Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин Армениянын Президенти Роберт Кочарян менен жекече жолугушкандан кийин 2000-жылдын 7-сентябрындагы билдирүүсү


Бул – биздин, Армениянын Президенти менен Азербайжандын Президентинин кезектеги жолугушуубуз болду.Тикелей баарлашуу өткөн жылдын башында болгондугун жана азыркыга чейин улантылып келе жатканын Сиздер билесиздер. Ошентип мен жеке өзүм ушул жолугушуулар  пайдалуу жана керектүү болду деп айта аламын. Келишимге келиш үчүн жетиштүү түрдө кыйла убакыт өткөнү менен, тилекке каршы биз макулдашууга  жетише албай жатабыз. 

Маселенин позитивдүү жагы мына мында турат, биз ар кандай варианттарды талкуулап, биздин ортобуздагы өз ара түшүнүшүү, ишеним көрсөтүү көбүрөөк болуп калыптанууда.  Биз чыр-чатакты жөнгө салуу тынчтык жолу менен болсун, ири болобу же кичине болобу, кандайдыр-бир согуштук аракеттерге кайрылууга жол бербешибиз керек дегенге негизденебиз. Экинчиден, айкын практикалык натыйжаларга жетишүү үчүн компромисске баршыбыз зарыл болот. 

Мына ушул компрмисстер  жөнүндө ар бир жолугушкан сайын айтып келе жатабыз, бирок мен жеке өзүм азырынча биз компромистер жөнүндө макулдаша алдык деп айта албаймын.  Биз өз ара компромисске барууга тийиш экендигибизди, биз мурда эле чечип койгонбуз Ал эми ушул компромисстердин тигил же бул тараптан кандай чектерде болорун жана алардын кайсыл чөйрөдө болушу мүмкүн экендигин биз азырынча билбейбиз.

Президент Роберт Кочарян экөөбүз ушул баарлашууну уланталы деп макулдаштык.  Бирок биз, бир чечимге келүү үчүн албетте башка бардык мүмкүнчүлүктөрдү да, анын ичинде Минск тобунун тең төрагаларынын мүмкүнчүлүктөрүн да пайдаланабыз. Мен жеке өзүм тарых бизге өтө маанилүү, жоопкерчиликтүү миссияны – армян-азербайжан чыр-чатагын жөнгө салууну, Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтыкка жетишүү миссиясын жүктөп жатат деген позицияда бекем турам. Мына ушунун өзү Түштүк Кавказда толук тынчтыкты жана бейпилдикти орнотуу үчүн маанилүү фактор болуп саналат. Ошентип, бул армян элине да, азербайжан элине да зор пайда алып келет.

Биз ушул багытта ишти улантууга макулдаштык. 

«Бакинский рабочий» гезити, 2000-жылдын 21-сентябры