдашуунун натыйжасында тарифтер элүү пайызга азайтылды, бажылык жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлдү, жүк ташуулардын коопсуздугу жана сакталышы камсыз кылынды. Ушунун натыйжасында акыркы жылдарда транскавказ коридору боюнча Европа менен Азиянын ортосунда товар алмашуунун көлөмү дээрлик он эсе жогорулады.

ТРАСЕКА программасын ийгиликтүү жүзөгө ашыруу биздин кызматташтыкты кыйла жогорку деңгээлге көтөрүү - Улуу Жибек жолун калыбына келтирүү прошраммасын кабыл алуу үчүн база түзүп берди, биздин конференция мына ушуга арналып жатат.

ТРАСЕКАнын жумушчу тобу тарабынан даярдалган "Европа-Кавказ-Азия коридорун өнүктүрүү боюнча эл аралык транспорт жөнүндө көп тараптуу негизги макулдашуу", анын техникалык тиркемеси, Баку декларациясы экономикалык, саясий, тарыхый мааниге ээ болот.

Алардын кабыл алынышы Европа, Кара деңиз, Кавказ, Каспий деңизи жана Азия региондорунда сооданы өнүктүрүүгө, жаратылыш ресурстарын өздөштүрүүгө жана ташууга, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтөт.

Тарыхый Улуу Жибек жолун калыбына келтирүү, ага жаңы өлкөлөрдү жана региондорду тартуу биздин элдердин жакындашуусу жана бири-бирин байытышы, биздин көз карандысыз мамлекеттердин көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн чыңдоо, аларда демократиялык, рыноктук реформаларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн күчтүү импульс болуп калат, жалпыбыз үчүн тынчытыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.

Улуу Жибек жолунун башаты өткөн мезгилден башталат, бирок ал келечекти карай бара турган жол болуп эсептелет. Эгерде биз ушул жол менен чогуу, кызматаштыкта, бири-бирибизди урматап жана колдоп бара берсек, ушул жол биздин элдерди бейпилчиликке жана гүлдөп-өсүүгө жеткирерине мен ишенемин.

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат.