Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин НАТОнун 50 жылдык мааракесине арналган саммитте сүйлөгөн сөзү. Вашингтон, 1999-жылдын 26-апрели


scotch egg
scotch egg
scotch egg
temp-thumb
temp-thumb
temp-thumb

Урматтуу төрага мырза!

Айымдар жана мырзалар!

Мүчө болгон мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларын жана өнөктөрдү, Түндүк Атлантика бирлигинин жетекчилигин НАТОнун 50 жылдык мааракеси менен чын

жүрөгүмдөн кукттуктаймын.

Биз НАТОнун тынчтыкты жана туруктуулукту  камсыз кылуудагы зор ролун жогору баалайбыз, аны жалпы Европалык коопсуздуктун эң маанилүү шайманы деп эсептейбиз.

Дүйнөлүк социалисттик система жана Варшава келишими кулагандан кийин,  ХХI  кылымдын босогосунда таптакыр жаңы кырдаал пайда болууда. Демократия жана эркиндик, адам укуктарын коргоо дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн жана элдеринин эң жогорку идеалы болуп калууда. Зор табигый, энергетикалык ресурстарга, Европа менен Азиянын кошулган жериндеги ажайып геостратегиялык абалга ээ болуу менен,Азербайжан Республикасы рыноктук экономикасы бар демократиялык мамлекетти куруу, дүйнөлүк коомчулукка толук кандуу интеграциялануу жолунда бара жатат..Улуттук максаттардын идеалдардын жалпылыгы Азербайжан менен АКШнын жана Европалык өнөктөрдүн ортосундагы кеңири кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бекем негиз болуп калды.

Ошону менен бирге тоталитардык режимдин кулашы миллиондогон адамдардын өлүмүнө жана кыйроолорго алып келген, планетанын ар кандай региондорундагы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч келтирген куралдуу чыр-чатактар, сепаратизм, этностук тазалоо сыяктуу кесепеттерди пайда кылды.

Азербайжан эли акыркы өн жылдын ичинде ушул коркунучтуу көрүнүштөрдүн бардыгына туш болуп келүүдө.

Азербайжанга негизсиз аймактык талаптарды койгон коңшу Армениянын согуштук агрессиясынын натыйжасында  жыйырма пайызга жакын азербайжан жерлери оккупацияланып, биздин бир миллионго жакын жарандарыбыз өз аймагында этностук тазалоого дуушар болушту жана качкындар деген атка конушту.

Биз Армения менен чыр-чатакты тезинен тынчтык жолу менен чечүү үчүн бардык күч-аракеттерди көрөбүз жана ОБСЕнин Минск  тобунун жана анын Россия, АКШ жана Франция сыяктуу тең төрагаларынын ишинен чоң үмүт кылабыз. Чыр-чатактын бир тарабына  курал-жаракты мыйзамсыз жөнөтүү, региондук туташ куралданууну пайда кылуу  аракети таптакыр жол берилбей турган нерсе деп эсептейбиз.

Биз мурдагы советтик мейкиндикте, ошондой эле Югославияда болуп жаткан бардык чыр-чатактарды тезинен тынчтык жолу менен жөнгө салууну, Косоводогу этностук тазалоону токтотууну, карапайым калктын өз жерлерине кайтып келишин жактайбыз. Дүйнөлүк коомчулук агрессивдүү этностук чыдамсыздык жана сепаратизм тарабынан айтылып жаткан чакырыктарга адекваттуу жооп берүүгө тийиш.

Биз НАТО менен «Тынчтыктын атынан өнөктөшүү» программасынын алкагындагы кызматташтыкка чоң маани беребиз жана өз тарабыбыздан Азербайжандын Түндүк Атлантика бирлиги менен мамилелерин андан ары тереңдетүүгө ар тараптан көмөк көрсөтөбүз. Биз НАТОнун Вашингтондогу саммитте сунуш кылынган стратегиялык концепциясын колдойбуз.

Польша, Венгрия жана Чехия мамлекеттеринин НАТОго киришине байланыштуу ушул мамлекеттердин президенттерин куттуктап кетемин. НАТОго жаңы мамлекеттерди кабыл алуу бардык евроатлантикалык мейкиндикте, анын ичинде Кавказ регионунда коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого шексиз түрдө көмөк көрсөтөт.

НАТОго коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, адамзаттын бийик идеалдарын турмушка ашыруу боюнча  кайрымдуу миссияны жүзөгө ашырууда андан аркы ийгиликтерди каалаймын.

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат.