Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин 2000-жылдын 19-20-январында шехиддерди (укук иши үчүн күрөштө курман болгондорду) эскерүүгө арналган жалпы республикалык салтанатта сүйлөгөн сөзү


scotch egg
scotch egg
scotch egg
scotch egg
scotch egg
scotch egg
temp-thumb
temp-thumb
temp-thumb
temp-thumb
temp-thumb
temp-thumb

Урматтуу мекендештер! Урматтуу айымдар жана мырзалар!

 Бул күндөр – азербайжан элинин аза күтүү күнү. Биз, кандуу январь трагедиясынын 10 жылдыгын белгилеп жатабыз. Мен дагы бир жолу ошол каргашалуу түнү Ата Мекен, эркиндик, көз карандысыздык үчүн курман болгондордун алдында башымды ием.

1990-жылдын 20-январы – Азербайжандын майышпаган элинин тарыхында абдан кайгылуу күн. Бул түн менен  бирге, ошол күнү азербайжан эли дүйнө жүзүнө өзүнүн баатырдыгын, каармандыгын жана өз өмүрүн аябагандыгын көрсөттү. Ошондуктан бул күнү биз дайыма аза күтөбүз. Бирок ошол эле учурда биз, биздин эл – баатыр эл, майышпаган эл, тайманбаган эл экендиги менен  сыймыктанабыз. 

 Азербайжан элинин тарыхында, өзгөчө  XX жүз жылдыкта бир топ кайгылуу окуялар болуп өттү: азербайжан элинин үстүнөн армяндардын зомбулугу, геноцид жасашы. Азербайжанда совет бийлиги орногондон кийин улутка, калкка каршы репрессиялар, террорлор.   1937-1938-жылдардагы биздин элге  каршы массалык репрессиялар. 1988-жылы Азербайжанга каршы аскер агрессиясын аткаруу максатында Тоолуу-Карабах  кагылышуусунун пайда болуусу жана биздин уулдарыбыздын өлүмү.

Бирок, ушулар менен  катар, азербайжан элине катуу урулган соккулардын бири, 1990-жылдын 20-январындагы абдан чоң баскынчылык, террор болду.  Мен санап өткөн бардык кайгылуу окуялар, балким, азыр эсимде жок, айрым адамдарга, айрым топторго багытталган, мисалы, 1918-жылы армяндар жасаган геноцид,  армян-азербайжан мамилеси азербайжандарды жок кылуу, азербайжандардын жерин басып алууну көздөгөн. Бирок, январь окуялары; январь трагедиясы баардык бул трагедиялардан айырмаланып турат, биз көп жылдан бери совет бийлигинин алдында турган бул түнү, совет мамлекети жана азербайжан коммунисттик бийлиги азербайжан элине каршы массалык агрессияны жасады. Башкача айтканда, өз элине каршы мамлекет, өкмөт, бийлик тарабынан жасалган агрессия, албетте – абдан коркунучтуу, абдан кайгылуу жана саясий көз караштан алганда калган баардыгынан айырмаланып турат. 

Тарыхка кылчая карап, СССР совет бийлиги орногондон баштап жана январь окуясына чейин өз элине, өз атуулдарына каршы мындай аскер агрессиясы эч качан жана эч жерде болбогондугун  айтса болот. Бир дагы элге каршы. Эч кандай республикага, эч кандай улутка жасалган эмес. Бул бизге каршы, азербайжан улутуна каршы жасалган. Бул агрессия СССРдин жетекчилигинде гана эмес, ошол учурда өз элинин эркин сындырууга, басууга аракеттенген ошол учурдагы азербайжан бийлиги менен бирге болгон. 

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССР өкмөтү бир катар өлкөлөргө баскынчылык кылган. 1956-жылы советтик аскерлер Венгрияга киргизилген, анткени венгер эли  совет идеологиясы менен макул болбостон, өз жолу менен кеткиси келген, андыктан аларды жолунан чыгаруу, басуу үчүн Венгрияга киргизилген жана көп кан төгүлгөн. Калк курмандыктарга кабылган. Совет бийлиги ал жакта өз бийлигин чыңдаган.

1968-жылы Чехословакияда болгон процесстер, бир катар социалисттик өлкөлөрдүн анын катарынан чыгуу коркунучуна алып келген.  Ошондо СССР өкмөтү Чехословакияга аскерлерди киргизип, андагы кыймылга эскертүү берүү менен, өз бийлигин чыңдаган.  

1979-жылы СССР совет идеологиясынын негизинде өкмөт түзүүнү  каалаган күчтөргө жардам көрсөтүү максаты менен Афганистанга  көп аскер бөлүктөрүн  киргизип, кан төгүлгөн.

Мен эмне үчүн буларды эскерип жатам? Анткени, бардык бул учурларда совет бийлиги, совет мамлекети өз бийлигин орнотуу, чыңдоо максатында ушундай баскынчылыкты жасашкан. 

Бирок азербайжан эли 70 жылдан ашык бул мамлекеттин курамында жашады, биз бул өлкөнүн атууладары болуп, бул бийликтин жетекчилигинде турдук.   Демек, биздин эл  бул бийлик үчүн, бул коммунисттик бийлик үчүн бир тууган болуш керек эле. Бирок мындай болгон жок жана бул белгилүү бир мааниде азербайжан элине болгон мамилелердин жыйынтыгы болгон. Албетте, бул 1987-1988-жылдары башталган Армениянын Азербайжанга болгон баскынчылыгы менен байланыштуу.

 1987-жылдын акырында 1988-жылдын башында Армения бийлиги, улуттук күчү Арменияга Тоолуу-Карабахты кошуу аракетине киришишкен. Мындай аракеттер өткөн мезгилдерде болгон. Башкача айтканда, 1923-жылдан баштап,  Азербайжандын курамында Тоолуу-Карабах автономдуу областы түзүлгөндөн кийин, ар кайсы убактарда Арменияга Тоолуу-Карабахты кошуу аракеттери көрүлүп турган.  Бирок алар токтотулган. Анткени, азербайжан бийлиги өз республикасын коргой ала турган абалда эле, эмне дегенде совет мамлекети мамлекеттик түзүлүштүн өзгөрүшүн коркунучтуу деп эсептеген. 

Бирок, 1987-жылы, балким андан мурун, Арменияда Тоолуу-Карабахты Азербайжандан бөлүү жана Арменияга кошуу маселеси көтөрүлө баштаган.  Андан соң бул жерде да кыймыл башталган, кош кабат стандарт, башкача айтканда, совет өкмөтүнүн, коммунисттик партиянын Азербайжанга жана Арменияга карата ар кандай мамилеси  пайда болгон.

Албетте, ошол учурда совет мамлекети абдан күчтүү болчу, эгерде СССРдин жетекчилери кааласа, муну эскерте алмак, ошондой эле  эгерде Азербайжан жетекчилиги өз элине-жерине, Ата Мекенине  ишенимдүү болсо, алар муну алдын алышмак. Бирок, Москвада тургандар муну алдын алышкан жок, тескерисинче, буга шарт түзүп беришти. Азербайжан жетекчилиги болсо жөн гана аракет көргөн жок, ошентип, 1988-жылы Тоолуу-Карабах кагылышуусу болду.  Мындан соң,  Азербайжанда жетекчилик алмашты – бул жерде жетекчиликти чыңдоо максаты менен, армян-азербайжан кагылышууларын чечиш үчүн дегендей. Бирок, жаңы жетекчилик жөндөмсүздүгүн же компетентсиздигин гана көрсөтпөстөн, чыккынчылык жолуна түшүштү. Бул чыккынчылыкты – Азербайжан жетекчилигинин өз элине болгон  чыккынчылыгы, ошондой эле  Азербайжанга карата СССР жетекчилигинин көңүл кош мамилеси, терс мамилеси  Тоолуу-Карабах кагылышуусун согушка  айлантты жана Азербайжан оор сокку алды деп айтаар элем. Албетте, 20-январь болсо бул саясаттын, бул чынжырын, бул саясаттын чоң  тогоосу болду.   

Чындыгында эле биздин эл, ал учурда өз жерин, өз эгемендүүлүгүн коргоо үчүн  бутуна туруп калган. Элдин көтөрүлүшүнүн башкы себеби, Азербайжанга карата совет өкмөтүнүн  акыйкатсыз позициясы, ошондой эле  Азербайжан жетекчилиги өз эли-жерин, улутун коргоо үчүн чара көрбөгөндүгү болду. Мунун баары Азербайжан элин көтөрдү жана ал өз күчүн көрсөттү. Эл аянтка чыкты. Эл көчөгө чыкты.

Бүтүндөй элди жазалоо үчүн, ушундай жол менен Тоолуу-Карабах маселесин Армениянын пайдасына  чечүү үчүн, Азербайжан  сокку уруш керек болчу, ал сокку урулду.  Азербайжанга каршы согуш баскынчылыгы болду. Азербайжанга күч колдонгон сокку урулду. Азербайжанга саясий сокку урулду. Азербайжанга моралдык сокку урулду. Мунун күнөөкөрлөрү СССР жетекчилиги жана Азербайжан жетекчилиги болду. Бүгүн бул жерде эл алдында жарыяланып аткан документтерде баардыгы ачык чагылдырылган.

Салтанатта чыгып сүйлөгөн биздин урматтуу интеллигенциялар, шехиданын энеси, шехиданын кызы, ошол 20-январь түнү жаракат алган адамдар бул жерде чын жүрөктөн сүйлөштү.  Сиздерге айтаарым, бул кече башталгандан баштап жана азыркыга чейин  мен да, Сиздер да абдан толкунданган сезимде турабыз, анткени, бул тарыхый хрониканы көрүү, бул коркунучтуу окуялардын жана ойлордун көрсөтүлүшү, бул жерде чыгып сүйлөгөндөрдүн сөзү зор таасир калтырууда.  Ошондуктан, мен аябай толкунданып турам жана толкундануу менен сүйлөп жатам. Бүтүндөй бул  кечени  ушундай түрдө биринчи жолу өткөрүү, биздин эл-жерибизге, улутубузга, тарыхыбызга болгон чексиз сүйүүбүздүн пайда болушу деп эсептейм. Мен бул кечени даярдагандарга жана бул кечеде чыгып сүйлөгөндөргө ыраазычылык билдирем. 

Бул, абдан чоң саясий, нравалык жана моралдык мааниге ээ.

Алсак, биринчиден, биз эч качан унутпашыбыз керек  жана биздин тарыхты бурмалабашыбыз керек.   Тарых деген тарых жана аны  ал кандай болсо ошондой жазып, муундан муунга беришибиз керек.

Ошол кайгылуу январь күнүнөн бери он жыл өттү. Ушул он жыл ичинде Азербайжанда балдар төрөлдү.  Азыр 10 жашка чыккан балдар, 1990-жылы төрөлүшкөн. Ошол январь түнү 135-136 азербайжан атуулдары шехид болушкан, курман болушту, көпчүлүгү жарадар болушту деп мага кабарлашкан. Бирок, ошол түнү Азербайжанда 500дөн ашык бала төрөлгөн. Демек, эл жашап жатат, улут жашап жатат, өсүп жатат, көбөйүп жатат жана эч кандай тероррчулук,  эч кандай  баскынчылык, эч кандай чыккынчылык биздин элибиздин өнүгүүсүн токтото албайт! 

Бирок биз, ошол күндөрдүн тирүү күбөлөрү болуп эсептелебиз. 10 жаштагы балдар бул жөнүндө бизден билишет. Ал гана эмес ошол кездеги 10 жаштагы азыр  20 жаштагы жаштар да, балким, түшүнүшкөн жок жана баардыгы кандай болгондугун түшүнүшкөн жок.  Ошондуктан, убакыттын өтүшү менен,  биздин тарыхыбыздын даңктуу, ийгиликтүү барактары катары эстеп, аны муундан муунга беришибиз керек. Буга байланыштуу 20-январдагы трагедия жана ошол учурда көрсөтүлгөн каармандык, баатырдык жана элдин биримдиги, баардыгы үчүн – азыркы жана келечек мууну үчүн үлгү болушу керек. Баардыгы бул окуядан сабак алышы керек. 

Бул жерде көрсөтүлгөн документтерден, чыгып сүйлөгөн сөздөрдөн, көрсөтүлгөн кино кадрлардан улам, ошол 19нан 20на караган түнү жана 20-21-январда Азербайжан оор абалда тургандыгы көрүнүп турат.  Качан Азербайжанда, ушундай шаарга, Баку шаарына ошончолук бронотехникалар, танктар, адамдар киргизилсе, Баку тынч болмок эмес, Баку гана эмес бүтүндөй Азербайжан ошол учурда  дүрбөлөңгө түшүп турган. Ошол күндөргө карата бул жерде жүргүзүлгөн талдоо эмнени көрсөттү? Ал, эл көп жоготууга учураганын, бирок сынган жок, бүгүлгөн жок. Бирок, эл жетекчилери аягына чейин чыккынчы болуп кала беришти.   

Кимдир-бирөө үчүн кымбат болгон адам каза болду дейли. Бир туугандары, туугандары достору, иш боюнча жолдоштору аны коюуга, анын ашына, анын үй-бүлөсүнүн кайгысын тең бөлүшүүгө сөзсүз келишет. Бул жерде болсо бүтүндөй азербайжан элине каршы баскынчылык жасалды, биздин эл оор жоготууга учурады. Улут, эл биригип, бул трагедияга түрткөндөрдү жек көргөндүгүн билдирет, шехиддерди акыркы сапарга узатат. Бирок, Азербайжан жетекчилери булардан четте калып, качышат, жашынышат. Бир гана бул факт кимдин ким экендиги жөнүндө күбөлөндүрөт. 

Депутаттар тобу көп тоскоолдуктарды жеңүү менен Жогорку кеңештин сессиясына чогултушту жана бул иште тажрыйбасы жок,    Азербайжандын  өмүрүндө бир дагы жыйын өткөрбөгөн, анткени ал дайыма ыр жазып, Азербайжан ыр искусствосун өнүктүрүп келген, эр жүрөк, өз элин сүйгөн   көрүнүктүү акын    Бахтияр Вагабзаде да четте калган эмес, эч нерседен корккон эмес.   Ошондуктан, ал адамдардын жүзүнө тике карап, эч качан эч кимди саткан эмес.

Маркум Исмаил Шихлы, интеллигенциянын жана башка өкүлдөрү да так ушундай эле. Бул жерде кадрлар көрсөтүлдү. Баардыгы сакталбагандыгы өкүнүчтүү. Бирок, биз көргөн кадрлар, кимдин ким экендигин көрсөтүп турат. Акын  Бахтияр Вагабзаде, жазуучу Исмаил Шихлы интеллигенциянын жана башка өкүлдөрү же Жогорку кеңештин депутаттар тобу залда чогулуп, маселени талкуулаганы, ал эми  Азербайжан жетекчилеринин качып, жашынып калышы  кандайча болгон? Алар ошону менен бирге элди башкаруу укугунан толук ажырашкан.

Ошол сессияда кабыл алынган  токтомдор жана кайрылуулар, мына ушул жерде угулду, алар тарыхый мүнөзгө ээ. Биз муну жогору баалашыбыз керек. Жеке мен,  бул документтерге мындай баа берет элем. Бирок, бир канча күн өткөндөн кийин бул качып жана жашырынып калган адамдар, кайрадан Азербайжан бийлигине кайрылып келишти, бул баардык документтер унутулуп, өзүнчө бөлүнүп, эл көзүнөн жашырылды. Буга байланыштуу, бүгүн бул жерде конкреттүү фактылар келтирилди, аларды кайталоонун кажети жок.  

Эгерде 20-январга чейин  СССР өкмөтү, ошондой эле  азербайжан бийлиги биргелешип азербайжан элине каршы баскынчылыкты ишке ашырышса, андай болгону менен, эки тарап тең муну жашырууга аракет кылышты. Москвада болсо эч нерсе болбогондой атмосфера өкүм сүрүп турган. Ошондой эле  Азербайжанда да бирөө качып кетсе, экинчиси анын ордун отурган, ошентип эл унутулуп калган, трагедия да унутулган, баары унутулуп,  акырындап бул маселенин унтулуп калышына аракеттер көрүлгөн. Чыккынчылар, жетектөө укугун жоготкон адамдар элдин кызыкчылыгынан өз керт башынын кызыкчылыгын жогору коюшкан. Мунун баары  - тарыхый чындык.  

Бирок, бүгүнкү күнү биз, биздин элибиз, дагы бир жолу кайталайм эрдикти жана каармандыкты көрсөткөндүгү менен сыймыктанабыз.  

Салтанаттагы кино кадрларды толкунданбай көрүүгө мүмкүн эмес. Мага, кандай болгон күндө да баарыбыз тарыхты билгендей сезилет, Азербайжанда эч качан мындай көп адам катышкан жана ушунчалык таасир калтырган сөөк коюу салтанаты болгон эмес. Шейх  уль-ислам  Аллахшукюр  Пашазаденин  иши, ошол учурдагы анын  Горбачевго болгон кайрылуусу жана бул ишке болгон мамилеси, башкача айтканда, бул жасалган кылмыштуулукка анын жек көрүүсү жана сөөк коюу салтанатын өткөрүшү жогорку баага гана татыйт. Азербайжандын баардык  бийлик бутактарынын жетекчилери четте калган деп айтылат. Көрүп турасыздар, мындан артык нравалык күнөө, ал балким, нравалык чыккынчылык болушу мүмкүн эмес.    

Бирок, эл эч нерседен корккон жок.  Эл бул танкалар аларды кайрадан басып өлтүрүшү мүмкүн экендигинен да корккон жок.  Азадлыг аянтында, Тоолуу паркка чейинки баардык көчөлөрдө массалаган адамдар болгон.

Мен анда Азербайжанда эмес элем. Мен ошол замат өз мамилемди билдирдим. Мен ошол маалда мен ооруп жатканымды сиздер билишиңер керек. Ооруп жаткандыгыма байланыштуу мен ооруканада жатып, андан соң реаблитациялоо үчүн Москва алдындагы санаторияда болчумун.  Ага карабастан, мен балдарым менен келип, өз мамилемди билдирдим.  Андан башка эч нерсе кыла алган жокмун жана ошол азербайжан жарандарына, шехиддерди коюу үчүн абдан туура жер тандап алган жана аларды Тоолуу паркына койгон адамдарга бүгүн да ыраазчылыгымды билдиремин.  Бул жерде да алар белгилүү бир деңгээлде өткөн чыккынчылыкка карата өз мамилелерин билдирип кетишти.   

1918-жылы армяндар тарабынан салынган кыргындын натыйжасында, ал жерде көрүстөн пайда болуп, адамдар коюлган.  1930-жылы ал бузулуп,  Тоолуу парк  түзүлүп, Кировго эстелик тургузулган. Бул көрүстөндөргө каршы жасалган чыккынчылык азыр ачылды жана ал жерге кайрадан шехиддер коюлгандыгы менен тарых тастыкталды.

1990-жылдын 21-январынан – бул окуянын башталышынан бери  өз милдетимди аткаруу менен, ушул кезге чейин аны толук ачып берүүгө аракеттендим, аракеттенип жатам жана акырына чейин аракеттенем. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга аракет кылам, эч ким эл алдында жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликтен кутула албайт. Эгерде качып кетсе дагы, тарых алдында баары бир кылмышкер бойдон кала берет. 

Менин  Шехидляр хиябанда (Шехиддер аллеясында)  “Түбөлүк от” мемориалын түзүү тилегим  бар эле. Бул, Азербайжан Президенти катары менин милдетим болгон. Бүгүн мен бул милдетти  аткардым деп өзүмдү жубатуудамын, чындыгында эле бул жерде айтылгандай, бул жер ант берүүнүн, ишенимдин абдан ыйык очогу болуп калды. Бир нече күндөрдөн бери, адамдар чын жүрөгүнөн колундагы гүлү менен, ушул  көрүстөнгө келишип,  “Түбөлүк отко”, көрүстөнгө  башын ийип, таазим кылып жатканын көрүп жатабыз. Алдыда бул жерде биздин жаштардын Ата Мекенине, өз элине-жерине, улутуна ант берген жери болуп калат деп ишенем. Муну менен бирге, жаңы үй-бүлө очогун куруп жаткан жаштардын бири-бирине ишенүү үчүн ант берген жери да болуп калат.

Ошол эле учурда трагедия, өлкөдө ири процесстерди жүзөгө ашыруу үчүн түрткү болду. Азербайжан өзүнүн эгемендүүлүгүнө ээ болду. Мына тогуз жылдан бери азербайжан эли эгемендүү мамлекетте жашап келет.      

Турмуш-тиричиликте биз көптөгөн кыйынчылыктарга, көйгөйлөргө туш болобуз. Баарыбызды Армениянын Куралдуу Күчтөрүнүн биздин жерди басып алган жана миллиондон ашык биздин жарандардын бул жерден куулуп чыгып, чатырларда жашаган көйгөйү жапа чектирет. Мындан башка да көйгөйлөр бар.  Бирок биз, бул оор, кыйын мезгилди баштан өткөрүп жатабыз. Басып алынган жерлер бошотулуп, биздин жарандар өз очокторуна кайтып барат, Азербайжандын эгемендүүлүгү камсыз болот, анткени, бүгүнкү күнү Азербайжан – эгемендүү мамлекет жана эч бир мамлекет Азербайжанга каршы баскынчылыкты чечүү үчүн укуктук негиз боло албайт.   

Биздин шехиддердин  абдан чоң монумент эстелиги – бул, Азербайжандын эгемендүүлүгү, Азербайжандын көз карандысызыдыгы, укуктук, демократиялык, жарандык Азербайжан мамлекети, ал эми Азербайжанда азыр  болуп жаткандар жакшы процесстер.  Биздин шехиддер, 20-январдагы шехиддер гана эмес, Ата Мекен,  өз жери үчүн согушта шехид болгон биздин уулдарыбыз    тынч уктасын, алардын үмүт-тилектери ишке ашты – Азербайжан  өзүнүн эгемендүүлүгүнө ээ болду.

Бүгүн, шехиддердин эстелиги алдында, Азербайжандын эгемендүүлүгүнө эч ким, эч качан кол сала албайт, биз эч качан тигил же бул мамлекетке көз каранды болбойбуз. Азербайжандын мамлекеттик эгемендүүлүгү бизге жасалган кысымчылыктарга карабастан  жашай жана өнүгө бермекчи. Эгемендүү демократиялык Азербайжан, укуктук, жарандык Азербайжан мамлекети биздин шехиддердин шаңдуу эстелиги болот. 

Мен дагы бир жолу бул аза күтүү кечесин даярдагандардын жана бул  жерде чыгып сүйлөгөндөрдүн баарына ыраазычылыгымды билдирем. Кудай шехиддердин жанын жанаттан берсин!

"Бакинский рабочий"
гезитинен которулду, 2000-жылдын 20-январы.