Кыргызстандын Президенти Аскар Акаевдин Азербайжанга расмий визитинин жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги азербайжан-кыргыз сүйлөшүүлөрүндө Азербайжан Республикасынын Президенти Гейдар Алиевдин сүйлөгөн сөз,Президент ордосу, 1997-жылдын 23-апрели

Урматтуу Аскар Акаевич!

Урматтуу кыргыз делегациясынын мүчөлөрү.

Мен сиздерге чын дилимден Азербайжандан салам айтып, «Кош келиңиздер» деймин жана кыргыз мамлекетинин башчысынын биздин өлкөгө расмий визити олуттуу окуя, биздин эки мамлекеттин  ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп эсептелет деп билдиремин. Менин  өткөн жылы Кыргызстанга «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесине байланыштуу  визитимдин жүрүшүндөгү  жолугушуулар азыр дагы менин эсимде турат жана алар мага терең таасир тийгизди.

Азербайжан менен Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин биздин өлкөнүн мурдатан бери келе жаткан тыгыз экономикалык, илимий, маданий байланыштарын  чыңдоо үчүн мүмкүнчүлүктөрү олуттуу жогорулады. Ушул мезгилдин ичинде  бир катар иштер жасалды, бирок алдыда дагы көп иштерди жасаш керек жана бул үчүн  колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү  активдүү ишке киргишибиз керек. Өзүнүн эгемендүүлүк жылдарында Азербайжан эгемендүү мамлекетти калыптандыруунун узак жолун басып өттү, укуктук, демократиялуу, цивилизациялуу  мамлекетти түзүүнүн багытын так кармап, оор кыйынчылыктарды  жеңди жана жеңүүнү улантып жатат деп  чечкиндүүлүк менен билдиремин.

КМШда эгемендүүлүктүн жолу менен ишенимдүү бара жаткан Азербайжан менен Кыргызстандын  ийгиликтүү кызматташтыгын зор канааттануу менен белгилеп, бардык эл аралык уюмдарда азыркы жолугушуу биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди активдештирүүгө жана ушул мамилелердин ийгилктүү жогорулашына байланыштуу  көптөгөн маселелер боюнча кеңири пикир алышууга мүмкүнчүлүк берди деп билдиремин.

Мен Кыргызстандын Президенти Аскар Акаевге менин чакыруумду кабыл алып, Азербайжанга расмий  визит менен келгендиги үчүн ыракмат айтамын жана  ушул визит Азербайжанга да, Кыргызстанга да  зор пайда алып келет деп ишенемин. Мен Кыргызстандын Президентине азербайжан эли,  биздин республика тууралуу  чын жүрөктөн чыккан жана достук маанайдагы сөздөрү,   биздин өлкөлөрдүн жана элдердин  ортосундагы достук байланыштарды жана кызматташтыкты андан ары кеңейтүү жөнүндөгү асыл ойлору үчүн өзүмдүн ыраазычылыгымды  билдиремин.

Ошол эле мезгилде көз караштардын жана позициялардын толук бирдейлигине канааттануу менен, мына ушунун өзү  Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы  мамилелерди андан ары өнүктүрүү үчүн мыкты негиз жана коопсуз кепилдик болуп эсептелет деп билдиремин. Мен дос  жана боордош Кыргызстандын башчысын Азербайжан мындан ары да  бардык чөйрөлөрдө Кыргызстандын  абдан  ишенимдүү өнөгү болот, өз ара пайдалуу кызматташтыкты  өнүктүрүү үчүн  бардык мүмкүнчүлүктөрдү  пайдаланат деп ишендирип кетемин. Ушуга байланыштуу  Кыргызстандын башчысынын  өзүнүн Азербайжанга  визити тарыхый мааниси бар, анткени,  ушул  визит  биздин өлкөлөрдүн ортосундагы азыркы мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн пайдубалдуу негиз түзөт  деген пикиринеи толук макулмун. Азербайжан менен Кыогызстандын ортосунда кол коюга даярдалган документ – бул достук жана кызматташтык жөнүндө Келишим, башка документтер да маанилүү жана биздин кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн ченемдик-укуктук жакшы негизди түзөт.

Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин  Азербайжан Кыргызстандын ушул жол менен ишенимдүү жана ыраттуу бара жатканын жогору баалай тургандыгын дагы бир жолу  белгилеп кетемин.  Мамлекеттик көз карандысыздык биздин мамлекеттердин кайра жангыс жетишкендиги болуп калышы үчүн, алар биздин ата-бабалардын умтулуусун ишке ашыра алсын үчүн, биздин мамлекеттердин элдеринин биринчи парзы өздөрү жеңип алган көз карандысыздыкты коргоо жана чыңдоо, биздин өлкөлөрдү  дүйнөлүк коомчулуктун  толук кандуу мүчөлөрүнө айландыруу болуп саналат.

Эгемендүүлүк жылдары Азербайжан үчүн  өтө татаал жана оор болду. Армениянын агрессиясы, 1990-жылдын январындагы кайгылуу окуялар Азербайжандын жашоо-турмушуна жана социалдык чөйрөсүнө, биздин элдин психологиялык абалына оор таасир тийгизди. Армениянын агрессиясынын натыйжасында биздин жерлердин  жыйырма пайыздан ашыгы оккупацияланды, бир миллиондон ашык биздин жарандар оккупацияланган жерлердин качкындары болуп калышты жана азыр абдан  оор шартарда  чатырларда жашап жатышат. Оккупацияланган жерлердеги өнөр жай жана айыл чарба мекемелери, социалдык объектилер жана  маданий эстеликтер, дан талаалары, пахта плантациялары, жүзүмзарлар оккупанттар тарабынан өрттөлдү, талкаланды. Зор жоготууларга жана курмандыктарга карабастан, биздин өлкө чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнүн тарапкери болуп саналат. Мына 3 жылдан бери ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашуу аткарылып жатат, муну Азербайжан армян-азербайжан чыр-чатагынын бүткүл тарыхындагы  маанилүү жетишкендик деп эсептейт жана аны тынчтыкка жетишүүнүн мүмкүнчүлүгү катары карайт. Азербайжан тарабынан чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу чөйрөсүндө жүргүзүлгөн иш олуттуу натыйжаларга алып келүүдө. Лиссабон саммитинин жыйынтыктары, ушул саммите чыр-чатакты четтетүү жагында  кабыл алынган универсалдуу принциптер, мындан ары  бардык сүйлөшүүлөрдүн негизи болуп калууга тийиш, алар айтылган сөздүн ишенимдүү далили болуп  эсептелет.  Лиссабондо кабыл алынган документти колдогондугу, атап айтканда, азыр да ушул принциптер проблеманы чечүүдөгү бирден-бир алгылыктуу принциптер деп азыр ырастап жаткандыгы үчүн мен Президент Аскар Акаевге ыраазычылык билдиремин. ОБСЕнин, КМШнын алкагында ушул принциптерди жүзөгө ашырууда  Кыргызстан эми Азербайжанды колдойт деп ишенемин.Биздин өлкөнүн аймактык бүтүндүгү камсыз кылынган, качкындар өз жерлерине кайтарылган шартта, ошондой эле Тоолуу Карабак боюнча каралган шарттар сакталганда, биз  Армения менен Азербайжандын  ортосундагы тынчтык позициясын, ошондой эле Кавказда тынчтык орнотууну  колдойбуз, бул дүйнөнүн көп өлкөлөрү, анын ичинде Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн  чоң мааниге ээ болот.  Азербайжан Тбилисиде кол коюлган тынчтык жөнүндө токтомду ишке ашыруу үчүн  бардык күч-аракетин жумшайт жана коңшулар – Грузия, Россия, Иран, Түркия, ошондой эле өзү тарыхый жагынан байланыштуу болгон Борбордук Азия өлкөлөрү менен толук тынчтык жана өз ара түшүнүшүү шарттарында жашоого жана байланыштарды өнүктүрүүгө жана чыңдоого ниеттенет. Ушуну жүзөгө ашыруунун абдан маанилүү каражаты тынчтык болуп эсептелет.

Мен Кыргызстандын башчысы тарабынан 1990-жылдын январында  Бакуда болгон  окуяларга байланыштуу   чын дилинен айткан сөздөрү үчүн ага ыраазычылык билдиремин. Президент мырза Аскар Акаев адилет белгилегендей, согуштан кийинки мезгилде Советтер Союзунун бир дагы эли СССРдин борбордук мамлекеттик органдары тарабынан ушундай агрессияга туш болгон эмес. Азербайжандын эли ушул трагедияны эч качан унутпайт. Ушул трагедия биздин элдин  улуттук эркиндиктин, мамлекеттик көз карандысыздыктын позициясында канчалык бекем тургандыгын, биздин эл эркиндикти канчалык жакшы көрөрүн ачык көрсөттү. Айтмакчы, мен жакында биздин республикада болгон жана биздин өлкөдөгү кырдаалды чыңдаган окуяларга кыскача токтоло кетейин. Биздин көз карандысыздыктын биринчи жылдарында үч жолу бийлик алмашты, ар кандай мыйзамсыз аскер күчтөрү аракетенишип, мамлекеттик төңкөрүш, террордук актыларды жасоо аракеттери көрүлгөн. !993-жылдын июнунда мен бийликке келгенден кийин республикада коомдук саясий кырдаалды турукташтыру үчүн көп иштер жүргүзүлдү, 1994-жылдын октябрында жана 1995-жылдын мартында мамлекеттик төңкөрүш жасоонун эки масштабдуу аракети токтотулду. Азыр мына ушунун бары акырына чыгарылды, эл тыгыз баш кошту, коомдук-саясий туруктуулук орнотулду. Азербайжан демократиялуу укуктук мамлекетти түзүүнүн жолунда чечкиндүүлүк менен бара жатат..Албетте, мына ушулардын бардыгына пропогандалып жана Азербайжандын  эли колдоп жаткан саясат аркылуу жетишилди. Республикада жүргүзүлүп жаткан жана өзүнүн натыйжаларын берип жаткан реформалар, айрыкча агрардык сектордогу, өнөр жай чөйрөсүндөгү, жалпы эле экономикадагы реформалар жөнүндө айтуу менен, ушул кайра түзүүлөрдүн натыйжасында экономикадагы токтоп калуудан арылдык жана өндүрүштө прогресске жетишилди, салыктык түшүүлөрдүн көлөмү жогорулады деп билдире кетким келет. Азербайжандын  зор өнөр жайлык потенциалга ээ экендигин дагы бир жолу белгилеп  кетейин.  Чындыгында, азырынча көптөгөн чөйрөлөр кыйын абалда турат, бирок менчиктештирүү жана реформалар өнөр жайдагы кырдаалды жакшыртууга  мүмкүнчүлүк берет деген ишеним бар.

Чет өлкөлүк индустрияны тартууга багытталган саясат  өзүнүн жемишин берип жаткандыгын белгилеп кетейин, айрыкча кол коюлган мунай келишимдерин, азербайжан мунайын дүйнөлүк рынокко чыгарууну ишке ашыруу боюнча иштердин  маанисин баса белгилегим келет. Транскавказ магистралы жөнүндө төрт тараптуу макулдашууну ири экономикалык жана социалдык окуя деп атоо менен Президент Аскар Акаевдин  Кыргызстан да ушул  транспорттук  коридорго коошулгандыгы, коридордун өлкөлөрүн дагы кыйда жакындаштыргандыгы, бардык чөйрөлөрдөгү байланыштарды активдештиргендиги тууралуу маалыматын ыраазычылык менен кабыл аламын. Азербайжан буга кызыгат. Кыргызстан ажайып өлкө, анда  эң сонун, Азербайжан элине боордош жана дос эл жашайт. Мына ушунун өзү ушул өлкө менен дос болуш керек, анны менен мамилени чыңдап жана өнүктүрүш керек деп айтып турат.

Кол коюга даярдалган документтерди  жогоруу баалоо жана аны биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди андан ары кеңейтүүдөгү ири кадам катары кароо менен, Азербайжан өзүнө алган милдеттенмелерин ишенимдүү аткарат, биринчи кезекте кыргыз эли, Кыргыз мамлекети менен достукка жана кызматташтыкка ишенимдүү бойдон калат деп ишендирип кетемин.