Элдик депутат Гейдар Алиевдин 1991-жылдын 29-августунда Азербайжан Республикасынын Жогорку Советинин сессиясында чыгып сүйлөгөн сөзү

Урматтуу эл шайлаган  депутаттар! Өлкөдө саясий жана экономикалык кризис, мамлекеттик бийликтин кризиси кескин курчуп кетти.  Реакциячыл күчтөрдүн демократияга чабуул коюп,  кылмыштуу топтор тарабынан мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенүүсү ишке ашпай калды.  Эми биз Советтик империянын, Коммунистик партиянын кыйрашынын күбөсү болуп калдык.  Мына ушул мезгилде биздин  республиканын, азербайжан элинин абалы айрыкча татаал жана оор болуп турат. Ушул рекациячыл саясаттын негизги себеби – республикада бийлик жүргүзүп жаткан Азербайжан коммунисттик партиясы жана анын орой жана оңолбой турган жаңылыштыктары болуп калды (Залдан нааразы болгон үндөр чыгат). Ар бир депутат сессияда өз оюн айтууга укуктуу. Ушул саясаттын натый\\жасында республиканын коммунисттик жетекчилиги 19-22-августа өлкөдө болгон мамлекеттик төңкөрүштү иш жүзүңдө жактап чыкты, Мамлекеттик өзгөчө абал комитетинин  иши, мына ошентип азербайжан элин абдан кыйын абалга туш кылды. Армян улутчулдары ушуну тездик менен пайдаланышып,  республикага  каршы согуштук операцияларды жана саясий пропоганданы күчөтүштү.

Азыр биз өзүбөздүн республиканын турмушундагы өтө оор мезгилден чыгуунун жолдорун табышыбыз керек. Ар кимибиз ушундан чыгуунун жолдорун табуу үчүн абдан аракеттенишибиз керек. Бирок биз: ушул жолду кандай каражаттар менен табарыбызды билип алышыбыз керек.

Акыркы күндөрдө, анын ичинде бүгүн ушул трибунадан элди биригүүгө, улуттук ынтымакка үндөгөн чакырыктар айтылып жатат. Тилекке каршы, бул чакырыктар кечигип айтылып жатат.  Бирок биз ушул күндөрдө кандай болсо да улттук биримдикке жетишүүбүз у\\керек. Бул үчүн:  биз ушул улуттук биримдик  кайсыл платформанын негизинде болорун, кандай платформанын негизинде ага жетишүүгө боло турганын түшүнүп алышыбыз керек. Биримдикке жетишүү үчүн  шашылыш түрдө төмөндөгү шарттарды аткаруу керек. Мен ушул сунуштарды шайлоо алдындагы , Азербайжан Республикасынын Жогорку Советинин февралдагы жана марттагы сессияларында сүйлөгөн сөздөрүмдө айткамын. Ушул жылдын 19-июлундагы Коммунистик партияжан чыгууга байланыштуу кайрылуумда жана акырында 24-августа Азербайжан Жогорку Советинин Президиумуна жазган катымда билдиргемин. Аларды кайталабай эле коеюн, бирок  бир нече сунушту белгилей кетейин.

Биринчиси.  Бакудагы өзгөчө абалды тезинен алып салуу керек. Бүгүн Аяз Муталибов - өзгөчө абалдын эмне кереги бар?- деп айтты. Аны алып салыш керек. Абдан жакшы, бирок Бакудагы абал бир жарым жылдан бери кимдип-бирөөнүн эрки менен  кармалып турабы? Азербайжан Республикасынын Жогорку Советинде 1990-жылдын 22-январында кабыл алынган чечим кимдин токтому менен турмушка ашпай калды? Бакудагы бир жарым жылдык өзгөчө абал республика үчүн канчага турганын жана республикага кандай зыян алып келгенин аныктап алышыбыз керек.

Экинчиси. Азербайжан Республиккасынын жетекчилигинин мамлекеттик төңкөрүшкө карата позициясы тууралуу ар кандай сөздөр айтылууда, чет өлкөлүк жана союздук маалымат органдары маалымдамаларды таратып жатышат жана ушул маселени да так түшүнүп алышыбыз керек. Бизге чет өлкөлдө ким эмне деп айтканы белгисиз,  бирок Аяз Муталибовдун 21-августагы Азербайжан теле көрсөтүүсү аркылуу азербайжан элине орус жана азербайжан тилинде окуп берген кайрылуусунда өзгөчө абал комитетинин иши жактырылган  Азербайжан Республикасынын айрым маселелерин  Мамлекеттик өзгөчө абал комитетинин ишинин жардамы менен чечүүгө ишеним билдирилген. Анын ичинде Тоолуу Карабах маселесин чечүү жана армяндык бандиттик топторду куралсыздандыруу  өзгөчө абал комитетинин иши менен байланыштуу. Ушуну ачык айтып коюш керек. Эгерде ушундай жаңылыштыкка жол берилсе, аны ачык айтыш керек, эл чындыкты билүүгө тийиш. Бүгүн бирди айтып, эртең башканы айтууга болбойт., бул эч качан элдин ишенимин пайда кылбайт.

Үчүнчүсү.Элдин биримдигин түзүү үчүн Азербайжан Коммунистик партиясы токтоосуз түрдө бийликтен кетүүгө тийиш.  Ал – Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын курамдык бөлүгү. Союз кулады Ушул маселени съезде чечүү жөнүндө ой Коммунисттик партиянын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга багытталган аракетти көрсөтүп турат. Муну менен эч качан макул болууга болбойт. Азербайжан Коммунисттик партиясынын бардык структуралары жоюлуп, анын мүлкү улутташтырылууга тийиш. Азербайжан Коммунисттик партиясынын жана басылма органдарынын иши токтотулууга жана Азербайжан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети менен аскердик хунтанын  ортосунда кандайдыр-бир кызматташтык бар же жок экендиги аныкталууга тийиш. Бул үчүн  парламенттик комиссия түзүлүүгө тийиш. Өзгөчө абал комитети бийликте турган 3 күндүн ичинде  Азербайжан Республикасынын басылма органдары, партиялык басылма органдар ушул комитеттин документтерин орус жана азербайжан тилинде жарыялап тургандыгы, Азербайжан теле көрсөтүүсү бул документтерди азербайжан тилине которуп, элге жеткиргендиги белгилүү.

Азербайжан Республикасынын Коммунисттик партиясынын Борбордук көмитетинин көрсөтмөсү боюнча Мамлекеттик өзгөчө абал комитетинин дарегине Азербайжандан Москвага миңдеген куттуктоо телеграммалары жиберилген. Мына ушунун өзү кызматташтык болгондугун көрсөтүп турат. Коммунисттик партиянын позициясынан аракеттенген жетекчи адамдар отставкага кетүүгө тийиш. Бүгүн Коммунисттик партиянын дарегине   сын айтуу менен, мен узак жылдар боюу анын катарында болуу менен, коммунисттик партияга кызмат кылып, партиянын пландарын аткарып келгенимиди билдирип койгум келет. Мен өз кызматым үчүн жоопкерчилигимди жана кетирген каталыктарымды мойнума аламын.

Төртүнчүсү. 20-январдагы трагедиядан бери бир жарым жылдан  ашык убакыт өттү. Бүгүн мына ушул салондо ар кандай сөздөр айтылып жатат. Депутаттарды бир тобу бир пикир айтса, мага чейин сүйлөгөн депутат Рахимовдун пикири башка. Мен Жогорку Советтин Төрайымы Эльмира Кафаровага, Азербайжандын Президенти Аяз Муталибовго эмне үчүн ушул маселеге саясий баа берилген жок?-деген суроо бердим. Мен Тамерлан Караев тарабынан берилген справка менен макул боло албаймын, анткени бул маселенин саяситй жана юридикалык жагы бар. Бул маселеге дароо эле саясий баа берилсе болмок. Юридикалык жагы болсо, айрым адамдарды жоопкерчиликке тартуу,  ал эми муну шексиз түрдө тергөө жолу менен аныктоого болот.Саясий баа берилбегенден улам башка иш-чараларды турмушка ашырууга мүмкүн болбой жатат. (Ушул кезде залдан чуу чыгат. Эльмира Кафарова саясий баа берилген деп билдирет).

Гейдар Алиев: Эгерде баа  берилсе, анда ушул агрессияга ким күнөлүү? Бүгүн Язов, Крючков деп айтып жатышат. Бирок биз буга Бакатинди, Гиренкону, Горбачевди кошушубуз керек. Андан кийин эмне болду?....Бул туура. Ушул адамдар да, Везиров, Кафарова, Муталибов, Азербайжан Коммунисттик партиясынын башка мүчөлөрү да белгилүү. Эгерде башка адамдар да күнөлүү болсо, аларды аныкташ керек. Ошол эле мезгилде башка күчтөр – демократиялык күчтөр, Элдик фронт күнөөлүү болсо, алардын ишине да саясий баа берилүүгө тийиш. Ушуну аныктамайынча, республикада туруктуулукка жетишүүгө болбойт. Эгерде буга саясий баа берилсе анда мен Аяз Муталибовдон Горбачев 3 министрди дайындоону 9 республикканын жетекчилиги менен макулдашканын, Аяз Муталибов Бакатинди Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагалыгына шайлоого каршы чыкпагандагын айтып берүүнү өтүнөмүн? Эгерде каршы чыкса, аны өзүнүн сөзүндө айткан жок? Эмене үчүн 20-январдагы трагедиянын күнөлүүсү Везиров эл депутаттарынын съездин даярдоо боюнча Азербайжан Ресапубликасынан даярдоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган? Аны ал жакка ким сунуш кылган? Эгерде муну Азербайжан Республикасынын жетекчилиги жасаса, анда алар азербайжан элинин алдында күнөлүү болот. Мен мына ушуну толук жоопкерчилик менен айткым келет.

Ушул маселелер аныкталмайынча, мен чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикири менен шексиз макулмун – Азербайжанжа президенттик шайлоо өткөрүүгө болбойт. Анткени, Азербайжан Жогорку Советинин депутттарынын көпчүлүгүн коммунисттер, Коммунисттик партиянын жетектөөчү органдарында иштеген, парламентке депутат болгондор түзөт жана Азербайжан Коммунистик партиясы көпчүлүк жагынан күнөлүү жана Азербайжан Республикасынын парламенти таратылууга жана жаңы шайлоо өткөрүлүүгө тийиш деп эсептеймин.

Ушундай кескин сүйлөө менен мен чыгып сүйлөгөндөн кийин атайын даярдалып коюлган адамдар мага каршы сөз айтаарынан шектенбейм. Мен мындай чыгууларга көнүп калгамын. Ошондуктан тынчсызданган жерим жок. Ушул сыяктуу атайын даярдалган сүздөр менин эркимди майтара албайт. Мен өзүмдүн ар-намысым алдында жоопкерчилигимди сезүү менен чыгып сүйлөдүм.