Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин БУУнун Башкы катчысы Бутрос Бутрос-Галинин Азербайжанга болгон визитине арналган, Милли межилистин имаратында 1994-жылдын 31-октябрында өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзү


Урматтуу Башкы катчы, доктор Бутрос Бутрос-Гали мырза, межилистин урматтуу мүчөлөрү, басма сөз өкүлдөрү.

Бирикккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Бутрос Бутрос-Гали  мырза Азербайжан Республикасына, азербайжан жергесине расмий визит менен келди. Ошентип, Бутрос Бутрос-Гали  мырзанын биздин республикага визити, анын биз менен жолугушуулары жана ар тараптуу маектери – мына ушулардын бардыгы Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу ушундай беделдүү уюм жана Бутрос Бутрос-Гали  мырзанын жеке өзү  тараптан көз карандысыз Азербайжан Республикасына, азербайжан элине карата жасалган камкордукту, урматтоону жакшы мамилени айгинелеп турат.

Бутрос Бутрос-Гали  мырза мына азыр эле азербайжан парламентинде биздин республиканын коомчулугунун өкүлдөрүнүн алдында абдан мазмундуу жана аябай зор мааниси бар сөз сүйлөп, Бириккен Улуттар Уюмунун иши жөнүндө жана мына ушул эл аралык уюм Азербайжан Республиксынын эгемендүүлүгүнө, көз карандысыз мамлекет катары анын дүйнөлүк коомчулуктагы ордуна кандай маани берерин айтып берди.

Урматтуу Бутрос Бутрос-Гали  мырза, Сизге Азербайжан Республикасынын атынан, жеке өзүмдүн атымдан Сиздин Азербайжанга визитиңиз үчүн, Сиздин бул жердеги үзүрлүү  ишиңиз үчүн, Сиздин бүгүнкү чыгып сүйлөгөн сөзүңүз жана азербайжан эллине көңүл бурганыңыз үчүн терең ыраазычылык билдиремин жана таазим кыламын.

Доктор Бутрос Бутрос-Гали  мырза БУУнун 49 жылдык иши жөнүндө жана ушул уюмдун өзү түзүлгөн учурдан тартып жер жүзүндө тынчтыкты жана жыргалчылыкты камсыз кылууга багытталган иши тууралуу, анын ушул багыттагы жетишкендиктери жөнүндө айтып берди.

Азербайжан эли,  көз карандысыз Азербайжан Республикасы БУУнун ишин жогору баалайт, Бутрос Бутрос-Галинин бүгүнкү сүйлөгөн сөзүн  канааттануу менен кабыл алат жана өзүнүн 49 жылдык ишинде Бириккен Улуттар Уюму дүйнө жүзүнө азыркы жашоо үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу менен чоң иш жүргүзгөндүгүн түшүнөт. БУУ түзүлгөнгө чейин дүйнөлүк тарыхта болгон бардык эл аралык уюмдардын ичинен Бириккен Улуттар Уюму эң жогорку жетишкендиктерге жетишти жана өзү иш жүргүзгөн мезгилдеги өзүнүн  49  жылдык ишинде  дүйнөнүн  бардык өлкөлөрүнө жана элдерине канчалык керек экендигин  далилдеди. Мына ушундан улам ал  бүткүл  дүйнө  жүзүндө ардактоого жана урматтоого  жетишип жатат. Өзү иш жүргүзө баштагандан тартып жана «кансыз согуш» мезгилинде жана аны четтетүү жолунда жана андан кийин – Бириккен Улуттар Уюму  дүйнө элдеринин жана өлкөлөрүнүн жыргалчылыгы үчүн зор иш жүргүздү.

«Кансыз согуш» мезгили аяктагандан кийин БУУнун алдына өтө татаал жана маанилүү милдеттер коюлду. Мезгил өткөн сайын БУУнун курамы кеңейди, ал айрым өлкөлөрдүн жана элдердин өзүнүн көз карандысызыдыган ээ болушунда чоң роль ойноду. Эгерде түзүлгөн мезгилде аталган уюм 50 мамлекеттен турса, ал эми азыр БУУ дүйнөнүн 180ден ашык мамлекетин бириктирип турат. Акыркы жылдарда БУУ мамлекеттер  ортосундагы чыр-чатактарга, улуттар ортосундагы карама-каршылыктарга бөгөт коюу, ушул чыр-чатактарды четтетүү  жагында чоң иш жүргүзүп жатат.

Азербайжан эли, Азербайжан Республикасы  БУУнун ишин, айрыкча анын акыркы мезгилдердеги жетишкендиктерин, ушул уюмдун Башкы катчысы Бутрос Бутрос-Гали  мырзанын ишин жогору баалайт. Үч жыл мурда Азербайжан Республикасы мамлекеттик көз карандысыздыкка ээ болду, 1992-жылдын январында Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынды,ушул мезгилдин ичинде республика, биздин эл БУУнун камкордугун жана жакшы мамилесин ар дайым сезип турду. Учурдан пайдаланып, азербайжан элинин, Азербайжан Республикасынын атынан мен мына ушулардын бардыгы үчүн Бириккен Улуттар Уюмуна жана анын Башкы катчысына ыраазычылык билдиремин.

Азербайжан  элинин эркиндикке жетиши, республиканын көз карандысыздыкка ээ болушу, ошондой эле Азербайжан Республикасынын БУУнун мүчөсү болуп калышы биз үчүн тарыхый окуя болуп саналат. Бүгүн  мен азербайжан эли өзүнүн көз карандысыздыгын эч качан колдон чыгарбайт деп дагы бир жолу билдиргим келет. Биздин республика  өзүнүн көз карандысыздыгын күндөн-күнгө чыңдай берет. Азербайжан Республикасы өзүнүн ички жана тышкы саясатынын негизине демократиялык принциптерди койду, аларга негизденүү менен аракеттенет жана дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орунду ээлейт деп биз бир нече жолу билдиргенбиз жана бүгүн  БУУнун  Башкы катчысынын алдында кайрадан билдирип кетким келет. Биз өзүбүздүн  республикада демократиялуу, укуктук, цивилизациялуу коомду  куруу аркылуу, Азербайжанда адам эркиндигин, сөз, ар-намыс эркиндигин, саясий плюрализмди бекемдөө аркылуу демократиялуу  мамлекетти куруунун жолунда бара жатабыз. Биз Азербайжан Республикасынын экономикасын рыноктук экономиканын нугуна багыттоого жана өнүктүрүүгө умтулабыз. Мен биз тандап алган стратегиялык жол азербайжан элинин таламдарына жооп берет жана биздин элдин, биздин республиканын дүйнөлүк коомчулукка, дүйнөлүк экономикага интеграцияланышына  көмөк көрсөтөт деп ишенемин.

Мына алты жылдан бери Азербайжан согуштук шарттарда жашап, Армения Республикасы тараптан аскердик агрессияга дуушар болуп, чоң жоготууларга учурап, зор кыйынчылыктарды баштан кечирип жатат. Мына ушул мезгилде республиканын ичиндеги коомдук-саясий абал  да туруксуз болду. Азербайжандын ичиндеги жана анын чегинен тышкары жерлердеги айрым күчтөр өлкөнүн ичиндеги туруктуулукту бузуп, баш-аламандык  түзүүгө  аракеттеништи. Алар Азербайжандын көз карандысыздыгын жоготууга, өлкөнү бөлүп-жарууга аракеттенген күчтөр. Бирок акыркы окуялар, айрыкча  4-октябрда төңкөрүш жасоого аракеттенген күчтөрдү талкалоо жана азербайжан элинин улуттук, жарандык тилектештиги, анын өз мамлекеттүүлүгүн коргоодогу чечкиндүүлүгү азербайжан элинин көз карандысыздыгын  эч ким буза албай тургандыгын, ал өзүнүн жеке көз карандылыгын,  мамлекеттүүлүгүн коргоого жөндөмдүү эккендигин дагы бир жолу далилдеди.

Октябрдын башындагы окуялардын убагында, бир катар күчтөрдүн мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенгендигинен улам курч абал келип чыккан мезгилде азербайжан эли өзүнүн акылмандуулугун бүткүл дүйнөгө ачык көрсөттү. Дүйнөнүн ири мамлекеттери, ошондой эле БУУ Азербайжан Республикасынын мамлекеттүүлүгүн колдошту жана Азербайжанда мыйзамдуу бийликти сактап калууну  жактап чыгышты.

Азербайжан эли өзүнүн тарыхынын татаал мезгилин баштан кечирип жатат. Республиканын алдында зор проблемалар бар. Өлкө терең социалдык-экономикалык кризисте турат. Азербайжан Республикасы согуштук шарттарда жашоодо. Армения тараптан жасалган агрессиянын натыйжасында азербайжан жерлеринин 20 пайызы оккупацияланган. Басылып алынган аймактардагы бир миллиондон ашык азербайжандар качкындар болуп калышты.

Биз азербайжан эли, азербайжан мамлекети  бардык ушул кыйынчылыктардан чыгып кетет, өтүп кетет жана көз карандысыз  мамлекет катары  мындан ары ушул багытта мындан да кыйла жигердүү иштей берет деп ишенебиз.

Биздин жашообуздагы эң оор жана абдан татаал проблема  Азербайжанды согуштук абалдан, ушул согуштан чыгаруу, биздин республикага каршы агрессияга бөгөт коюу болуп саналат.  Ушул  маселелер  ушул күндөрдө БУУнун Башкы катчысы Бутрос Гали  мырза менен ар тараптан талкууланды. Мен ушул сүйлөшүүлөргө канааттанып калдым жана алар аяктагандан кийин Азербайжан Республикасын Армения тараптан болгон агрессиядан арылтуу, Азербайжан үчүн тынчтыкты жана бейпилдикти, коопсуз шарттарды, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн белгилүү бир кадамдар жасалат деген ишеним билдирип кетким келет. Бириккен Улуттар Уюму, анын Коопсуздук Кеңеши  жана Башкы катчы Бутрос Галинин жеке өзү ушул маселелерди чечүү үчүн көп иш жасашты.

Бизге белгилүү болгондой, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Армениянын Азербайжанга каршы агрессиясына, азербайжан жерлерин оккупациялоого  байланыштуу  төрт резолюция кабыл алды. Аларда оккупациялык күчтөрдү азербайжан жерлеринен кыңк этпестен чыгарып кетүү  талабы коюлуп, Азербайжандын эгемендүүлүгүнүн, анын аймактык бүтүндүгүнүн жана чек араларынын кол тийгистигинин принциптери кайрадан ырасталат. Тилекке каршы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ушул резолюцияларын жана Башкы катчы  Бутрос Галинин бир катар билдирүүлөрүн армян тарап аткарган жок.

Бирок мына ушулардын бардыгына карабастан, БУУ жана атап айтканда, Бутрос Гали  мырза  өзүнүн ушул багыттагы ишин улантууда. Менин Бутрос Гали  мырза менен сентябрдын башында Каирде, андан кийин Нью-Йоркто жана анын Азербайжанга болгон визитинин мезгилинде Бакуда жолугушууларымдын убагында БУУ жана анын Башкы катчысы Бутрос Гали  мырза тынчтыкты, коопсуздукту калыбына келтирүүгө, Армения тараптан биздин республикага каршы  согуштук агрессияны ооздуктоого  карата өзүнүн ишин жүзөгө ашырат деп мени ишендиришкен.

Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Бутрос Гали  мырза БУУнун резолюцияларында чагылдырылган принциптердин  өзгөрбөй тургандыгы жөнүндө жана ушул эл аралык уюм мындан ары өзүнүн ишин ушул принциптердин негизинде улантат деп бир нече жолу билдирген. Алар төмөндөгү принциптер: Азербайжан Республикасынын аймактык бүтүндүгүн, анын чек араларынын кол тийгистигин, Азербайжан Республикасынын эгемендүүлүгүн коргоону, бир мамлекеттин чек арасын экинчи бир мамлекеттин бузушуна, анын аймагын күч менен басып алууга жол бербөөнү, армяндык куралдуу кошундарды оккупацияланган аймактан кыңк этпей чыгарып кетүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Бутрос Гали  мырза ушул принциптер туруктуу жана БУУ мындан ары алардын негизинде аракеттенет деп бир нече жолу билдирген.

Азербайжан ар дайым тынчтыкты сүйгөн саясатты жүргүзүп келген. Ушул саясатты акырына чейин жүргүзүү, региондо тынчтыктын, бейпилдиктин жана коопсуздуктун шарттарын түзүү – мына ушуларга жетишүү үчүн биз бардык аракеттерди жасадык жана анны мындан ары да уланта беребиз. Биз бул үчүн эл арлык уюмдардын, БУУнун, ОБСЕнин, анын Минскидеги тобунун, айрым өлкөлөрдүн, анын ичинде АКШнын, Россиянын, Түркиянын  демилгелеринин жана акыркы мезгилде Россиянын ортомчулук күч-аркеттеринин бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланабыз. Биз мына ушулардын бардыгын пайдаланабыз жана пайдаланууну уланта беребиз. Натыйжада азыр Армения менен Азербайжандын ортосундагы согуш токтолуп турат, б.а. ок атууну токтотуу режими  орнотулду. Биз бүгүнкү күндө ок атууну токтотуу режимин сактоо үчүн баарын жасайбыз жана мындан ары да ушуга умтулабыз, биз ушул тууралуу өзүбүздүн билдирүүбүзгө бекем турабыз. Азыр ок атууну токтоттуу режиминин мезгилинде биз узакка созулган тынчтык жөнүндө макулдашуу түзүү зарыл деп эсептейбиз жана биз ушул сунуш  менен бардык эл аралык уюмдарга кайрылдык. Согушту токтотуу жана бекем тынчтык орнотуу үчүн биздин шарттарыбыз жөнөкөй: армян куралдуу күчтөрүн  Азербайжандын оккупацияланган  аймактарынан кыңк этпей чыгарып кетүү, Азербайжан Республикасынын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, басылып алынган аймактардан куулуп чыккан азербайжандарды өз очокторуна кайтаруу. Армян куралдуу күчтөрү биздин бардык райондорон, анын ичинде Лачинден жана Шушудан чыгып кетиши керек. Ушул маселелер чечилгенден кийин гана Тоолуу Карабахтын статусун жана ал жерде жашаган армян калкынын коопсуздугунун маселелерин талкуулоого киришүүгө болот. Ушул маселелердин бардыгы комплекстүү чечилүгө тийиш. Ушундай шартта гана биз региондо узак  мөөнөттүү тынчтыкка жетише алабыз.

Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин: биздин негизги шартыбыз – Армениянын куралдуу күчтөрүнүн оккупацияланган аймактарды шексиз бошотушу жана  бир миллиондон ашык качкын азербайжан жарандардын туруктуу жашаган жерине кайтып келиши.

 БУУ жана анын Башкы катчысы Бутрос Гали  мырза ушул жерде өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Азербайжан  Республикасына ушул жагынан жардам көрсөтүү үчүн бардыгын жасайт деген ишеним билдиремин.

Мен Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштер жагындагы ишин, анын ичинде БУУнун качкындардын иши боюнча Жогорку комиссариатынын Азербайжандагы ишин жогору баалаймын, ошондой эле БУУнун Азербайжандагы өкүлчүлүгүнүн ишин да жогору баалаймын.

Азербайжандын социалдык-экономикалык оор абалын эске алуу менен, ага гуманитардык жардам көрсөтүү жагынан чараларды көрүүнү мен Башкы катчы Бутрос Гали  мырзадан дагы бир жолу өтүндүм. – муну Башкы катчы качкындар менен жолугушканда өз көзү менен көрдү, алар кандай оор шарттарда жашап жатканына дагы бир жолу ынанды

Мына ошентип,  мен урматтуу Бутрос Гали  мырзага биздин республиканын бүгүнкү күндөгү абалы жөнүндө дагы бир жолу кыскача айтып бердим,  Бириккен Улуттар Уюму жана анын Башкы  катчысы Бутрос Гали  мырзанын жеке өзү Азербайжандын көз карандысыздыгын чыңдоо, анын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн, Азербайжандын согуштук абалдан чыгышы жана жалпы эле региондо тынчтык жана бейпилдик орнотуу үчүн мындан ары биздин республикага жардам көрсөтө берет деген ишеим билдирип кетким келет.

Азербайжан Республикасынын жарандарынын атынан БУУнун бардык органдарына жана ушул уюмдун Башкы катчысы Бутрос Гали  мырзага  терең ыраазычылык билдиремин жана таазим кыламын. Бутрос Гали  мырза – дүйнө жүзүнө белгилүү коомдук-саясий ишмер, чоң окумуштуу, БУУнун Башкы катчысынын кызматында туруп, дүйнө жүзүндө урматтоого ээ болду.  Мен анын биздин республикага визитин жогору баалаймын жана Бутрос Гали  мырза дагы көптөгөн жылдар боюу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын кызматында үзүрлүү ишин уланта берет, планетада тынчтыкты жана бейпилдикти орнотуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт жана азербайжан элинин досу катары Азербайжан Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн күч-кубатын аябайт деген ишеним билдирип кетким келет.

Бутрос Гали  мырза!

Сизге ушул жогорку кызматта, бүткүл дүйнө үчүн зор мааниси бар иште ийгиликтерди, Сиздин жеке турмушуңузда Сизге бакыт-таалай каалаймын.

Биз Сизди достук, чын дилден чыккан тилектер менен узатабыз. Бардыгы жакшы болсун!

"Бакинский рабочий" гезити, 1994-жылдын 5-ноябры