Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин Азербайжандыктардын геноцидинини күнүнө – 31-мартка байланыштуу 1999-жылдын 30-мартында Азербайжан элине кайрылуусу


Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күндө Азербайжан сегиз жылдан бери өзүнүн көз карандысыздыгынын шарттарында  жашап жатат. Көз карандысыздык  мезгилинде биз жетишкен ийгиликтердин башкыларынын бири - биз көптөгөн жылдар бою жашырылып, фальсификацияланып  жана  бурмаланып келген мезгилдин жана биздин тарыхыбыздагы окуялардын объективдүү көрүнүшүн түзүүгө мүмкүнчүлүк алгандыгыбыз болуп саналат. Ушундай окуялардын бири бүгүн биз сиздер менен белгилеп жаткан Азербайжандыктардын геноцидинин күнү болуп саналат,ал азыр биздин мамлекеттин саясий  жана укуктук баасын алды.

Жыл сайын 31-мартты Азербайжандыктардын геноцидинин күнү катары белгилөө менен, биз өзүбүздүн тарыхый өткөндөгүбүзгө дагы бир жолу кайрылабыз, биздин элге каршы ачык  эле жүргүзүлгөн кеңири масштабдагы кандуу акцияларды кайгыруу менен эстейбиз.

XIX-XX кылымдарда биздин эл коркунучтуу трагедияларды баштан кечирди. Азербайжандыктарга карата армяндардын колу менен, ири мамлекеттер тарабынан жүргүзүлгөн империялык  саясаттын катаал жана  кара ниет аткаруучулары тарабынан бир нече жолу этностук тазалоолор жана геноцид жүргүзүлгөн. Биздин эл оор кыйноолорго, улуттук трагедияарга жана азаптарга туш болгон. Жүз миңдеген жөнөкөй азербайжандар улуттук таандуулугунан улам жок кылынган, өз очокторунан  куулган, Азербайжандын байыркы шаарлары жана айылдары урандыларга айландырылган. Падышалык Россиянын империялык саясатын пайдалануу менен кылымдын башында армян улутчулдары жүргүзгөн геноцид саясаты, ал эми 40-50-жылдардагы советтик режим 80-жылдардын ортосунан тартып кайра курууга жамынуу менен андан да кыйла күчөгөн жана Азербайжан элине жаңы  жана жаңы трагедияларды алып келген. Тилекке каршы ушул кандуу акцияларга өз убагында эл аралык коомчулук да, Азербайжан Республикасынын  жетекчилиги  да принциптүү баа  берген эмес. Мына ошентип, мунун өзү улутчул сепаратисттик күчтөргө жол ачкан. Дал мына ушунун натыйжасында 1988-жылы бизге Тоолуу Карабахтагы чыр-чатак катары таңууланган биринчи этапта жүз миңдеген азербайжандыктар улуттук таандуулугунан улам жок кылынган жана өзүнүн тарыхый жерлеринен куулган, 1990-жылдын январында элге каршы айбандык кылмыштар жасалган, мунун өзү  Бакуда жана Азербайжандын башка жерлеринде ушул адилетсиздикке каршы нааразычылык билдирүүгө алып келген, 1992-жылы кандуу Ходжалин геноциди болуп өткөн.

Армяндык агрессорлордун жана улуу Армениянын идиологдорунун авантюристтик аракеттеринин натыйжасы катары этностук тазалоо боюнча бир миллиондон ашык мекендештерибиз өз очокторунан куулган жана адамга жат азаптарга тартылышкан. XX кылымда гана эки миллионго жакын азербайжандыктар тигил же бул формада биздин душмандар тарабынан жүргүзүлгөн геноциддин жагымсыз саясатына дуушар болушкан. Бирок, ушул трагедияга, кыйынчылыктарга, адилетсиздикке карабастан, биздин эл жошоосун улантып, көз карандысыздыкка умтулушун сактап калган жана бекем эркин көрсөткөн.

Бүгүн биз дагы бир жолу өз тарыхыбызга кайрыпып жатабыз. Ийгиликтер менен сыймыктанып, жоготууларга кайгырып турабыз. Бүгүнкү күндө Азербайжан көз карандысыз мамлекет катары жашашы, өзүнүн укуктук иши жөнүндө бүткүл дүйнөгө жар салышы, артта калган  адилетсиздиктерди четтетүүгө аракеттениши үчүн бардык негиздер түзүлгөн.

Биздин башкы милдеттерибиздин бири – азыркы жана келечектеги муунда биздин элге карата өткөн 100 жылдыкта жасалган геноцид жөнүндө улуттук бекем эскерүүнү калыптандыруу, бүткүл дүйнө жүзүндө ушул трагедияларга саясий жана укуктук баа берүүгө жетишүү,  алардын оор кесепеттерин четтетүүгө аракеттенүү жана мындай  нерсе мындан ары кайталанбашы үчүн баарын жасоо болуп саналат. Ал эми бул үчүн бекем жана  бузулбас  улуттук биримдикти көрсөтүү зарыл. Биздин элге карата колдонулушу мүмкүн болгон ар кандай чыккынчылыкка  жана агрессияга, көз карандысыз Азербайжан мамлекети үчүн келишпес күрөшкө багытталган күч аракеттердин жана эрктин натыйжасында гана бөгөт коюуга болот, бул болсо биздин жогорку максатыбыз болуп эсептелет.

Сиздерди биримдикке, биздин элдин улуттук таламдарын жана укуктарын коргоо үчүн келишпес күрөшкө чакырамын!

"Бакинский рабочий" гезити, 1999-жылдын 31-марты

Жалпы Тарыхый Маалымдоолор

Геноцид

Карталар Жана Графиктер

Армян-Азербайжан Тоолуу-Карабах кагылышы