Азербайжан Республикасынын Жогорку Советинин Председатели Гейдар Ализер оглу Алиевдин Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин отурумунда 1993-жылдын 15-июнунда сүйлөгөн сөзү


Урматтуу депутаттар, урматтуу Президент!

Мен Милли Межилистин мүчөлөрүнө, Азербайжандын Жогорку Советине мага көрсөткөн жогорку ишеними үчүн ыраазычылык билдиремин, мен мына ушул оор жүктү көтөрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүгүмдү пайдаланам жана ушул милдетти ар-намыстуулук менен аткарууга аракеттенем деп сиздерди ишендирип кетемин. Мен Азербайжан Республикасынын бүгүнкү күндөгү оор, татаал жана курч абалын толук жоопкерчилик менен сезип жатканымды белгилей кетким келет. Ишке киришүү менен мен өзүмдүн жоопкерчилигимди сезем жана мына ушулардын бардыгын жетекчиликке алуу менен колумдан келгендердин бардыгын жасаймын. Мен бул жерде узак сүйлөйүн деген оюм жок. Бирок мен бир-эки ооз сөз айтып кетүүгө милдеттүүмүн. Жогорку Советтин Председатели катары азербайжан элинин тарыхый жетишкендиктерин, Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгын коргоо, чыңдоо, өнүктүрүү менин негизги милдеттеримдин бири деп эсептеймин. Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы 1918-жылы алгачкы Азербайжан Демократиялык Републикасы тарабынан түзүлгөн, дүйнөдө болуп жаткан заманбап талаптардын, процесстердин негизинде камсыз кылынууга тийиш. Мен ар дайым ушул багытта иштеймин жана мен өмүрүмдүн калган бөлүгүн Азербайжан Республикасынын көз карандысыз мамлекет катары өнүктүрүүгө гана, дал ушуга гана арнарыма эч ким шектенбей эле койсо болот. Ушуга байланыштуу менин оюмча, кандай болгон күндө да, мына ушундан кийин Азербайжан Республикасы эч качан өзүнүн көз карандысыздыгын жоготпойт, кайрадан эч бир мамлекеттин курамына кирбейт, башка мамлекеттин бийлиги астында болбойт деп айткым келет. Мурдагы Советтер Союзун калыбына келтирүү, ага Азербайжан Республикасынын киришинин мүмкүнчүлүгү жөнүндө айрым имиштер, ой-пикирлер бар. Алардын баары куру кыял. Мен ушундай ойлорду четке кагам жана Азербайжандын бардык жарандарын да ушундай ойлорду четке кагууга чакырамын.

Республиканын алдында өтө зор жана татаал милдеттер турат. Көз карандысыздыкты, эгемендүүлүктү камсыз кылуу үчүн Азербайжан Республикасынын Армения тарабынан басылып алынган аймагы кайтарылып берилүүгө тийиш. Азербайжан Республикасынын аймактык бүтүндүгү камсыз кылынууга, согуш токтотулууга, тынчтык орнотулууга тийиш. Азербайжан Республикасынын жарандары тынч жана бейпил абалда жашоого жана өз мамлекетин өздөрү каалагандай курууга тийиш. Мына ушундан улам ушул маселе маанилүү маселелрдин бири болуп саналат. Ушул маселелер ушундан кийин да Жогорку Советтин көңүлүнүн борборунда болууга тийиш. Мына ушундай болот деп мен сиздерди толук ишендирип кетемин.

Кечээ күнү жарыяланган, Америка Кошмо Штаттарынын, Россиянын жана Түркиянын демилгеси менен кол коюлган документ биздин согуштук абалдан акырындык менен чыгышыбыздын алгачкы кадамы болуп саналат. Балким, мындан ары ушул жерде Азербайжан Республикасы өзүнүн бүткүл аймагында анын ээси болуп калышы үчүн жана биздин эл согуштук абалдан чыгышы үчүн дагы кыйла таасирдүү чаралар көрүлүүгө тийиш.

Мына ошентип, Азербайжан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы –эң маанилүү милдет. Көз карандысыз Азербайжанда демократияны өнүктүрүү керек. Саясий плюрализмге ар тараптан колдоо көрсөтүү керек. Азербайжан Республикасынын Конституциясынын бузулушуна, мыйзамдардын бузулушуна жол берүүгө болбойт. Мамлекеттик курулуш жана коомду калыптандыруу демократиялык принциптерге гана негизделүүгө тийиш. Саясатта жана экономикада эркиндиктин, көз карандысыздыктын, адам эркиндигинин, адам укуктарын коргоонун принциптери, эркин экономиканын принциптери башкы нерсе болууга тийиш. Башкача айтканда, биздин республика бир жыл мурун башталган жол боюнча барууга тийиш. Бул туура жол, ишенимдүү жол жана биздин республика ушул жол менен ишенимдүү барууга тийиш. Мен ар дайым ушул жолду жолдоймун деп сиздерди ишендирип кетемин.

Биздин республикабыздагы бүгүнкү татаал абалдын негизги себептеринин бири 4-июнда Гянджда болуп өткөн окуялар болуп эсептелет. Бул окуялар өтө коркунучтуу окуялар, ал жерде кан төгүлдү, кылмыш жасалды. Мына ушулардын бардыгы тергелүүгө жана мыйзамды бузган, кылмыштарга катышкан бардык адамдар кайсы тараптан болгонуна карабастан, мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Бул маселе боюнча депутатты тергөө комиссиясы иш жүргүзүп жатат. Ал эми биз болсо,ь ушул татаал кырдаалды тезинен жөнгө салышыбыз керек. Кечээ күнү Президент Абулфаз Элчибей менен сүйлөштүм, мен ошондой эле Гянджда мени коштогон адамдар менен бирге аны менен бетме-бет сүйлөштүм. Ошондуктан мен биздин бардык күч аракеттерибиз түзүлгөн оор кырдаалды жөнгө салууга, каршылашууну токтотууга жардам берет деп ойлоймун. Бирок мен мурда да айткамын жана дагы бир жолу айтып коеюн: эч кандай кырдаалда мен куралды колдонуунун тарапкери боло албаймын. Бул каршылашуу тынчтык жолу менен макулдашуу жолу менен, өз ара түшүнүшүү жолу менен, сүйлөшүүлөрдүн жолу менен жөнгө салынууга тийиш. Биздин элибиздин акылмандыгы, беделдүү адамдардын, Азербайжан интеллигенциясынын, Азербайжан аксакалдарынын жалпы күч-аракеттери жана биздин ишибиз шексиз түрдө ушуну камсыз кылат деп ойлоймун.

Демократиялуу, көз карандысыз Азербайжан Республикасын куруп, цивилизациялуу комм үчүн күрөшүү менен биз, бүткүл дүйнөлүк, жалпы адамзаттык баалуулуктардан пайдалануга тийишпиз. Азербайжан көптөгөн жылдардын, кылымдардын ичинде биринчи жолу өзүнүн көз карандысыздыгына жетишүү менен өзүнүн тарыхый ийгиликтерин, улуттук салттарын бүткүл дүйнөгө көрсөтө алышына аракеттенүүгө тийиш болобуз. Ушул көз караштан алып караганда Азербайжан элинде тарыхый да, ошондой эле заманбап да потенциал өтө эле жогору. Эгерде мына ушулардын бардыгын натыйжалуу пайдалансак, анда Азербайжан да көз карандысыз, демократиялуу мамлекет болуп калат жана биздин коом демократиялык, укуктук, жалпы адамзаттык баалуулуктардын негизинде курулган демократиялуу коом болуп калат. Бул үчүн биздин илим да, биздин маданият да, биздин тарыхый салттар да жана биздин диний негизибиз болгон ислам да – мына ушулардын баадыгы биригип келип, зор негизди түзүп турат. Биздин милдет мына ушулардын бардыгын натыйжалуу пайдаланууда турат.

Азербайжандагы курч абал Карабахтагы проблема менен гана байланыштуу болбостон, ошондой эле бул жерде Армениянын Азербайжанга каршы агрессиясы да себеп болуп жатат. Азыр Гянджда окуялар болуп өттү. Тилекке каршы, курч абалдын келип чыгышынын себептеринин бири Азербайжанда узак жылдардан бери жашаган элдердин жана этностук топтордун ортосунагы өз ара мамилелердин айрым бир начарлап кетиши болуп саналат. Азербайжан ондогон, жүздөгөн жылдардан бери ушул жерде жашаган адамдардын Мекени болуп келген, ал ушундан кийин да алардын мекени болуп калууга тийиш. Азербайжан Республикасынын аймагында жашаган бардык жарандар улутуна, динине, саясий таандуулугуна карабастан, бирдей укуктарга ээ болууга тийиш. Эгерде биз ушул түшүнүктөрдү жетекчиликке алып жана аларды турмушка ашыра алсак, биз Азербайжан Республикасында жашаган бардык элдерди, бардык улуттарды толук бириктирүүнү камсыз кыла алабыз. Бул биздин негизги милдеттерибиздин бири. Биз ушуларга жетишебиз деп ойлоймун.

Тышкы саясат жагында өткөн жылдын ичинде көп иштер жасалды. Бирок жасала турган иштер дагы эле көп. Азербайжан Республикасы демократиялуу мамлекет катары бардык мамлекеттер менен тең укуктуу мамилелерди түзүүгө тийиш. Кайсы бир мамлекеттин ички структурасынын кандай экендигине, ички саясаты кандай багытталгандыгына карабастан, биз кадыресе мамилелерди жөнгө салууга тийишпиз. Биринчи кезекте биз жакынкы коңшуларыбыз менен зарыл болгон маданий, экономикалык, мамлекеттик мамилелерди жөнгө салууга тийишпиз. Ушул көз караштан алып караганда, Түркия Республикасы менен болгон мамилелер республиканын калкы тарабынан шексиз түрдө колдоого алынууда. Коңшу Иран Ислам Республикасы менен мамилелер жакшыртылууга, өнүктүрүлүүгө тийиш. Россия –улуу мамлекет, биздин түндүк коңшубуз. Мына ушундан кийин Россия менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер жакшырууга, кеңейүүгө, жемиштүү болууга, көз карандысыздыктын принциптерине негизденүүгө тийиш экендиги талашсыз болууга тийиш. Мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген, азыр болсо көз карандысыз болуп калган бардык мамлекеттер –Украина, Белорусия, Грузия, Орто Азия өлкөлөрү, Казакстан, Балтика боюндагы өлкөлөр, Молдова менен биз кыйла тыгыз жана өз ара мамилелерди түзүшүбүз керек. Бул бизге абдан керек. Анткени, ушул мамлекеттер менен биздин экономикалык мамилелер, маданий мамилелер, адамдык мамилелер, көптөгөн, жүздөгөн жылдардан бери абдан жакын болуп келген, бул байланыштарды үзүүгө болбойт, аларды өнүктүрүү керек. Дал ушул саясат Азербайжан Республикасына көз карандысыз мамлекет катары калыптанууга жана өнүгүүгө жардам берээрине мен шектенбейм.

Азербайжан Республикасы дүйнөлүк деңгээлге чыкты. Америка Кошмо Штаттарынын Азербайжан Республикасына карата акыркы мезгилдеги оң мамилеси биздин баардыгыбызды кубандырат жана бул мамилелер дагы кыйла тереңдөөгө жана өнүгүүгө тийиш деп ойлоймун. Биз бардык Европалык өлкөлөр, айрыкча Улуу Британия, Франция, Германия менен биздин байланышыбызды тереңдетүүгө тийишпиз. Биздин бардык мусулман өлкөлөрү, араб өлкөлөрү, түрк тилинде сүйлөгөн өлкөлөр менен мамилелерибиз мындан дагы тезирээк өнүгүүгө тийиш. Бир сөз менен айтканда мен жөн гана тышкы саясат чөйрөсүндөгү өзүмдүн позициямды билдиргим келет. Жогорку Советтин Председатели катары мен ушул багытта иш жүргүзөм, биздин Президенттин, Жогорку Советтин, Өкмөттүн ишинин ийгилиги үчүн аракеттенем.

Бирок азыр Гянджда болуп өткөн окуяларды жана ушул окуялардан улам келип чыкан курч абалды четтеттүү баарынан маанилүү болуп жатат. Бул жерде, Милли Межилистин отурумунда, ушул трибунадан туруп, мен Азербайжандын бардык жарандарына биздин бир туугандарыбызга, эже-карындаштарыбызга, балдарыбызга кайрыламын жана биздин республика өтө оор абалда тургандыгын билдиремин. Дагы бир жолу кайталаймын, биздин алдыбызда турган эң бир оор кыйынчылык, биздин басылып алынган аймактарды кайтарып алууда жана Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн камсыз кылууда турат. Ошондуктан бардык ички чыр-чатактар, ички талаштар тышкары коюлууга тийиш. Мен бүткүл Азербайжан элине кайрыламын, мен Гянджинин калкына кайрыламын, Азербайжан Республикасынын депутаты Сурет Гусейновго кайрыламын, анын куралдаш жолдошторуна кайрыламын жана бардыгыңыздарды акылмандуулукка, адамдык мамилелерге чакырамын. Биздин республика азыр баарынан мурда ушуга муктаж болуп жатат жана алар, бүткүл эл, биз азыр бирге болууга тийиш экенибизди билүүгө тийиш. Азербайжан үчүн мына ушул кайгылуу мезгилде биз зор коркунуч алдында турабыз. Ушул мезгилде бардык күчтөр, бардык саясий партиялар, бардык саясий структуралар, бардык саясий жана коомдук уюмдар, бардык адамдар –баардыгыбыз биригүүгө тийишпиз. Биз бардык таарынычтарды унутушубуз керек. Биз бардыгыбыз биригип жана Азербайжанды ушул оор абалдан чыгарышыбыз керек. Гянджинин калкы,Гянджа менен чектеш жерлерде жашаган адамдар менин үнүмдү угат жан аны колдойт деп ойлоймун. Сурет Гусейнов менин үнүмдү угат, даанышмандык кылат жана биз ушул азаптан толугу менен кутулабыз деп ойлоймун. Мен сиздердин бардыгыңыздарды ушул багытта аракеттенүүгө, биригүүгө чакырамын. Мен майда таарынычтарды, майда ушак-айыңдарды четке кагууну өтүнөмүн, алардын мезгили келет. Кимдин-ким менен проблемасы бар болсо, кийин чечип алышат, азыр анын убагы эмес.

Ушуга байланыштуу дагы бир маселени козгой кетейин. Айрым чөйрөлөрдө мен жөнүндө сөз жүрүп жатат, эгерде Гейдар Алиев Азербайжанда кандайдыр бир кызматка кайрадан ээ болсо, анда кимдир бирөөлөрдөн өч ала баштайт. Өз убагында ага каршы болгон же ага начар мамиле кылгандарга начар маимле кылат деген сөздөр жүрүп жатат. Мен сиздердин алдыңыздарда жана бүткүл Азербайжан элинин алдында бүткүл жоопкерчилигим менен билдиремин, менин табиятымда өч алуу деген сезим дегеле жок. Муну жөн эле айрым адамдар ойлоп табышкан, булар муну менен мени эле жаман атты кылбастан, ошондой эле бизди ажыратууга аракеттенип жатышат. Эч качан өч алуу сезими менде болбойт деп сиздерге убада беремин. Эгерде кимдир бирөө бир кезде мага туура эмес мамиле кылса, бир нерсе жасаса, ишенип койгула мен аларды эчак эле кечиргем. Мен эч качан ушундай сезимдердин деңгээлине жеткен эмесмин жана андай кылбаймын. Бул сиздер мага азыр көрсөткөн ишенимден жана мен ушундай кызматка келгенден улам айтылып жаткан жок. Жок. Мен кадыресе жаран катары эч качан жана эч ким менен мындан ары касташууга, өч алууга же кимдир бирөөгө жамандык кылууга ниеттенген эмесмин. Бирок кызматтын алкагында биздин ар бирибиз тартипти сактоого, милдеттүү экендигибиз, биздин ар бирибиз мыйзамга баш ийүүгө, бардыгыбыз мыйзамды сактоого, мыйзамдын жогору тургандыгын камсыз кылууга тийиш экендигибиз талашсыз жана мен ушул жолдо албетте өзүмдүн принциптеримен тайбаймын.

Жогорку Совет, Азербайжандын Президенти Абулфаз Элчибей менен бирге, биздин баардыгыбыз ушул абалдан биргелешип чыга алабыз деп ойлоймун. Ушуга байланыштуу бардыгыңыздарды биримдикке чакырамын.

Ырахмат!