Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин түрк тилинде сүйлөгөн мамлекеттердин III саммитинде сүйлөгөн сөзү - Бишкек, 1995-жылдын 28-августу


Урматтуу мамлекет башчылары!

Айымдар жана мырзалар!

Баарыдан мурда меймандостугу жана биздин саммитти жогорку деңгээлде уюштуруп бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаевге жана Кыргызстандын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирип кетемин.

Азербайжан элинин атынан менин кымбаттуу жана урматтуу бордошторум, ушул абройлуу чогулуштун катышуучулары - Түркия Республикасынын Президенти Сулейман Демирелге, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевге, Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаевге, Түркмөнстандын Президенти Сапармурад Ниязовго, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовго чын жүрөгүмдөн салам айтам, сиздерди жана элиңиздерди урматтай турганымды билдиремин жана бакты-таалай жана бейпилчилик каалап кетемин.

1992-жылдын октябрында Анкарада негизделген мына ушул саммит эң сонун салт болуп калгандыгын канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Евразиянын көпчүлүк бөлүгүн, ири экономикалык дараметти, адамдык дараметти бириктирип турган биздин өлкөлөр эгемендүү мамлекеттер, дүйнөлүк коомчулуктун тең укуктуу мүчөлөрү катары региондук кызматташтыкты баштагандыгы абдан кубанычтуу. Көп кылымдык тарыхынын ичинде дүйнөлүк цивилизациянын казынасына салмактуу салым кошкон, географиялык жакындыгы, тарыхый тагдыры, маданияты, салттары, дининин жана тилинин жалпылыгы сыяктуу бузулгус түйүндөр аркылуу бири-бири менен байланышта болгон биздин өлкөлөр тыгыз жана натыйжалуу кызматташтык үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ. Биздин элдердин адабият жана искусство, философия жана так илимдер жагындагы өкүлдөрү болгон биздин даанышмандарыбыздын гениалдуу чыгармалары бүткүл адамзаттын, анын руханий жашоосунун жана материалдык маданиятынын прогресси үчүн импульс катары кызмат кылды.

Мен жакында Түрк Республикасында өткөрүлгөн жана чыгыш адабиятынын жана философиясынын даанышмандарынын бири, азербайжандын улуу акындарынын бири Мухаммед Физулинин 500 жылдыгына жана казак элинин татыктуу уулу, көрүнүктүү ойчул, философ, акын Абайдын 150 жылдыгына арналган мааракелик отурумдарга канааттануу менен катыштым. Ибн Синанын, Низаминин, Навоинин, Юнис Имранын, Физулинин, Махдумгулунун, Махмуд Кашгаринин жана Чыгыштын башка көптөгөн таанымал генийлеринин "Деде Горгуд", "Короглу", "Манас", "Алпамыш" сыяктуу өлбөс-өчпөс дастандары биздин бир тууган элдерге гана таандык болбостон, бүткүл адамзаттын баалуулугу болуп саналарына мен даана ынандым.

Биздин саммит "Манас" эпосунун миң жылдык мааракесине туш келип калганына мен абдан кубанычтуумун, ошентип биз да, ушул саммитке катышкан мамлекет башчылары да бүткүл кыргыз эли менен чогуу, эркин Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте түрк дүйнөсү үчүн ыйык болуп эсептелген чыгарманын миң жылдыгын салтанаттуу түрдө белгилеп жатабыз.

"Манас" кулчулукка каршы чыгат, элдин эркиндигин, көз карандысыздыгын баарынан жогору коет, өзү ыйык деп эсептеген ата мекенди чет элдик баскынчылардан бошотуу үчүн элди күрөшкө чакырат, түрк элдеринин бир туугандыгын жакшы сезим менен даңазалайт.

Өзүбүздүн маанилүү проблемаларыбызды чечүү үчүн биз бири-бирибизге жардам беришибиз, бөлүнүп-жарылууну жана изоляциялоону болтурбай коюушубуз керек, кырсыккка дуушар болгон биздин бир туугандарыбызга кеңешип жардам берүүгө, кандуу согуштардын жана куралдуу чыр-чатактардын жалынын өчүрүүгө тийишпиз.

Ошондуктан мен, биздин жолугушууга өтө чоң маани беремин. Мен ушул жолугушуулардын туруктуу мүнөздө болушун чын дилимден каалаймын. Биздин тарыхый тамырларыбыз, биздин алдыбызда турган максаттардын жана проблемалардын окшоштугу, биздин улуттук позицияларыбыздын бирдейлиги - мына ушулардын баары биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн ишенимдүү негизи болуп саналат жана келечекке үмүт менен кароого мүмкүнчүлүк берет.

Акыркы жылдарда биз планетада болуп өткөн глобалдуу тарыхый, геосаясий өзгөрүүлөрдүн күбөсү болдук. Түзүлгөн жаңы шарттарда өзүбүздүн өз ара байланыштарыбызды көз карандысыз, эгемендүү башталыштарда курушубуз үчүн кеңири мейкиндиктер ачылууда.

Биздин өлкөлөр тарабынан жүргүзүлгөн реформаларды, дүйнөлүк коомчулук менен тең укуктуу интеграциялануу багытында жасалып жаткан кадамдарды эске алганда, биздин кызматташтыктын ушул жагын мен айрыкча маанилүү деп эсептеймин. Өзүбүздүн өлкөлөрдүн табигый бай ресурстарын, абдан зор өнөр жайлык, айыл-чарба жана интеллектуалдык дараметин пайдалануу, аларды заманбап технологиялар менен байытуу, жаңы транспорттук-коммуникациялык системаларды түзүү менен биз XXI кылымдын талаптарына жооп бере алабыз жана биздин элдердин татыктуу жашоосун камсыз кылууга жетишебиз.

Каспийдин боюндагы ар бир мамлекет энергетикалык ресурстарга бай жана ага байланыштуу укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү бар өзүнүн секторуна ээ. Ушул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, биргелешкен көп тараптуу долбоорлорду жүзөгө ашырууда активдүү кызматташуу менен, биз Каспийдин жээгиндеги зонаны гүлдөп- өсүүнүн жана прогресстин зонасына айландыра алабыз, дүйнөлүк экономикалык системада татыктуу орунду ээлей алабыз. Каспий деңизинин бай табигый ресурстары кызматташтык үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып бергени менен катар, алар биздин алдыбызга ушул байлыктарды үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу милдеттерин коюуда.

Ири инвестициялык долбоолор биздин энергетикалык ресурстарга бай өлкөлөрүбүздү дүйнөлүк керектөөчүлөр менен байланыштыруу үчүн заманбап транспорттук жана коммуникациялык системаларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Өз ара пайдалуу жана бирин-бири толуктап турган жалпы экономикалык мейкиндикти түзүү жана Борбордук Азииядан өктөрүлө турган мунай жана газ түтүк өткөргүчтөрүн, Түркияга, ал эми ал жерден дүйнөлүк рынокторго чыгаруу биздин элдер үчүн абдан ыңгайлуу болмок. Ушул түтүк өткөргүчтөрдү өткөрүү, алардын үзгүлтүксүз жана коопсуз ишин камсыз кылуу биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты дагы көбүрөөк чыңдамак жана биздин көз карандысыз мамлекеттердин гүлдөп-өсүшүнө кызмат кылмак.

Азербайжан, ошондой эле ушул абройлуу чогулушта өкүл болуп отурган бир катар боордош мамлекеттер татаал өткөөл мезгилди баштан кечирип жатат. Советтер Союзу кулагандан кийин өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган Азербайжан демократиялуу, укуктук мамлекетти куруунун, радикалдуу рыноктук реформаларды жүзөгө ашыруунун жолун тандап алды. Ушул тарыхый мезгилге таандык болгон объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, биз ушул жолдо бир катар ийгиликтерге жетиштик.

Биздин элибиздин көптөгөн кылымдардан бери өзүнүн көз карандысыздыгы үчүн жүргүзүп келген эркине таянуу менен, көз карандысыз Азербайжан Республикасы эгемендүү, укуктук мамлекетти курууда ишенимдүүлүк менен алга бара жатат.

Бүгүнкү күндө биз өз тагдырыбыздын жана байлыктарыбыздын ээлери болуп эсептелебиз. Кыска мезгилдин ичинде Азербайжанда саясий плюрализм, адам, сөз, басма сөз, ар-намыс эркиндиги бекитилди. Азербайжанда улутуна, тилине, саясий көз караштарына карабастан, адам укуктары ишенимдүү корголот.

40тан ашык саясий партиялар, 400гө жакын көз карандысыз гезиттер, 30дан ашык маалыматтык агенттиктер жана телекомпаниялар өзүнүн ишин толук өз алдынчалыктын шарттарында жүзөгө ашырышууда.

Биз күч колдонуу аркылуу мамлекеттик кулатууга багытталган, бир катар Конституцияга каршы аракеттерди болтурбай койдук. Биз республикада коомдук, саясий туруктуулукту калыбына келтирдик. Биз тарабынан түп тамырынан демократиялык реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн көрүлгөн бардык чаралар Азербайжан эли тарабынан ишенимдүүлүк жана чечкиндүүлүк менен колдоого алынды. Ошондуктан бизди көз карандысыздыктын жолунан чыгаруу мүмкүн эмес.

Биз ушул жылдын 12-ноябрында көп партиялуу системанын негизинде алгачкы демократиялуу парламенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алдык, республикада шайлоого карата кеңири даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө. Парламенттик шайлоо Азербайжанда демократиялык салттарды бекемдөөнүн жолундагы маанилүү кадам болуп калат деп ишенемин. Ошол эле күнү биз бүткүл элдик референдум аркылуу көз карандысыз Азербайжандын алгачкы демократиялык Конституциясын кабыл алабыз. Ушул окуялар Азербайжандын тарыхындагы жаңы даана барактар болуп калат жана кийинки муундардын бактылуу келечегин камсыз кылат.

Өзүбүздүн эркин рыноктук мамилелерди түзүү менен, биз тең укуктуу өнөк катары дүйнөлүк экономикага интеграциялануу үчүн экономикалык олуттуу реформаларды жүргүзүп жатабыз. Айыл чарба жагындагы реформалар ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Менчиктештирүүнүн программасы кабыл алынды жана жакынкы мезгилде мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жүргүзүлөт.

Консорциум менен түзүлгөн белгилүү "Кылым контрактына" кол коюлгандан кийин Каспий деңизинин Азербайжан секторунда энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча узак мөөнөттүү эл аралык кызматташтык чечкиндүүлүк менен өнүгүп жатат, дүйнөнүн эң ири мунай компаниялары ушул контрактка катышат. Ушул контракка боордош Түрк Республикасынын өкүлү болгон мунай компаниясы да катышып жатканын терең канааттануу менен белгилей кетким келет.

Ушуну менен катар Азербайжан Республикасы мамлекеттик түзүлүш жолунда бир катар олуттуу тоскоолдуктарга туш болду. Мындан жети жылга жакын мурда Армения Республикасы Азербайжанга каршы согуштук агрессия жасап, кандуу согушту баштады. Ушул агрессиянын натыйжасында Азербайжандын аймагынын 20 пайыздан ашыгы оккупацияланып, биздин миллиондон ашык жарандарыбыз оккупацияланган территориялардан качкан качкындар болуп калышты жана азыр өтө оор шарттарда, чатырларда жашап жатышат.

Биздин элибиздин жашоосуна терс таасир тийгизген факторлордун бири Армениянын куралдуу күчтөрү тарабынан оккупацияланган аймактарда өнөр-жай жана айыл чарба ишканаларынын, социалдык объектилердин жана маданий эстеликтердин, буудай талааларынын, пахта плантацияларынын, жүзүмзарлардын өрттөлүп, кыйратылышы болуп саналат.

Зор жоготууларга жана курмандыктарга карабастан, биз ушул чыр-чатакты цивилизациялуу, саясий жолдор менен, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун, анын Минск тобунун алкагында, адилет интернационалдык мыйзамдарга таянуунун, тынчтыкты жана бейпилчиликти бекитүүнүн алкагында чечүүгө аракеттенип жатабыз. Бирок маселени саясий чечүү үчүн армяндар өз аскерлерин Азербайжандын бардык оккупацияланган аймактарынан, анын ичинде, Шушу жана Лачындан чыгарып кетүүгө тийиш.

Азербайжан согушту кааалабайт. Биз өз жерлерибизди коргоо үчүн чыктык. Биз өзүбүздүн республиканын аймактык бүтүндүгү, эгемендүүлүгү үчүн Армениянын согуштук агрессиясына каршы күрөш жүргүзүп жатабыз. Биз дүйнөнүн бардык мамлекеттери тарабынан кабыл алынган бардык эл аралык укуктук ченемдерди урматтоону, Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн камсыз кылууну талап кылабыз.

Биз Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин, Исламдык конференция уюмунун, армяндык агрессияны айыптаган жана армяндардын оккупациялык аскерлерин кыңк этпей чыгарып кетүүнү талап кылган резолюцияларын турмушка ашырууну талап кылабыз.

Өткөн жылдын майында жетишилген, ок атууну токтотуу режими жөнүндө макулдашуу мына он беш айдан сакталып жатканы кубанычтуу. Биз ок атууну токтотуу режимин толук тынчтык орногонго чейин сактайбыз деп бир нече жолу билдиргенбиз жана дагы бир жолу билдиребиз. Ошону менен бирге биз түзүлгөн "же согуш эмес, же тынчтык эмес" деген ушул кырдаал түбөлүк улантылбайт деп эсептейбиз. Согуш акырына чыгууга жана оккупацияланган Азербайжан жерлери жакынкы мезгилде бошотулууга тийиш.

Учурдан пайдаланып ушул саммитке катышып жаткан мамлекет башчыларынан өз мүмкүнчүлүктөрүңөодү пайдалануу менен, ушул чыр-чатакты тезинен чечүү үчүн аракет көрүүнү өтүнөмүн. Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга жана миллиондон ашык качкындардын туулган жерине кайтып келишине ар кандай жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрыламын.

Бардык өлкөлөрдүн чек араларынын аймактык бүтүндүгүн, кол тийгистигин коргоо, акыркы мезгилде дүйнөнүн көптөгөн региондорунда кеңири жайылган сепаратизм менен терроризмге каршы олуттуу күрөш жүргүзүү, Бириккен Улуттар Уюмунун уставын жана Европа коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун принциптерин сактоо, аларды активдүү жүзөгө ашыруу биздин ар бирибиздин ыйык милдетибиз болуп саналат.

Кымбаттуу жана урматтуу боордоштор!

ТБРК программасынын алкагындагы кызматташтык биздин элдердин жашоосунда, маданиятында,чоң мааниге ээ болот. "Манастын" миң жылдыгына жана Абай Кунанбаевдин 150-жылдыгына арналган салтанаттуу жарманкелик аземдер ушул кызматташтыктын багыттарынын бири болуп саналат.

Сиздерге белгилүү болгондой Юнесконун чечими боюнча үстүбүздөгү жылы бүткүл дүйнө жүзүндө чыгыштын улуу ойчулу - Азербайжан акыны Мухаммед Физулинин 500-жылдык мааракеси кеңири белгиленип жатат. Анкарада, Москвада бул майрамдар өткөрүлдү, ал эми жылдын акырында Юнесконун башкы штабында, Парижде өткөрүлмөкчү.

Учурдан пайдаланып сиздерди Физулиге арналган улуу майрамдык салтанатка Азербайжандын ордо шаары Бакуга чакырып кетемин.

Биздин элдер миңдеген жылдардан бери байланышта болуп, биргелешкен ишти жүзөгө ашырып, бири-бирин байытып келишкен. Жаңы мезгилде, жаңы шарттарда ушул кызматташтыкты калыбына келтирүү биздин баардыгыбыз үчүн чоң мааниге ээ болот. Ушул тамырлар, ушул негиздер биздин элдердин эң бир ыйык ой тилектеринин гүлдөп өнүгүшү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет, алардын тынчтыкка, прогресске карай ишенимдүү барышы үчүн эң сонун шарттарды түзөт.

Көптөгөн сыноолордон өткөн, ушул жолдо коромжулуктардын күйүтүн тарткан, ошондой эле кайра жаралуунун кубанычына бөлөнгөн биздин элдер өздөрүнүн көп кылымдардан берки келе жаткан үмүттөрүн жүзөгө ашыраарына, XXI кылымга өздөрүнүн даңктуу ата-бабаларынын татыктуу уулдары катары кирээрине мен ишенемин. Бул биздин үмүтүбүз, бул биздин милдетибиз, бул биздин парзыбыз.

Көңүл бурганыңыздарга ырахмат!